https://sputnik.kg/20200623/tulobaev-ooru-azajbasa-bishkekti-zhapkanga-tuura-kelerin-ajtty-1048767199.html
Мэрия: коронавирус азайбаса Бишкекти жапканга туура келет
Мэрия: коронавирус азайбаса Бишкекти жапканга туура келет
Sputnik Кыргызстан
Балбак Түлөбаев оорунун эң көп табылган учуру июндун аягына туура келерин айтты. Ал эми Бишкекте коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандар 1 342 адамга жетти. 23.06.2020, Sputnik Кыргызстан
2020-06-23T14:46+0600
2020-06-23T14:46+0600
2021-12-15T22:39+0600
https://sputnik.kg/img/104876/71/1048767157_0:0:1281:723_1920x0_80_0_0_b228165de6aefcf2ba574180532c5036.jpg
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2020
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104876/71/1048767157_0:0:1281:805_1920x0_80_0_0_9e8d944fe407cded601e6c1be53c4276.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, бишкек, балбак түлөбаев, коронавируска байланыштуу кыргызстандагы кырдаал
жаңылыктар, коом, кыргызстан, бишкек, балбак түлөбаев, коронавируска байланыштуу кыргызстандагы кырдаал
Мэрия: коронавирус азайбаса Бишкекти жапканга туура келет
14:46 23.06.2020 (Жаңыртылды: 22:39 15.12.2021) Балбак Түлөбаев оорунун эң көп табылган учуру июндун аягына туура келерин айтты. Ал эми Бишкекте коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандар 1 342 адамга жетти.
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Эгерде 10-июлга чейин оору төмөндөбөсө, анда 15-июлда шаарды (Бишкекти – ред.), жок дегенде бир жумага жабыш керек. Бул туурасында Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев журналисттерге маек берип жатып айтты.
Видео “Короче” Телеграм-каналына жарыяланды.
"Эгерде 10-июлга чейин оору төмөндөбөсө, анда 15-июлда шаарды (Бишкекти – ред.) жок дегенде бир жумага жаап, чынжырды үзүш керек. Менин оюмча, ушул айдын аягы пик (оорунун көбөйгөн учуру) болот. Андан кийин дагы 14-14 күн карашыбыз керек. Анда дагы болбосо Бишкекти жапканга туура келет", — деди Түлөбаев.
Ал азыркы абалдан улам элден санитардык-гигиеналык эрежелерди бекем карманууну суранды.
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 3 519га жетти. Анын ичинен 2 054 бейтап айыгып чыгып, 41 киши каза тапты.