Коомдук ишмер, экс-депутат Болот Шердин сөөгү кичи мекенинде жерге берилди

© Фото / Илгиз ШерниязКоомдук ишмер, экс-депутат Болот Шер. Архив
Коомдук ишмер, экс-депутат Болот Шер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Болот Шер Жогорку Кеңештин үч чакырылышында депутат болгон. 2005-жылы спикердин орун басары болсо, 2010-жылы 7-апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөттө ички иштер министри болуп иштеген.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Болот Шердин сөөгү жерге берилди.

Буга чейин маркум өзүнүн керээзи боюнча сөөгү Талас облусунун Манас районуна караштуу Чоң-Капка айылына коюлары айтылган.

Мурдагы депутат Болот Шер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ысымы тарыхта калат! Болот Шерге бийликтегилер тарабынан жазылган некролог
Экс-депутат Болот Шер 61 жашында ооруканада көз жумду. Ал 12-июнга караган түнү инсульт алып ооруканага түшкөн. Андан кийин абалы жакшырып калганы, бирок комадан чыга электиги айтылган.

Болот Шер Жогорку Кеңештин үч жолку чакырылышынын депутаты болуп шайланган. 2005-жылы спикердин орун басары болсо, 2010-жылы 7-апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөттө ички иштер министри болуп да иштеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0