Керээзи бар... Болот Шердин сөөгү качан, кайда коюлары айтылды

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЭкс-депутат ЖК Болот Шер
Экс-депутат ЖК Болот Шер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Болот Шер Жогорку Кеңештин депутаты, төраганын орун басары болгон. 2010-жылы 7-апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөттө ички иштер министри болуп иштеген.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Болот Шердин сөөгү Талас облусунун Манас районуна караштуу Чоң-Капка айылында жерге берилет. Бул тууралуу анын бир тууган иниси, ЖК депутаты Садык Шер-Нияз Facebook баракчасына жазды.

"Баатырыбыз дагы, асылыбыз дагы Бокемден айрылып калдык... Коштошуу зыйнаты (өзүнүн керээзи боюнча) Чоң Капка айылында 23-июнда саат 11:00дө өтөт", — деп жазган бир тууганы.

Белгилүү режиссёр Камат Касенов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Белгилүү режиссёр Камат Касенов 43 жашында көз жумду
Экс-депутат Болот Шер 61 жашында ооруканада көз жумду. Ал 12-июнга караган түнү инсульт алып ооруканага түшкөн. Андан кийин абалы жакшырып калганы, бирок комадан чыга электиги айтылган.

Болот Шер Жогорку Кеңештин депутаты, төраганын орун басары болгон. 2010-жылы 7-апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөттө ички иштер министри болуп иштеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0