Экс-депутат Болот Шер дүйнө салды

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЭкс-депутат ЖК Болот Шер
Экс-депутат ЖК Болот Шер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Болот Шер он күн мурда инсульт алып ооруканага түшүп, комада жаткан. Андан кийин абалы жакшырып калгандыгы айтылган болчу.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Мурдагы депутат Болот Шер 61 жашында ооруканада көз жумду. Маалыматты маркумдун жакындары тастыктады.

Экс-депутат ЖК Болот Шер - Sputnik Кыргызстан
Керээзи бар... Болот Шердин сөөгү качан, кайда коюлары айтылды
Эске салсак, экс-депутат Болот Шер 12-июнга караган түнү инсульт алып ооруканага түшкөн. Андан кийин абалы жакшырып калганы айтылган. 

Болот Шер Жогорку Кеңештин үч чакырылышынын депутаты, төраганын орун басары болгон. 2010-жылы 7-апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөттө ички иштер министри болуп иштеген.

Ал 1959-жылы 1-майда Талас облусунун Манас районуна караштуу Пушкин айылында туулган. Артында эки уул, эки кызы калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0