Кыргызстанда дагы 78 адам коронавируска чалдыкты

© AFP / DENIS CHARLETЛаборатория кызматкери. Архив
Лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Кыргызстан боюнча COVID-19 борбор калаада көп аныкталып жатат. Андыктан бийлик шаардыктарды санитардык эрежелерди бекем сактоого чакырууда.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда 78 кишинин коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Бишкектен 50, Чүй облусунан 13, Жалал-Абад менен Талас облустарынан 10, Ысык-Көлдөн эки, Нарын дубанынан үч адамдан COVID-19 чыкты.

Учурда Кыргызстан боюнча COVID-19 борбор калаада көп аныкталып жатат. Андыктан бийлик шаардыктарды санитардык эрежелерди сактоого чакырууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0