Ош шаарынын 3D картасы түзүлүп, бир нече электрондук кызматтар ишке кирет

© Фото / Михаил ДудинОш шаары. Архив
Ош шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Калаа мэри кызматтарды электрондук системага өткөрүүнүн негизги максаты коррупция менен күрөшүү экенин белгилеген.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Ош шаарында мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү боюнча бир нече долбоорлор ишке киргизилет. Бул туурасында калаа мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Мэр Таалайбек Сарыбашов муниципалитеттин Аналитика жана тышкы байланыштар башкармалыгынын адистери менен жолугушуу өткөргөнү айтылат.

"Санариптештирүүнүн алкагында документ жүгүртүүнү, муниципалдык менчикти электрондоштуруу системасын, электрондук веб-порталды, тез жардам кызматынын электрондук системасын жакшыртуу каралган. Ошондой эле "Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык паспорту" системасы негизделип, шаардын 3D картасын түзүлөт", — деп айтылат маалыматта.

Калаа мэри бул багытта жүргүзүлүп жаткан иштердин негизги максаты коррупция менен күрөшүү жана калкка кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу экенин белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0