Борбордогу кыргыз-түрк ооруканасындагы митинг аяктады. Эмне деп чечишти

© Sputnik / Эркин СадыковБишкектеги кыргыз-түрк достук ооруканасында COVID-19 менен ооругандарды дарылоого нааразы болгон тургундардын митинги
Бишкектеги кыргыз-түрк достук ооруканасында COVID-19 менен ооругандарды дарылоого нааразы болгон тургундардын митинги - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз-түрк ооруканасы Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасындагы коронавируска кабылган бейтаптардын санын азайтуу боюнча даярдык көрүүнү улантууда.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Бишкектеги кыргыз-түрк достук ооруканасында COVID-19 менен ооругандарды дарылоого нааразы болгон тургундар саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү менен жолугушкандан кийин тарады. Митинг жыйынтыкталды.

Кош бойлуу аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Нарында 22 аялдын төрөт бөлүмдүн эшигин талкалап чыгып кетиши боюнча иш козголду
Буга чейин оорукананын жанында жашаган 60ка чукул киши нааразычылыгын билдирип чыгышкан. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев аларга барып жолуккан. Ошондон кийин чогулгандардын атынан сүйлөгөн үй комитетинин жетекчиси аларды тароого чакырган.

Үсөнбаев бул боюнча Sputnik Кыргызстан агенттигине комментарий берди.

"Биз бир пикирге келдик. Эл биздин чечимди кабыл алды, алардын сунуштары эске алынат. Тургундар дезинфекция иштерин күчөтүүнү, ошондой эле балдарды ооруканага кирип кетпөөсүн көзөмөл кылууну суранышты", — деди Үсөнбаев.

Ал кошумчалагандай, кыргыз-түрк ооруканасы Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасындагы коронавируска кабылган бейтаптардын санын азайтуу боюнча койка-орундарды даярдоону улантууда.

Буга чейин Бишкекте коронавирус жуктурган бейтаптарды дарылоо үчүн Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасынан тышкары дагы үч оорукана беленделип жатканы айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0