Бишкекте COVID жуктурган бейтаптарды дагы үч оорукана дарылай баштайт

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүГоспиталь COVID-19 в Центре мозга и нейротехнологий ФМБА России
Госпиталь COVID-19 в Центре мозга и нейротехнологий ФМБА России - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин борбор калаада коронавирус аныкталган бейтаптар Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасынан дарыланып жатышкан.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Бишкекте коронавирус жуктурган бейтаптарды дарылоо үчүн Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасынан тышкары дагы үч оорукана даярдалууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин борбор калаада коронавирус аныкталган бейтаптар аталган ооруканадан эле дарыланып жатышкан.

"Жугуштуу илдеттер ооруканасындагы жумушту азайтып, алдын алуу иштерин жасоо үчүн Саламаттык сактоо министрлиги дагы үч ооруканада коронавирус менен ооруган бейтаптарга орун даярдоону пландап жатат. Алар №6 шаардык клиникалык ооруканасы, Фтизиатрия улуттук борбору жана Кыргыз-түрк ооруканасы. Ал эми темир жол ооруканасы пневмония диагнозу менен жаткандарды дарылап турат. Буга чейин пневмония аныкталгандар №6 ооруканада жатчу", — деп айтылат маалыматта.

Коронавирустун кесепети

Город Баткен. Баткенская область - Sputnik Кыргызстан
Баткенде бейтаптардын 70%ы коронавирусту сырттан жуктурган. Облустагы абал
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 1722ге жетти. Анын ичинен 1113ү айыгып, 16сы каза болду.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0