Жумаканов: чек ара пункттарында 150гө жакын ветеринардык инспектор иштеп жатат

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевВетеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жетекчиси Калысбек Жумаканов. Архив
Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жетекчиси Калысбек Жумаканов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндөй эле Кыргызстанда дагы мамлекеттик чек аралар жабылып, көзөмөл күчөтүлгөн. Анда чек арачылардан тышкары бир катар мекемелердин адистери иштөөдө.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Бүгүнкү күндө Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын адистери 32 жердеги мамлекеттик чек ара ветеринар-көзөмөлдөө боюнча пунктунда иштеп жатышат. Бул тууралуу инспекция жетекчиси Калысбек Жумаканов брифинг учурунда билдирди.

"Пандемия башталгандан бери жалпысынан 142 ветеринардык инспектор ишке тартылып, транспорт каражаттары менен жүктөргө дезинфекциялоо иштерин жүргүзүшүүдө. Алар кол жүктөрдү текшерүү учурунда санитардык талаптар сакталбай, 30 ирет болгон эреже бузууну аныктады", — деди Жумаканов.

Анын айтымында, инспекция кызматкерлери тарабынан жалпысынан 49 363 автоунаанын жана 77 500 кол жүктөрдүн санитардык талаптарга дал келүүсү текшерилди.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны кескин өсүп, бир суткада 74 адамдан вирус табылды. Муну менен жуктургандардын жалпы саны 1594кө жетти. Коронавирустан 1066 бейтап айыгып чыгып, тилекке каршы, 16 адам көз жумду.

Бишкек шаарында медициналык бет капчан жигит автобуста бара жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавирустун экинчи толкунуна даярдык. Министрлик элге кайрылды
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдөгү абал тууралуу Sputnik Кыргызстан тексттик баяндама жүргүзүүдө.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0