КРдин Чек ара кызматы тажикстандык кесиптештерин абалды курчутпоого чакырды

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOТажик жоокерлер чек араны кайтарып жатышат. Архив
Тажик жоокерлер чек араны кайтарып жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КРдин Чек ара кызматы тажикстандык кесиптештеринин бүгүнкү атышуу боюнча берген маалыматына нааразылыгын билдирди.

БИШКЕК, 24-май. — Sputnik. Тажикстан тарап ар кыл комментарийлер менен эки мамлекеттин чек арасындагы абал боюнча кырдаалды курчутууга аракет кылбашы керек. Бул туурасында Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирүү таратты.

Посол Республики Таджикистан в КР Назирмада Ализода - Sputnik Кыргызстан
Тынчсыздантат! ТИМ Тажикстандын элчисине нааразычылык нотасын тапшырды
Эске салсак, бүгүн Баткен облусунун Баткен районунун Мойнок жерлигиндеги кыргыз-тажик чек арасында чатак чыгып, чек арачылар атышып кеткен.

Мойнок аймагына Тажикстандын Ворух анклавынын жашоочулары мал жаюуга аракет кылып, буга Кыргызстандын чек арачылары жол бербегендиги кабарланган.

Кийинчерээк Тажикстан тарап да маалымат таратып, анда кыргызстандык малчылар чек араны кесип өтүп, Согду облусунун аймагына кирип кеткен деп айтышкан.

"23-майдан тарта Тажикстандын Ворух анклавынын жашоочулары Баткен облусунун Баткен районунун Мойнок аймагына малын киргизип, жайып жиберүүгө аракет кылган. Тажикстандын Чек ара күчтөрү мыйзамсыз бул кадамдарды эки күн бою көрүп туруп, бирок ворухтуктарга карата эч кандай чара көргөн эмес. Жыйынтыгында кыргыз тараптын аскерлеринин мыйзамдуу талаптарына Тажикстан жактан Кыргызстанды көздөй ок чыгарышкан", - деп айтылат маалыматта.

КРдин Чек ара кызматы коңшу өлкөдөгү кесиптештеринин атышуу боюнча берген маалыматына нааразылыгын билдирди.

"Кыргызстандын Чек ара кызматы Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча комитетинин Чек ара күчтөрүнүн ЖМКларга бул чатак боюнча берген комментарийине таңгалгандыгын билдирет. Тажик тараптын мындай маанайдагы маалыматы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча ар кыл деструктивдүү күчтөрдү чагымчылдыкка алып барарын түшүнүшү керек", - деп айтылат таратылган билдирүүдө.

Чек ара кызматы тажикстандык кесиптештерин аталган аймактагы чатакты коңшулук жылуу мамиледе, эл аралык укуктардын жана эки тараптуу сүйлөшүүнүн алкагында чечүүгө чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0