Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан атышуу болду, азыр абал туруктуу

Жазылуу
Кыргызстандын аскерлеринен жаракат алгандар жок. Учурда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик бөлүгүндө абал салыштырмалуу туруктуу экендиги айтылды.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасында аскерлер кайрадан атышканын Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты. 

© Фото / Зульфия ТургуноваПерестрелка на кыргызско-таджикской границе. 24 мая 2020 года
Кыргыз-тажик чек арасында аскерлер кайрадан атышканын Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты - Sputnik Кыргызстан
1/2
Кыргыз-тажик чек арасында аскерлер кайрадан атышканын Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты
© Фото / Зульфия ТургуноваПерестрелка на кыргызско-таджикской границе. 24 мая 2020 года
Ага ылайык, Баткендин Мойнок аймагына Тажикстандын Ворух анклавынын жашоочулары мал жаюуга аракет кылып, буга Кыргызстандын чек арачылары жол берген эмес - Sputnik Кыргызстан
2/2
Ага ылайык, Баткендин Мойнок аймагына Тажикстандын "Ворух" анклавынын жашоочулары мал жаюуга аракет кылып, буга Кыргызстандын чек арачылары жол берген эмес
1/2
Кыргыз-тажик чек арасында аскерлер кайрадан атышканын Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты
2/2
Ага ылайык, Баткендин Мойнок аймагына Тажикстандын "Ворух" анклавынын жашоочулары мал жаюуга аракет кылып, буга Кыргызстандын чек арачылары жол берген эмес

Ага ылайык, Баткендин Мойнок аймагына Тажикстандын "Ворух" анклавынын жашоочулары мал жаюуга аракет кылып, буга Кыргызстандын чек арачылары жол берген эмес.

"Тажик тараптан белгисиз адамдар кыргыз чек арачыларын көздөй ок чыгарган. Саат 11.40тарда эки мамлекеттин чек ара нөөмөтчүлөрү кыска убакытка атышкан. Ал эми 12.20да Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматынын өкүлдөрү окуя болгон жерден жолугуп, сүйлөштү", — деп айтылат маалыматта.

Посещение военнослужащих, получивших ранения в ходе приграничного инцидента - Sputnik Кыргызстан
Чек арада жарадар болгон эки жоокер ооруканадан чыгарылды
Кыргызстандын чек арачыларынан эч ким жаракат алган эмес.

Учурда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик бөлүгүндө абал салыштырмалуу туруктуу экендиги айтылды. Тараптар окуяны териштирип жатат.

Эске салсак, 8-майда Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагындагы жергиликтүү жашоочулар Баткен районунун Чек айылында 50 сотых жерди талашып, жаңжалдаша кетишкен. Мунун айынан эки мамлекеттин чек арачылары атышып, Кыргызстандын үч жоокери ок жеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0