Ат-Башыда коронавирус жуктургандардын 90%дан ашыгы айыкты

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүДарыгер жана бейтаптар реанимация бөлүмүндө. Архив
Дарыгер жана бейтаптар реанимация бөлүмүндө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Райондо коронавирус жуктуруп алган бейтаптардын ичинен 15и медицина кызматкерлери болчу. Анын 14ү кызматта жүргөндө жуктуруп алган.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Ат-Башы районунда коронавирус жуктуруп алган 77 кишинин ичинен ооруканада жети эле бейтап калды. Бул тууралуу аталган райондун акими Нурбек Сатаров брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, аталган жети бейтап эки айылдын тургундары.

"Райондо коронавирус жуктуруп алган бейтаптардын ичинен 15и медицина кызматкерлери болчу. Анын 14ү кызматта жүргөндө жуктуруп алган. Ал эми бирөө сырттан чалдыккан. Бактыга жараша, COVID-19 табылган медиктин баары айыкты", — деди Сатаров.

Ал райондо карантин режими дагы эле күчүндө экенин айтып, Ат-Башы жана Ача-Кайыңды айылдарында үч блокпост алынбай иштеп жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Нарын облусу боюнча коронавирус жуктурган 163 учур катталса, анын 77си Ат-Башы районунан болчу. Мындан улам карантин режими алынган эмес. Азыркы тапта Нарын шаарында абал курчуп, вирус жуктургандар 65ке жетти. Мындан улам шаарга дарыгерлер тобу, министрликтин өкүлдөрү кетти.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 1111ге жетип, анын ичинен 745и айыгып чыкты. Тилекке каршы, 14 бейтап каза болуп калды.

Ситуация в Мексике из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан
COVID-19 жугуп көз жумган эки бейтаптын эмне илдеттери бар экени айтылды
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0