Ситуация в Бишкеке в связи с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан

Кыргызстанга кирген COVID-19. Өлкөдөгү кырдаал боюнча тексттик баяндама

Жазылуу
COVID-19 Кыргызстан элин да бүк түшүрдү. Бир аймакта азайса, бир облустан кайра чыгып, аягы сууй элек. Кейиштүүсү, коронавирус ымыркай, жаңы төрөгөн эне жана кош бойлууларга да жугуп жатат.

Sputnik Кыргызстан өлкөдөгү кырдаал боюнча бүгүн да окурмандарга текст, сүрөт жана видео түрүндө маалымат берүүсүн улантат.

Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
20:39 15.05.2020

Ош шаарындагы соода түйүндөрүнүн (гипермаркет, супермаркет, азык-түлүк дүкөндөрү) иштөө убактысы саат 08:00дөн 21:00гө чейин белгиленди. Тиешелүү буйрукка Ош шаарынын Жарандык коргонуунун башчысы-мэр Таалайбек Сарыбашов кол койгон.

Маалыматы Ош мэриясынын басма сөз кызматы таратты.
 

18:32 15.05.2020
18:28 15.05.2020

Кечээ Россиядан Ош облусуна коронавирус жуктуруп каза болгон мекендештин сөөгү алып келинди. Бул тууралуу Ош ОИИБдин маалымат кызматынын башчысы Жеңиш Ашырбаев кабарлады.

 

 

 

Бокс для перевозки зараженных коронавирусом - Sputnik Кыргызстан
Россиядан COVID-19 жуктуруп каза болгон үч мекендештин сөөгү алып келинди
18:26 15.05.2020
18:22 15.05.2020
17:52 15.05.2020
16:07 15.05.2020
14:12 15.05.2020
14:00 15.05.2020

СУЗАК. Аталган райондогу үч мал базар 17-майдан тарта ар жекшемби күнү иштей баштайт. Бул тууралуу райондун акими Эрмекбай Омошев билдирди.

Анын айтымында,  базарда таңкы саат 6:00дөн 11:00гө чейинки аралыкта гана соода иштери жүргүзүлөт.                                  

Барпы, Ленин, Көгарт айыл өкмөттөрү тарабынан уюштурулган базарларда мал саткандыгы үчүн, автоунаа койгондугу,  мал алгандыгы үчүн да акы талап кылынбайт. Бирок жарандар мал жандыктарынын оорулуу эместигин далилдеген ветеринардык жана айыл өкмөттөрдүн мал эсебине берилүүчү тактамаларды сөзсүз алуусу шарт.

Барпы айыл өкмөтүнүн Комсомол айылындагы мал базарга  Атабеков, Ырыс, Сузак, Кара-Дарыя, Барпы айыл аймактарынын эли бара алат.                         

 “Ленин айыл аймагындагы Орто-Сай айылында уюштурулган базарга Кызыл-Туу, Кыз-Көл, Таш-Булак, Ленин, Багыш аймактарынан барышат. Көк-Арт аймагынын Жалгыз-Жаңгак айылындагы мал базарга Кара-Алма, Курманбек, Көк-Жаңгак шаарынын фермерлеринен келгендерге шарт түзүлгөн”, - деп айтылат маалыматта.

 

13:30 15.05.2020
Прилет чартерного рейса Стамбул — Бишкек - Sputnik Кыргызстан
12:40 15.05.2020

“Жыл сайын мектептерде акыркы коңгуроону салтанаттуу түрдө өткөрүп келдик. Бирок, быйыл өлкөдөгү кырдаалды эске алып аны онлайн түрүндө өткөрөбүз. Биздин журналисттер телеканалдардан жана социалдык тармактардан кетүүчү #менбүтүрүүчүмүн же #явыпускник акцияны кое беришти. Ошондуктан бардык жылдыздарды жана белгилүү адамдарды бул акцияга кошулууну суранып кетем. Биздин бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, маанайларын көтөрөбүз!”, - билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова.

11:28 15.05.2020
11:27 15.05.2020
10:39 15.05.2020

Акыркы суткада медицина кызматкерлеринин ичинен вирус жуктуруп алганы жок. Дарыланып ооруканада жаткан эки медиктин сакайып чыкканы кабарланды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 248 учур катталды, алардын ичинен 194 медик стационарлардан айыгып чыккан.

10:39 15.05.2020

Стационарда 353 киши жатат, анын үчөө реанимацияда. Ал эми обсервацияда 1532 адам бар.

10:20 15.05.2020

Көз жумгандардын бири Бишкектеги Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасында дарыланып жаткан 55 жаштагы эркек киши. Ал эми экинчиси 84 жаштагы аял киши Нарында экени айтылды. 

Ушуну менен өлкө аймагында коронавирус аныкталып каза тапкандардын саны 14 болду.

09:50 15.05.2020

Борбор калаада жакынкы күндөрү иштей баштаган жеке ишканалардын арасынан санитардык-карантиндик эрежелерди бузгандар көп болууда. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, сатуучулар бет кап тагынбай, санитайзерлери бош турат же алар такыр жок болуп чыгууда.

Ар бир акимчиликтин мобилдик топтору жаңы ачылып жаткан ишканаларды кыдырып, текшерүүдө.

Биринчи май районунда 235 чарба жүргүзүүчү субъектилер текшерилген. Анын 59уна тиешелүү буйрук берилип, 15 миң сомго 11 протокол түзүлгөн;

Ленин районунда болжол менен 60ка жакын уюмга баш багышып, 41ине керектүү буйрук чыгарылган. 15 миң сомго 11 протокол түзүлдү;

Свердлов районунда 116 объект текшерилип, 45 санитардык буйрук чыгарылып, 9 миң сомго 5 протокол түзүлгөн;

Октябрь районунда 58 уюм текшерүүдөн өтүп, азырынча эч кандай протокол түзүлүп, сын-пикирлер айтылган эмес.

Жалпысынан 470 ишкана текшерилип, 39 миң сомго 27 протокол түзүлдү. Эреже бузууларды тезинен жоюу боюнча 145 буйрук чыгарылган.

09:47 15.05.2020

Күзгө чейин Кыргызстанда ПЦР- анализди аныктай турган сегиз лаборатория курулат. Ал ар бир облуска бөлүштүрүлөт. Бул туурасында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов парламентте билдирди.

Министрдин айтымында, жеке коргонуу каражаттары, өпкөнү жасалма дем алдыруу аппараттары сатып алынып, обсервация жайлары даярдалууда. Бул жаатта учурда тендерлер өтүп жатат.

"Алынган гранттардын эсебинен биз биринчи этап менен сегиз жугуштуу оорулар бөлүмүн оңдоодон өткөрөбүз. Экинчи этабында дагы ошончо бөлүм оңдолот. Аны менен катар эле ар бир облуска ПЦР-лабораториялар курулат. Жалпысынан сегиз лаборатория куруу планыбыз бар", — деди Абдикаримов.

Ошондой вице-премьер Эркин Асрандиев өкмөттүн антикризистик планында Саламаттык сактоо жана Өзгөчө кырдаалдар министрликтери үчүн кошумча резервдер каралганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0