Кыргызстанда бүгүн 11 адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталды

© AFP / VINCENZO PINTOКоронавируска тест жасоо үчүн алынган анализдер
Коронавируска тест жасоо үчүн алынган анализдер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирустан улам Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Ат-Башы району өзгөчө абал режиминде жашап жатат.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда дагы 11 кишиден коронавирус чыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

"Бишкек шаарында беш, Чүй облусунда үч, Жалал-Абад облусунда үч адамдан табылды. Арасында эки медицина кызматкери бар. Ушуну менен өлкө боюнча вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 906га жетти", — деди Үсөнбаев.

Бүгүнкү күндө 650 бейтап айыгып, үйүнө чыгарылды. Коронавирус табылган медицина кызматкерлеринин саны 226 болсо, анын 163ү сакайып ишине кайткан.

Ушу тапта Кыргызстанда абал кандай болуп жатканын Sputnik агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик баяндамадан билүүгө болот. 

Жаңылыктар түрмөгү
0