Медицина кызматкери - Sputnik Кыргызстан

Кыргызстанды каптаган COVID-19 боюнча акыркы кабарлар: текст, сүрөт

Жазылуу
Мындан туптуура 50 күн мурда COVID-19 Кыргызстандын жарандарынан табылган. Учурда республикада аталган инфекцияга каршы ар тараптуу күрөш уланып жатат. Бул күндөрү коронавирус жуктуруп алгандар Бишкек шаарынан көп табылууда.

Өлкөнүн бир катар шаарлары менен бир районунда өзгөчө абал режими иштеп жатат.

Sputnik Кыргызстан абал боюнча бүгүн да окурмандарга текст, фото жана видео түрүндө маалымат берүүсүн улантат.

Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
20:12 08.05.2020
17:01 08.05.2020

Жакын байланышта болгон медкызматкерлер аныкталып, баарынан ПЧР изилдөөгө мазоктор алынды, алар көзөмөлдө болушат.

Элдин арасында байланышта болгондор жок, анткени бул дарыгер акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүндө бодуп, бейтаптарды кабыл алган эмес. Ошондой эле КР Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык 10-майга чейин пландалган бейтаптарды кабыл алуу жокко чыгарылды.

Эпидемиологиялык иштер уланууда, дезинфекциялык иштер жүргүзүлгөндөн кийин бейтапкана штаттык тартипте иштей баштайт.

 

Маалыматты Республикалык штаб таратты. 

 

16:57 08.05.2020

Бишкектеги кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы коронавирус жуктуруп алгандарды дарылоо үчүн кандай учурда ачыларын Саламаттыкты сактоо министрлигинен айтып беришти.  

Строительство больницы кыргызско-турецкой дружбы в Бишкеке  - Sputnik Кыргызстан
COVID менен күрөшүү үчүн берилген кыргыз-түрк ооруканасы качан иштей баштайт
14:33 08.05.2020
13:59 08.05.2020

Дээрлик эки айдан бери эшигин кара кулпу кайтарып турган ишканалардын көпчүлүгү карантин аяктаган күндө дагы оңой менен бутуна тура албасын божомолдогондор көп. Мындан улам Sputnik редакциясы пандемия Кыргызстанда бизнестин кайсы түрүн бүк түшүрүп же токтотуп салышы мүмкүн экенин адистерден сурап көрдү.

 

Ситуация в Пекине из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Карантинден кийин ишкерликтин кайсы тармагы бүк түшөт? Адистердин пикири
13:58 08.05.2020

“Айыл Банк” ААКсы пандемия шартында кардарларын колдоо максатында 5 миллиард сомго 10 миӊ 153 кредит боюнча реструктуризациялоо жүргүздү. Бул тууралуу аталган банктын башкаруучулугунун төрагасы Бактыбек Шамкеевге шилтеме берип Республикалык штаб кабарлады.

 

Здание Айыл Банка в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
“Айыл банк” 10 миӊден ашык кишинин 5 млрд сомдой кредитин жеңилдетти
12:11 08.05.2020
11:52 08.05.2020
11:44 08.05.2020

"Бишкектин ичиндеги Жал кичи районундагы Эненени жана баланы коргоо боюнча борбор күнү-түнү иштеп жатат. Чукулунун келген бейтаптарды кабыл алып, ишин улантууда.  Суткасына 150-120 баланы жана  115ке учук кош бойлуу аялдарды кабыл алат. Аэл эми пландалган медициналык иш-чаралар токтолуп турат", - деди вице-премьер-министр Аида Исмаилова. 

10:48 08.05.2020

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин беш кызматкерине коронавирус жуккан. Бул тууралуу министрдин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

 

НПФ Исследовательский центр в Кольцово - Sputnik Кыргызстан
Дары-дармек департаментинин кызматкерлери вирусту кантип жуктурганы айтылды
10:32 08.05.2020
10:29 08.05.2020

“Соль-Илецк шаарынан келгендердин ичинен шек жараткан бир адам болгон, бирок текшере келгенде оору жуктурганы лабораториядан тастыкталган жок.

Баарын бир учурда алууга мүмкүнчүлүк болбой жатат.  541 деген көп адам. Анализди бөлүп, бөлүп, чекесинен алып жатабыз”, - деди Үсөнбаев.

10:23 08.05.2020

Үсөнбаевге маалымат жыйын учурунда жогорудай суроо берилди.

"224 медицина кызматкери ооруну жуктуруп алып, 60ка чукулу дарыланууда. Калганы ишке кайтып келүүдө. Айыгып чыккандан кийин иштегенден баш тарткан медиктер болгон жок", - деп жооп берди Үсөнбаев. 

10:18 08.05.2020

"Күч түзүмдөрүнүн оору жуккан кызматкерлеринин саны 12 болгон, андан кийин, 3, андан соң 7 учур болду.

Азыр дагы эпидемиологиялык иликтөө жүрүп жатат. Оору менен байланышта болуп калгандыктан, жуктуруп алышкан", - деди Үсөнбаев.

10:16 08.05.2020

Үсөнбаев: РСК банкынын кызматкери ооруп калган адам менен байланышта болуп,  коронавирус жугуп, азыр айыгып кетти. Экинчиси Чаткалдагы филиалынын кызматкеринин чыккан. Учурда ал ооруканада дарыланып жатат.

10:09 08.05.2020
10:08 08.05.2020

Бишкек ш. – 5
Чүй облусу - 3
Жалал-Абад облусу - 3

10:07 08.05.2020
10:05 08.05.2020
10:05 08.05.2020
10:02 08.05.2020
10:02 08.05.2020
10:02 08.05.2020
10:02 08.05.2020
09:56 08.05.2020

Жумага караган түнү Кыргызстандын өзгөчө абал режими киргизилген аймактарында коменданттык саатты 163 киши бузуп, тогуз автоунаа айып короого киргизилди. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Служба в ГУГССО - Sputnik Кыргызстан
Түндө 163 киши коменданттык сааттын эрежесин бузуп кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0