Айына 150 миң сом тапкан 18 жаштагы балага таасирленгем. Ишкер Жаманбаевдин маеги

© Sputnik / Асел СыдыковаИшкер, курулуш компаниясынын башкы директору Медер Жаманбаев
Ишкер, курулуш компаниясынын башкы директору Медер Жаманбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан 15 жыл мурун өз алдынча каражат табууну каалаган мектеп окуучусу корейлердин айдоо талаасында бадыраң, помидор, сабиз отоп иштеп, күнүнө 75 сом тапчу. Ошондон кийин ал жакшы билим алып, келечекте кара жумушта иштебейм деген максат койгон.

Азыр 28 жаштагы Медер Жаманбаев ийгиликтүү ишкер, курулуш компаниясынын башкы директору. Бирок ушул даражага жеткенге чейин ал официант, унаа жуугуч, сатуучудан баштап, кийин достору менен жарнама компаниясын ачып, ломбард, интернет-дүкөн, авиакасса, эмерек салонун иштетип, айтор, баш-аягы 23төй тармакта эмгектенген. Бир нече жолу болбосо да алдыга койгон максатынан баш тарткан эмес.

© Фото / из личного архива Медера ЖаманбаеваМедер Жаманбаев: кичинемден компьютерге кызыкчумун. Ишкер болом деп ойлогон эмесмин.
Айына 150 миң сом тапкан 18 жаштагы балага таасирленгем. Ишкер Жаманбаевдин маеги - Sputnik Кыргызстан
Медер Жаманбаев: кичинемден компьютерге кызыкчумун. Ишкер болом деп ойлогон эмесмин.

— Медер, айтсаңыз, 13 жашыңызда талаада иштеп калганыңызга эмне себеп болгон?

— Апам өз алдынча иштеп окууга жана кийимге акча табууга үйрөн дегенинен каникул учурунда досторум менен жумуш издеп калдык. Окуучуларды ким жумушка алмак эле. Айтор, корейлердин талаасында сабиз, бадыраң, помидор отоп, эртең мененки алтыдан кечки сегизге чейин иштеп, күнүгө 75 сомдон алчубуз. Талаада иштеп көрүп, ошондо кара жумуш эмне экенин билдим. Андан соң тазалоочу каражаттар кампасында жүк ташып эки ай иштедим. Ошентип 9-класста лицейдеги окуумдун контрагын төлөп, кийим сатып алдым. Келечекте минтип кыйналып иштегим келген жок, алдыга максат коюп, сабактарды да жакшы окуй баштадым.

— Ишкерликке кандайча аралашып калдыңыз?

— Негизи 22 жашка чейин ишкер болом деген такыр оюм болгон эмес. Кичинемден компьютерге кызыгып, Кыргызстандагы мобилдик операторлордун биринин техникалык директору болууну кыялдангам. Ошентип бул чөйрөгө жакшы эле аралашып, 500 доллар айлык алып иштеп баштадым. Бул мен үчүн өтө чоң акча болчу. Ошол учурда тренингге барып калып, ишкерлик менен алектенген 18 жаштагы бала айына 150 миң сом каражат тапканын угуп, өзүмдү жашоодо бир нерседен артта калып калгандай сездим. Ошондон кийин гана ойлорум өзгөрүп, бизнеске кадам таштадым.

© Sputnik / Асел СыдыковаМедер Жаманбаев: "Татып көрмөйүнчө, эмнеге жөндөмдүү экениңди билбейсиң" деген макал мага тиешелүү болду окшойт. 23 тармакта өзүмдү сынап көрүптүрмүн. Азыр сатуучулук тажрыйбам жакшы натыйжасын берип жатат.
Айына 150 миң сом тапкан 18 жаштагы балага таасирленгем. Ишкер Жаманбаевдин маеги - Sputnik Кыргызстан
Медер Жаманбаев: "Татып көрмөйүнчө, эмнеге жөндөмдүү экениңди билбейсиң" деген макал мага тиешелүү болду окшойт. 23 тармакта өзүмдү сынап көрүптүрмүн. Азыр сатуучулук тажрыйбам жакшы натыйжасын берип жатат.

— 2015-жылы CityBike компаниясын ачкан экенсиз. Бул идея кандай жаралды? Дагы кайсы тармактарда өзүңүздү сынап көрдүңүз?

— Бул менин алгачкы чоң социалдык долбоорум. Италияда магистратурада окуп жүргөн учурда Европа мамлекеттеринде веломаданият катуу өнүккөнүн байкадым. Велосипеддин ден соолукка, экологияга пайда алып келе турган көп жакшы жактары бар. Кыргызстанга келгенде дароо ушул долбоорду досторум менен колго алдык. Албетте, ишти баштоого чоң акча керек болчу. Инвестор издедик, тапкан жокпуз. Бирок башка майда жумуштарда иштеп, акча топтоп туруп, анан кириштик. Сырттан 60 велосипед алып келип шаардын төрт жеринде ижарага бере баштадык. Мунун жакшы жагы, мисалы, Политехте окусаңыз, ал жерден велосипед тээп кетип, артка келип убара болбой, филармониянын жанындагы ижарага берчү жерге таштап койсоңуз болот эле. Ошол учурда баасы саатына тогуз сомдон жогору турчу. Бир жылдай иштеттик, чыгымдарын толук жапкандан кийин токтоттук. Себеби өтө чоң жоопкерчиликти сездик, адамдардын, өспүрүмдөрдүн коопсуздугуна түйшөлчүбүз. Андан башка да бир топ жакта эмгектендим. Эстеп көрсөм официант, унаа жуугуч, жүк ташыгыч, сатуучу, курулуш тармагында иштептирмин. Кийин досторум менен жарнама компаниясын ачып, ломбард, интернет-дүкөн, авиакасса, эмерек салонун иштетип, айтор, баш-аягы 23төй тармакта иштеген экенмин. "Татып көрмөйүнчө, эмнеге жөндөмдүү экениңди билбейсиң" деген макал мага тиешелүү болду окшойт. Азыр сатуучулук тажрыйбам жакшы натыйжасын берип жатат. Себеби ар бир ишкер өзүнүн идеясын, долбоорун же продукциясын сата билиши керек. Кагылып-согулуп жатып, учурда акыркы төрт жылдан бери курулуш жаатында ремонт, куруу, ички жана ландшафттык дизайн менен алектенип келем.

— Тилектер максатты туура коё билүү менен эле аткарылабы?

— Мен негизи окуганды, билимимди тереңдеткенди жакшы көрөм. Бир эле төртүм болбосо мектепти эң жакшы деген баа менен бүтүрдүм. Андан кийин төрт жогорку билим алганга үлгүрдүм. Алсак, инженер, маалымат базасын башкаруу боюнча инженер, юрист жана учурда төртүнчү курста прорабдын окуусун окуп жатам. Ал эми бизнес менен алектеген адам өзүн-өзү өнүктүрүп туруусу зарыл. Алсак, иште ар кандай жагдайлар болот, кээде утасың, кээде утуласың. Билим ийгиликке бара жаткан жолду жеңилдетет. Мисалы, он жылда жете турган деңгээлге билим менен эки-үч жылда эле жете аласың. Ошондуктан жылына тапкан каражаттын жарымын окууга жумшайм. Андан тышкары ушул тармакта бир топ жылдан бери эмгектенип келген чоң ишкерлердин тажрыйбасын да үлгү катары колдоном.

© Sputnik / Асел СыдыковаИшкер: Дүйнөлүк статистиканы алып карасак, инвестор менен иш баштагандардын ондон тогузу күйүп кеткен. Себеби тажрыйбанын аздыгынан акчаны туура эмес бөлүштүрүшкөн. Менин оюмча, алгачкы эки-үч жыл адам чогулткан каражатына иш баштаганы оң.
Айына 150 миң сом тапкан 18 жаштагы балага таасирленгем. Ишкер Жаманбаевдин маеги - Sputnik Кыргызстан
Ишкер: Дүйнөлүк статистиканы алып карасак, инвестор менен иш баштагандардын ондон тогузу күйүп кеткен. Себеби тажрыйбанын аздыгынан акчаны туура эмес бөлүштүрүшкөн. Менин оюмча, алгачкы эки-үч жыл адам чогулткан каражатына иш баштаганы оң.

— Жогоруда бир ишти баштоого чоң каражат керектигин жана инвестор издегениңизди айттыңыз. Азыр стартаперлер ушул маселеге көп кабылышат. Чындыгында эле инвестордун каражатына бизнес ачса болобу?

— "Инвестордун акчасы көп, жаңы бизнеске салым кошуп койсо эч нерсе болбойт" деп мендей ойлонгон адамдар көп окшойт. Ооба, мен да алгач ушинткем. Азыр алгачкы ишти инвестор менен баштабаш керек деп айтар элем. Биринчиден, тажрыйбаңыз аз, бизнес-процессти толук билбегендиктен каталар көп болот да ишиңиз жүрүшпөй калышы мүмкүн. Дүйнөлүк статистиканы алып карасак, инвестор менен иш баштагандардын ондон тогузу күйүп кеткен. Себеби тажрыйбанын аздыгынан акчаны туура эмес бөлүштүрүшкөн. Менин оюмча, алгачкы эки-үч жыл адам чогулткан каражатына иш баштаганы оң, жок дегенде тажрыйба топтоп, бул тармактын аркы-берки жагын өздөштүрүп алат. Андан кийин гана инвестор жөнүндө ойлонсо болот. Бизнес кылганыма алты жылдай болуп калды, мен азыркыга чейин инвестор менен иштегенден кооптоном. Жоопкерчилик өтө чоң.

— Кыргызстанда курулуш компаниялар көбөйүп жатат. Бул тармакта атаандаштык күчтүү болсо керек. Сиздин ишкана эмнеси менен өзгөчөлөнүп турат?

Чүйлүк жеке ишкер Күлчоро Аксакалов - Sputnik Кыргызстан
Сарайдагы малчыларды онлайн көзөмөлдөйм. 28 жаштагы элеттик ишкер менен маек
— Конкуренция аябай жакшы нерсе. Атаандаштыкты сунуш жаратып, ал эми атаандаштыктын өзү сапатты шарттайт эмеспи. Биздин рынокто 50дөй түздөн-түз конкурентибиз бар. Андан тышкары 550 бригада иштейт. Алардын артыкчылыктарын карап, байкап турабыз. Ошого жараша биз алардан башкачараак, жакшыраак кызмат көрсөткөнгө аракет кылабыз. Албетте, рынок өтө чоң, азыр суроо-талап көп, баарына жумуш жетет.

— Командаңызда канча адам иштейт?

— Биздин Alladin Строй деп аталган компаниябызда 70 мастер-жасалгалоочу, ошондой эле беш башкы электрик жардамчылары менен жана беш сантехнигибиз болуп, жалпы 90-95 кызматкер бар. Административдик персоналда сатуучулар, эсепчи, администрация, мени менен чогуу жети адам иштейбиз. Азыркы учурда курулуш тармагында иштеген адистер көп жана айрымдары жумушсуз жүрүшөт. Мен болушунча жумуш ордун көбүрөөк кылганга аракет кылып жатам. Негизгиси кардарларга жогорку сапаттагы кызмат көрсөтүү жана адамдарды жумуш менен камсыз кылуу максатын койгом.

© Фото / из личного архива Медера ЖаманбаеваИшкер Жаманбаев: Негизгиси кардарларга жогорку сапаттагы кызмат көрсөтүү жана адамдарды жумуш менен камсыз кылуу максатын койгом.
Айына 150 миң сом тапкан 18 жаштагы балага таасирленгем. Ишкер Жаманбаевдин маеги - Sputnik Кыргызстан
Ишкер Жаманбаев: Негизгиси кардарларга жогорку сапаттагы кызмат көрсөтүү жана адамдарды жумуш менен камсыз кылуу максатын койгом.

— Учурда жаш муун көбүрөөк ишкерликке ыктап калышты. Баарынын көксөгөнү жеке иш ачуу. Эмне сунуш айтар элеңиз?

— Дароо эле айтып коёюн, ишкерлик — бул өтө татаал жол, кыйын иш. Мага башында аябай оңой сезилген. Бизнес-тренер Талант Мурзаев ар бир бизнесмен эки мыкты мүнөзгө ээ болушу керек деп айтканы бар. Биринчиден, бул мотивация, үй же унаа сатып алышым керек же чет мамлекетке баргым келет деген сыяктуу алдыга койгон так максат болушу абзел. Бул каражат табуунун негизги себеби. Экинчиден, дисциплина болушу зарыл. Себеби мотивация бир күн бар, эртең жок болуп калат. Эртең менен туруп эле кечээги каалоо, кыялдар жалп өчүп, эч нерсеге көңүлүң тартпай калышы мүмкүн. Дисциплина мына ушундай учурда жоопкерчилик менен өз учурунда жумушту аткарууга жардам берет. Андан тышкары бир ишти баштасаңыз сөзсүз сиз кайсы бир жагын мыкты билген адис болушуңуз керек. Менин учурумда жакшы сатуучу болгонум артыкчылыгым болуп берди.

— Алдыга койгон пландарыңыз менен бөлүшүп кетсеңиз?

— Учурда курулуш компаниябыз Бишкекте ремонт иштери менен алек. Алдыда компаниянын филиалдарын Ош шаарына, Казакстандын Алматы, Нур-Султан шаарларына ачуу максатым, кыялым бар. Кошумчалай кетсем, ар бир ишкер кыялкеч болгонду да билиши керек экен. Ошондой эле 3-4 жылдын ичинде көп кабаттуу үйлөрдү куруп баштоону ойлоп жатабыз. Буга болгону убакыт жана тажрыйба керек. Азыр болушунча тажрыйба топтоп жатабыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0