Акын, журналист Зайырбек Ажыматов 44 жашында дүйнөдөн өттү

© SputnikАкын Зайырбек Ажыматов
Акын Зайырбек Ажыматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал журналистикадагы эмгек жолун 1998-жылы "Асаба" гезитинен баштаган. Азыркы тапта "Азаттык" радиосунда иштеп жаткан.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Акын Зайырбек Ажыматов мезгилсиз дүйнөдөн өттү. Маалыматты жакындары тастыктады.

Акын Зайырбек Ажыматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жолдор гана түгөнбөйт бул өмүрдө... Зайырбек Ажыматовдун кеп казынасы
Зайырбек Ажыматов 1976-жылы 27-майда Аксы районунун Ак-Жол айылында төрөлгөн. 1993-жылы айылдык орто мектепти, 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

"Жалгыздык", "Мелмил", "Нөлү көп жылдар", "Жүрөктөгү бороон" ыр жыйнактарынын автору.

Журналистикадагы эмгек жолун 1998-жылы "Асаба" гезитинен баштаган. Андан кийин "Кыргыз Туусу", "Бишкек таймс" гезиттеринде, КТРКнын радио тармагында иштеген. Азыркы тапта "Азаттык" радиосунда иштеп жаткан.

КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамы ыйгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0