Кыргызстанда 12 милиция кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бирөө реанимацияда

© REUTERS / VLADIMIR PIROGOVУкук коргоочу кызматкерлери Бишкектеги блокпостто турган учурда. Архив
Укук коргоочу кызматкерлери Бишкектеги блокпостто турган учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иликтөөнүн жыйынтыгында тартип сакчылары коронавирус жуктурган адамдар менен байланышта болгону такталды.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Кыргызстанда укук коргоо органдарында иштеген 12 кызматкерден коронавирус табылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда айтты.

Эске салсак, өлкөдө бир суткада 22 кишиден коронавирус чыккан.

"Акыркы маалыматтар боюнча, 12 милиция кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бардыгы ооруканада дарыланып жатышат. Алардын бири азыркы учурда реанимацияда. Иликтөөнүн жыйынтыгында бардыгы коронавирус жуктурган адамдар менен байланышта болгону такталды", — деди Үсөнбаев.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 612ге жетсе, 254ү айыкты. Коронавирус жуктуруп алгандардын ичинен 157си медиктер. Илдет жети адамдын өмүрүн алган.

Коопсуз бет капчан шаардыктар жабык кафенин жанында өтүп бара жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бир суткада КРде коронавирус жуктурган 38 бейтап айыгып чыкты
Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаарлары жана Кара-Суу, Ноокат, Сузак, Ат-Башы райондоруна өзгөчө абал жарыяланып, кечки саат 21.00дөн 6.00гө чейин коменданттык саат киргизилген.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Мындан тышкары, Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0