Көзөмөл пунктта турган ИИМ кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан

Кыргызстан жана коронавирус: соңку кабарлардын сүрөт жана видео баяндамасы

Жазылуу
Кыргызстанды COVID-19 каптаганына бүгүн туптуура 20 күн болду. Ооруну жуктуруп алгандардын саны жалпысынан 147 адамга жетип, анын экөө көз жумса, тогуз киши жакшы болуп кетти.

Тилекке каршы, тогуз дарыгер коронавирус жуктуруп алса, бир нече медициналык кызматкер карантинге алынган.

25-марттан баштап өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдан улам Кыргызстанда өзгөчө кырдаал режими иштеп жатат. Ал эми Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондоруна 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген.

Sputnik Кыргызстан абал боюнча бүгүн да окурмандарга текст, фото жана видео түрүндө маалымат берүүсүн улантат.

Мазмуну
18:07 06.04.2020
09:25 06.04.2020
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
21:01 06.04.2020
20:43 06.04.2020

"17 адамдын экөө ИИМдин ооруканасына, үчөө Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылып, 12си обсервацияга алынды", - деп айтылат республикалык штабдын маалыматында. 

 

19:35 06.04.2020
19:28 06.04.2020
19:03 06.04.2020

да Зануссо 1918-жылы "испанка" деп аталган илдетке кабылып айыккан. Убагында бул дарттан 50 миллиондой адам көз жумган. Ада коронавирусту карылар үйүнөн жуктуруп алган.

 

Дом престарелых в Париже - Sputnik Кыргызстан
Кезинде "испанка" дартынан айыккан 104 жаштагы кемпир коронавирусту да жеңди
19:00 06.04.2020
17:09 06.04.2020
16:05 06.04.2020

Элчилик Мекенине кайтууну каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын гана тизмесин түзүүдө.

15:46 06.04.2020

Мындан ары электрондук түрдө ким кандай максатта шаарда жүрүүгө уруксат сурап жатканы туурасында жазуу түрүндө билдирүү жибериши керек.

 

Временные ограничения на въезд в Бишкек из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Тиешелүү кызматкерлерди ташуу үчүн уруксат алуу жеңилдеди. Жол-жобосу
14:27 06.04.2020

Республика боюнча жазгы айдоо 291,1 миӊ гектар аянтта жүргүзүлгөн.

"2020-жылдын 3-апрелине карата күздүк кылкандуу дан эгинди азыктандыруу жер-жерлерде жүргүзүлдү. Тапшырма 89,2 миӊ гектар аянтка аткарылды. Тагыраагы, 74,7 пайыз болду. Бул 2019-жылга салыштырмалуу 11,1 миӊ гектарга көп”, - деп билдирди Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев.

 

14:03 06.04.2020

Учурда Нарын облусунун аймагында 12 санитардык-карантиндик посттор коюлган. Алар - Нарын шаарында - 3, Нарын районунда - 2, Ат-Башы районунда - 3, Ак-Талаа районунда - 1, Кочкор районунда - 1, Жумгал районунда – 2. Бул жерлерде күнү-түнү ички иштер органдарынын, саламаттыкты сактоо министрлигинин, ӨКМдин жана башка күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери коронавирус илдетинин жайылышын алдын алууга багытталган бирдиктүү иштерди алып барууда.

Маалыматты ИИМ таратты. 

Ситуация в Нарыне из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
13:49 06.04.2020

Ош облусунда үйлөрдүн, мекемелердин имараттаны, талааларды залалсыздандыруу жумуштары дрондор жана дельтапландар аркылуу жүргүзүлө баштады.

Ош облусунун аймагында коомдук жана эл көп чогулган жайларга, көчөлөрдө дезинфекциялоо иштери тынымсыз жүргүзүлүп жатат. Карантиндик посттордо ар бир өткөн унааны дезинфекциялоо талабы коюлган.

Маалыматты Ош мэриясынын басма сөз кызматы таратты. 

12:52 06.04.2020

Айрым ЖМКлар каза болгон киши жакын арада Кыргызстанда үйлөнүү тойго катышып баргандан кийин абалы начарлаганын жазган.

 

Ситуация в Чите в связи с коронавирусом  - Sputnik Кыргызстан
Тажикстанда Кыргызстандан COVID-19 жуктуруп барган киши өлдүбү? Бийликтин жообу
12:26 06.04.2020

“Блок-посттордон куран окутуп келе жатабыз деген фактыларды текшере келгенде, бир тобу калп болуп чыгып жатат. Андыктан жалган айтууну токтотуп, үйдө болуп турасаңыздар”, - деди Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районун коменданты Жеңиш Жоробеков түз эфир учурунда суроолорго жооп берип жатып.  

12:14 06.04.2020

“Папан айылында постто турган баланын сабалгандыгы боюнча учурда териштирүү жүрүп жатат. Ага кол салгандар табылды”, - деди Матраимов.  

12:11 06.04.2020

“Райондо төрт жерге кампа уюштурганбыз, азык-түлүк ошол жерден айылдарга таратылып жатат. Райондо 350-400 каптан ун чыгарылат. Тамак-аштын баасы көзөмөлдө”, - деди Кара-Суу районунун акими Тилек Маматалиев

12:10 06.04.2020

“Ноокат районунда 38 пост коюлган. Саясий кырдаал туруктуу, жазгы-талаа иштери аягына чыгайын деп калды. Айыл өкмөттөр азык-түлүк сатуучулар менен сүйлөшүүнү өздөрү жүргүзүп, камсыздап жатышат. Саламаттыкты сактоо кызматкерине маршруткалар уюштурулган,- деди Ноокат районунун акими Давранбек Маматалиев.

11:55 06.04.2020
11:32 06.04.2020

“Карантиндик аймакта турган жарандардын аларды кармоону негизсиз деп эсептеп, видео кайрылууларын эске алып, алар өзүнүн айлана-чөйрөсүнө кандай коркунуч алып келерин далилдеген мисал келтирсек.

Коронавирустан каза тапкандардын бири – Ош шаарынын тургуну оорулуу менен байланышта болгон, анын чет өлкөдөн келген аялынан COVID-19 чыккан. Бирок ал өзүн жакшы сезип, анда оорунун белгилери да болгон эмес. Ал эми жанында болгон күйөөсү илдетке чалдыгып, көз жумган”, - деп айтылган республикалык штабдын маалыматында.

11:26 06.04.2020

Орозалиев: Шаар ичинде 1,5 чакырымдан ашык аралыкка чыгууга чек койгонбуз. Эгерде ал жерде дүкөн болбосо, маршруттук барачаны толтуруу керек.

11:15 06.04.2020

Орозалиев: Сөөк көмүүгө баруу боюнча айтсам, маселе жаралбашы керек. Маршруттук баракча толтурулуп, бара турган же анык болушу зарыл. Адамдын өлгөнү боюнча күбөлүктүн көчүрмөсү болушу керек.

11:12 06.04.2020

 "Бишкекте өткөн түнү коменданттык сааты 66 адам бузса, алардын алтоо аял, 60ы эркек киши. Алардын арасында бир өспүрүм жана чет элдик бир жаран болду", - деп билдиришти штабдан.  

10:57 06.04.2020
10:38 06.04.2020

5-апрелден 6-апрелге караган түнү Кыргызстандын өзгөчө абал киргизилген аймактарында коменданттык саатты 78 киши бузуп, бир дагы унаа айып короого киргизилген жок. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Кечээ коменданттык сааттын талаптарын бузгандардын саны:

Бишкек шаарында — 66;
Ош шаарында — 2;
Жалал-Абад шаарында — 6,
Сузак районунда — 2,
Кара-Суу районунда — 2.

Ноокат районунда эч ким бузган эмес. 

 


 

10:30 06.04.2020

Адистин айтымында, респиратордук оорулардын эпидемиясы адатта жылдын ысык эмес мезгилдеринде болот. Бирок бул вирус жогорку температурада өлөт дегенди түшүндүрбөйт.

 

Весна в Крыму - Sputnik Кыргызстан
Жаздын жылуулугу коронавирусту жеңе алабы? Вирусологдун жообу
10:29 06.04.2020

Ош облусунда – 47
Бишкекте – 5
Чүй облусунда – 1
Нарын облусунда – 1
Ысык-Көл облусунда – 1
Баткен облусунда – 1
Жалал-Абад облусунда – 13

10:24 06.04.2020

Абдикаримов: эки бейтап кечээ, 5-апрелде каза болду. 

Коронавирус аныкталып көз жумгандардын саны буга чейинкилерди кошкондо төрт адамга жетти. Мурдагы эки адам Ноокат районунун тургундары эле. 

10:23 06.04.2020

Жалал-Абад облусу - 80
Ош облусу - 94
Бишкек - 25
Баткен облусу - 4
Нарын облусу - 5
Ысык- Көл облусу - 3
Чүй облусу - 5

10:13 06.04.2020

Абдикаримов элди үйдө болууга чакырды.

"Жалал-Абадда тартип сактабай, бири-биринин үйүнө каттап жаткандар кездешип жатат", - деди министр.

10:11 06.04.2020

"Ал киши оорубаса  эмнеге ооруканада кармашыбыз керек?", - деди Абдикаримов.

10:09 06.04.2020

"Дагы 23 адамды ооруканадан чыгарууга даярданып жатабыз", - деди Абдикаримов. 

10:08 06.04.2020

 Абдыкаримов: Маалыматтарды тактабай таратып жатасыңар. Нарында жаткан, коронавирус табылган киши туурасында боюнча туура эмес  кабар тарап кетти. Ал кишиден COVID-19 табылган, бирок клиникалык белгилери жок. Ал дарыгерлер карабай жатат деп жатат. Бизге аны карабай коюуга кандай кызыкчылык бар?  Далилденген гана маалыматтарды чыгарсаңар. Болбосо, бул боюнча мыйзамда атайын жоопкерчилик каралган. 

09:58 06.04.2020
09:58 06.04.2020
09:58 06.04.2020
09:38 06.04.2020

Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан Ош шаарына 130 тонна (2600 кап) ун бөлүнүп, атайын түзүлгөн гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүү боюнча комиссиясы тарабынан бөлүштүрүлүүдө. 

Бул туурасында Ош шаарынын мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

09:31 06.04.2020

Коронавирустун алдын алуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берүү максатында Нарын шаардык мэриясынын атайын эсеби ачылып, ишин баштады.

Андыктан, эли үчүн кайдыгер карабаган замандаштар төмөндөгү номерлер аркылуу акча каражатын которуп, өз салымыңыздарды кошсоңуздар болот.

Нарын шаардык мэриясынын атайын эсеби: 4405011223000555

ИНН 00902199910191

БИК 440001 банк менен которуулар

БИК 440501 ВКП менен которуулар

Төлөө коду: 14411100

09:12 06.04.2020

БАТКЕН. Лейлек районунунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 100 тонна ун таратылды. Запаста дагы 168 тонна ун бар.
Маалыматты өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматынан кабарлашты.

09:11 06.04.2020

Жардамга муктаж жарандар 1227 кыска номерине чалса болот. Мындан сырткары, "Биз барбыз" Telegram каналы, "Жардам берем" мобилдик тиркемеси жана Facebook тармагындагы "Жардам штабы" группасына билдирүү калтыра алышат.

 

09:07 06.04.2020

"Министрликке оорукананын башкы дарыгерине карата медициналык кызматкерлердин коопсуздугу боюнча тийиштүү деңгээлде иш алып барбагандыгы тууралуу маселени иликтеп чыгып, тиешелүү чечим кабыл алуу тапшырылды", — деп айтылат билдирүүдө.

 

Заслуженный врач КР хирург Юсуп Уметалиев - Sputnik Кыргызстан
Ала-Бука райондук ооруканасынын башкы дарыгерине кызматтык иликтөө жүргүзүлөт
09:05 06.04.2020

Эки учур тең Кум шаарындагы ооруканаларда болгон. 106 жаштагы эркек киши 14 күн дарылангандан кийин ишемби күнү медициналык жайдан чыгарылган. 100 жаштагы экинчи бейтап Али Афшари ооруканадан жекшембиде чыгарылган.

 

Ситуация в Иране по случаю коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Иранда COVID-19 жуктурган 100 жана 106 жаштагы эки карыя сакайып кетти
Жаңылыктар түрмөгү
0