"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында туура эмес жолго түшүп алган кызына кантип жардам беришти билбей калган эненин каты жарыяланды.
Саламатсыңарбы? Сөз менин улуу кызым тууралуу болмокчу. Айлам кетти.
Жолдошум жүк ташуучу автоунаа айдап иштейт. Эки уул, үч кыздын энесимин. Кичүү кызыман башка балдардын баары мектепти бүтүп кетти. Өзүм болсо үй кожойкесимин. Буга чейин мектепте ашпозчу болуп иштегем.
Төрт-беш айдын ичинде окуусунун акчасын төлөп, кычырап кийинип, үйгө да акча алып келе баштады. "Жакшы иштеп жаткан экен" деп сүйүнүп койгом. Көрсө, кызым туура эмес кыздарга кошулуп, эл тоночу экен. Анысы аз келгенсип, интимдик кызмат көрсөтүп жүргөнүн уктум. Андай жолго барууга ага эмне себеп болгонун билбейм. Барчылыкта эле жашап, акчадан кем кылбай чоңойтконбуз. Муну мен үйгө кызымды милиция издеп келгенде билдим. Жүрөгүм жарылып кете жаздаган. Кан басымым көтөрүлүп, ооруканага жатып чыккам. Менин да, жолдошумдун да бир туугандары жакшы кызматтарда иштегендиктен, кызыбыздын ишин сотко өткөрбөй эптеп алып калдык. Алдап-соолап жатып кадимки жашоого алып келгенбиз. Бир жылдын ичинде кадимкидей мурдакы калыбына келип, жакшы болуп калган. Андан кийин Ысык-Көлдө пансионатта иштеп жүрүп, ошол жактан бир бала менен таанышып турмушка чыкты. Эл катары аны узатып той бердик. Күйөө балам да оор басырыктуу жакшы бала эле. Бир уул төрөп, анысы бирге чыкканда кызымдын баягысы башталыптыр. Күйөөсү менен урушуп, түндөп башка жактарга кетип калып, үйүндөгү буюм-тайымдарын сатып, ичип, айтор, анын да айласын кетириптир. Аялынын бул жоругуна чыдабаган күйөө балам болгон окуяны төкпөй-чачпай айтып, кызым менен неберемди таштап басып кетти.
Эл караган бетим жер карады. Уруштум, тилдедим, болгон жок. Баласын таштап коюп "жумуш издейм" деп күндөп-түндөп жоголот. Айткандарынын кайсынысы чын, кайсынысы калп экенин билбейсиң. Акыркы учурда атасынын урушканын да тоготпой калды.
Эмне кылсак? Кантип кызымды мурдагы, жакшынакай жашоосуна кайтара алабыз? Ага кантип жардам берем? Аргам түгөнгөндө психологго кат жазып көрүүнү чечтим.
Гүлнара Жасоолова, психолог:
— Кызыңыз үчүн санааркап жатканыңызды түшүнүп жатам. Кыз балага эненин кеңеши, анын айткан акылдары маанилүү. Бала кезинен эле алар менен сырдашып, көбүрөөк сүйлөшүп, ичинде болгон сезимдерин, ойлорун айтканга көндүрүш керек. Айрымдары апасынын убактысы жок же көңүл бурбай койгондугу үчүн "жабык" адам болуп калышат.
Балким, кызыңыз кичине кезинде экөөңөрдүн ортоңордо эмоционалдык байланыш аз болгондур. Ошол себептен да ал силердин айтканга көнбөй жаткандыр. Негизи агрессивдүү жооп бергени да ошондон болот. Кандай болгон күндө да азыр кызыңызга сиз колдоо гана көрсөтүшүңүз керек. Бирок туура эмес жолдо баратканын өзү түшүнүп, өзү психологго кайрылмайын, биз эч кандай жардам бере албайбыз. Ал үчүн сиз кызыңызды урушпай, аны менен жай отуруп сүйлөшүп, психологго барып көр деп сунуштаңыз. Дароо эмес. Алгач анын көйгөйлөрүн, эмне ойлору бар экенин угуңуз. Бара-бара акырындап психолог менен иштешүүгө көндүрсөңүз болот.
Ал да эне. Эне болгондон кийин аялдын инстинкти ойгонот. Балким, кызыңыз өз алдынча жашоого аракет кылып, чындап эле жумуш караштырып жүргөндүр. Баласы үчүн аракет кылышы мүмкүн, ошол себептен неберенин түйшүгүн толугу менен моюнга алып алуудан алыс болгула. Антпесе "ата-энем баламды карайт" деп санаасы тынч, эч нерсе ойлонбой жүрө берет.
Дагы бир нерсени баса белгилеп кетсем, "башка балдарым зымга тизгендей" деп жалгыз эле улуу кызыңарды жемелеп, күнөөлөй бербегиле. Андан көрө ага жакшы, колдоо сөздөрдү көбүрөөк айтып, бул кырдаалдан чыгып кетүүсүнө көмөк көрсөткүлө.
Эгер "Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын алкагында бугуңузду чыгарып, кеңеш алгыңыз келсе, news@sputnik.kg дарегине "Адиске анонимдик кайрылуу" деген белги менен кат жолдоңуз.