00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
В школы - без педдиплома: кто и зачем едет преподавать в отдалённые школы Кыргызстана
08:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ломбардга буюм коердо эмнелерге көңүл буруш керек, алданганда каяка кайрылса болот? Финансылык көзөмөл кызматы менен маек
09:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Подготовка к перевыборам в 13 округе: какие уроки извлечены из аннулированного голосования
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө жумушсуздукту азайтуу жана жаштарды эмгек рыногуна тартуу боюнча иштер кандай жүрүүдө?
11:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бишкек коопсуз, жашоого ыңгайлуу шаар — Башкы планда эмнелер камтылды?
13:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
12 жылдык окутуунун программасы жөнөкөйлөтүлөт — эмнелер өзгөрүүдө?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Горы любят внимательных: как кататься в горах Кыргызстана без риска
16:04
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Кулпунат Нуруйбекова: Мурда мугалим десе уялчумун азыр сыймыктанам
17:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Почему родители отказываются от лечения онкобольных детей в КР - беседа с главой отделения
18:07
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Топоз өндүрүүнү колго алуу кыргыз эт багытын өзгөртө алабы?
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
12 жылдык окутуунун программасы жөнөкөйлөтүлөт — эмнелер өзгөрүүдө?
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Келиниме "башкадан төрөп ал" деп айтсамбы?.. Кайнененин каты

© Фото / Pixabay/ Free-PhotosТерезенин жанында отурган кыз. Архив
Терезенин жанында отурган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында уул-келини балалуу боло албай жүргөн эненин каты жарыяланды.

Саламатсыздарбы? Жашым 50дөн өтүп калса да чыгынып психологго кат жаздым. Бул кадамга деле аргасыздан барып жатам.

Көйгөйү жок адам болбосо керек, сөзсүз бир нерсе чыгат. Абышкам экөөбүз деле пайгамбар жашына жетели деп калдык. Үч уул, эки кызым бар. Жашоо-шартыбыз эл катары. Буга чейин айылда турчубуз. Кийин балдарым чет жакта иштеп келип шаарга үй салышты. Абышкам экөөбүздү ой-боюбузга койбой бул жакка алып келип алышкан. Азыр улуу баламдын колундабыз. Экинчи уулум да Россияда иштеп жүрүп үйлөндү, кийин шаарга там салды.

Дороги в Хартуме - Sputnik Кыргызстан
Кызым турмушка чыкпай калабы деп корком... Эненин каты
Бирок жүрөгүмдү өйүгөн маселе бар. Экинчи уулум менен келиним сегиз жылдан бери наристелүү боло албай жатышат. Экөөнүн ынтымактуулугун айт, бири-бирин сыйлап, көзүн карап турушат. Келинимдин барбаган дарыгери, көрүнбөгөн көз ачыгы калган жок. Дарынын түрүн ичип чыкты. Өткөндө уулум дагы кошо кеткен. Буга чейин мойну жар бербей барчу эмес. Анан эле дарыгерлер кептин баары баламда экенин айтышты. Уулум өзү билбейт, келинчеги да унчукпаптыр. Уккан кулагыма ишенбей, бир топко чейин жаман болуп жүрдүм. Көрсө, балам Россияда иштеп жүргөндө табарсыгына суук тийгизип алган экен. Келинимдин апасы жок, аны да аяйм. "Наристе жытын искесем" дегенде эки көзү төрт. Кайнагасынын балдарын укмуш карайт, аябай мээримдүү. Анын уулуман кетип калышын каалабайм. 

Ошондон улам мага "башкадан төрөп алсачы" деген ой келди. Бирок аны дегеле бирөөгө айтуудан айбыгып жатам. Уулумдун балалуу боло албай калышы мага да кыйын. Бирок ортодо бала жок болсо, маселе уулумда болсо келиним кетип калабы деп корком. Анда баламдын көргөн күнү эмне болот. Эптеп бирөөдөн төрөп, уулум менен жашай берсе кандай болот деп ойлоп жатам. Айрымдар мени "бул аялды мээсинен алган го" деп ойлоп жатса керек. Анан кантем? Балдарымдын бактысы мен үчүн биринчи орунда. Мындан улам психологго кат жаздым.

Балдарыма кантип жардам бере алам. Эмне кылса болот. Келиниме айтсамбы же айтпай эле койсомбу? Мага өткөндө "ушинтип жүрө беребизби" деп четин чыгарып ыйламсырады. Ошондон бери оюм бир жерде эмес. "Балдарым балалуу болбой калабы" деп ойлонгондо түнү менен кирпик какпай чыгып жатам. Келиним "бала багып алалы" десе, уулум "өзүбүз эле балалуу болобуз" деп болбой жатыптыр. Келинимдин чүнчүгөнүн, балага зар болуп жатканын көрүп эмне кылып жардам береримди билбей жатам. Аргасыз ушул ойду ага сунуштап көрсөмбү деп жатам. Башым катты.

Гүлнара Жасоолова, психолог:

Кол кармашып турган аял жана эркек. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
40ка чыккыча кайната-кайненемен уруксат сурайбыз. Күйөөсүнө нааразы келиндин каты
--Эне катары балдарыңыздын турмушун ойлоп психологго кат жазганыңыздын өзү эле эрдик. Бирок уулуңуздун балалуу боло албай турганын, дарты бар экенин жашырбашыңар керек. Тескерисинче, эртерээк айтып, эртерээк дарыланса, балким, балалуу болоттур. Анын үстүнө уулуңуз жаш. Азыр заман илгеркидей эмес. Медицина өнүккөн, балалуу болууга шарттар көп. Бала багып алууга деле мүмкүнчүлүктөр толтура. "Ылайыктуу бала жок болуп жатат" деп жазыптырсыз. Бала эч качан ылайыктуу же ылайыксыз болуп бөлүнбөйт. "Башкадан төрөп алсачы" деген ойду түк ойлобоңуз. Аны келиниңизге айтканыңыз чекилик болот деп эсептейм. Уул-келиниңиздин үй-бүлөсүн андан башка жолдор менен деле сактап калса болот. Андан көрө уулуңуздун ден соолугун ойлоңуз.

Келиниңиз "бала багып албайм, өзүм төрөгүм келип жатат" дей турган болсо дарыгерлер, психологдор менен сизди аралаштырбай эле консультация алышы керек. Сиздин кеңеш менен бирөөнү таап, балалуу болсо, келин өмүр бою өзүн күнөөлүү сезип өтөт. Мындай жол менен балалуу болууну сиз эмес, психолог же дарыгер айтса бир жөн. Сиздин айтканыңыз ашыкча болуп калат. Бирок биринчи кезекте бул жаш үй-бүлө экен. Уулуңуз дарыланып, өздөрү аракет кылсын. Таптакыр болбой калса анан башка жолдорду караштырса болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0