Дезинфекциялоо иштерин жүргүзүп жаткан кызматкер - Sputnik Кыргызстан

Кыргызстандагы коронавирус жана өзгөчө абал: кабарлар, видео, сүрөт

Жазылуу
Кыргызстанда коронавирус табылган учурдан бери 16 күн өттү. Өкмөт аталган тумоо менен күрөшүп, аны жайылтып жибербөө үчүн болгон аракетин жасап жаткан учуру.

Ал арада бул жагдайга байланыштуу вице-премьер-министр менен саламаттыкты сактоо министри иштен кетти.

COVID-19 кыргызстандык 111 адамдан табылды. Аларды үчөө кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат. Оору чыга элек Талас облусу гана калды.

1-апрелге карата вирусу барлар менен байланышта болгон 6028 киши такталган. Өлкө боюнча обсервацияда 1588 адам жатат.

Sputnik Кыргызстан абал боюнча окурмандарга текст, фото жана видео түрүндө маалымат берип турат.

Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
19:14 02.04.2020

COVID-19 адамдын организмине киргенде эмне болот, адамдын кайсыл органына барып токтойт да, кантип көбөйөт, кантип жабырката баштайт. Бул видеодо адистер майда-чүйдөсүнө чейин токтолуп, баяндап берет. Андан кантип сактаныш керек. Эң жөнөкөй жана колдон келген ыкма – колду самындап жууш керек.  

Бул туурасында төмөнкү видеодон көрүүгө болот.

18:07 02.04.2020
17:02 02.04.2020
16:29 02.04.2020

Бүгүн, 2-апрелде, Жээнбеков Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель менен телефон аркылуу сүйлөшкөн.

 

Первая пресс-конференция президента Сооронбая Жээнбекова по итогам 2018 года - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков Европа кеңешинен коронавирус менен күрөшүүгө жардам сурады
16:18 02.04.2020

"Эгер кыргызстандыктар карантин эрежелерин так сактап, көчөгө көп чыкпай үйлөрүндө отуруп беришсе, бул вирусту 3-4 жума ичинде жеңүүгө болот", - дептир профессор.

 

Профессор, кардиолог Талантбек Сооронбаев - Sputnik Кыргызстан
COVID-19 жуккандарды дарылаган врач: карантин сакталса вирусту 3-4 жумада жеңебиз
15:53 02.04.2020
15:40 02.04.2020
15:17 02.04.2020

Пакистандын Абботабад шаарында Кыргызстандын 70, 68 жана 61 жаштагы үч жараны коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. 

Алдын ала маалыматка ылайык, бул жарандар башка алты кыргызстандык, ошондой эле бир РФ жараны менен кошо Хайбер Пахтунхва провинциясынын Абботабад шаарында даават кылып жүрүшкөн.
Азыркы учурда ооругандардын бирөө ооруканага жаткырылды, анын жанында үй-бүлөсүнүн мүчөсү бар (анда дагы коронавирус аныкталган). Үчүнчү жаран карантиндик аймакта дарыгерлердин көзөмөлүндө. Бардыгынын абалы туруктуу деп бааланууда.
Жогоруда көрсөтүлгөн жарандар Кыргызстандын Исламабаддагы Элчилигинде консулдук каттоого турган эмес, мекемеге жардам сурап өз алдынча кайрылган эмес.
КР элчилиги Пакистандын медицина мекемелери, ошондой эле укук коргоо органдары менен дайыма байланышта. 

ТИМдин маалыматы. 
 

14:01 02.04.2020
12:53 02.04.2020

Учурда коронавирус эң көп катталган Сузак районун акими Эрмекбай Омошов жарандар умрага кеткенде бул маселени жетекчи катары эске албай калгандыгын айтты.  Бул туурасында ал түз эфир учурунда билдирди.

“Башында бир маселени эске албаптырбыз. Турфирмалар аркылуу Сауд Аравиясынан аймагына көзөмөлсүз кеткендер вирусту алып кирди... Бизде январь айынан баштап эскертүүлөр берилген. Жарандарыбыз Сауд Аравиясына умрага барган мезгилде ал жактан оору катталган эмес эле”, —  деди аким Омошев. 

12:35 02.04.2020

Комендатуранын коомдук тамактануу чөйрөсүндө иштеген ишкерлерге 2700 өткөрмө кагазын бергендиги айтылды. 
"Азыр, Бишкектин тегерек-четинде айрым көйгөйлөр бар, бул маселелерди чечип жатабыз. Бул сан элди азык-түлүк менен камсыздаганга жетет", - деди Орозалиев.

12:30 02.04.2020

Орозалиев: Эгерде ишке бара турган аралык 1,5 чакырымдан алыс болсо, паспорт, маршруттук баракчасы жана тиешелүү пропуск болушу керек.

"Менин буйругумда иш алып барууга уруксат берилген тармактар белгиленген, аны эске алып коюшуңуздар керек", - деп кошумчалады ал. 

12:18 02.04.2020

"Сөөк коюу боюнча бир нече автоунаага уруксат кагаз берилет. Бирок бардык санитардык нормалар сакталышы керек", - деди Орозалиев.

12:17 02.04.2020

Орозалиев: УКМК кызматкерлери Октябрь райондук ИИБдин уруксат кагазын берип жатып пара алып жатып кармалган кызматкери боюнча тергөөнү баштады. Бишкек шаарынын комендатурасы милиция органдарынын бардык кызматкерлерин тартипти сактоого чакырат.

12:11 02.04.2020

Орозалиев: Бүгүнтөн тарта шаарда жүрүүчү уруксат кагаздарын берип баштайбыз. Андан сырткары электрондук түрү берилет. Биринчи иретте мамлекеттик органдардын кызметкерлери, медиктер, Өзгөчө кырдаалдар  миинстрлигиндегилер, санитардык-эпидемиологиялык жаатта иштегендер алат. Андан кийин калгандарга каралат.

12:08 02.04.2020

Коменданттык саат киргизилгенден бери 1076 адам кармалган.

Алардын ичинен аялдар - 145

Эркектер – 931

32 блок посттор жана 76 көчүп жүрүүчү карантиндик посттор коюлган.

12:07 02.04.2020
11:26 02.04.2020

“Жалал-Абад облусунун аймагына жана анын ичинен Сузак районуна медициналык каражаттарды алып киргендер токтоосуз кире алат”, - деди Жоробеков.

11:11 02.04.2020

Сузак районунун акими Эрмекбай Омошов түз эфир учурунда мал кармаган жарандардын коронавирус боюнча тынчсыздануусуна жооп берди. 

"Жеринде Айыл чарба департаменти жана Ветеринардык башкаруу кызматы иштеп жатат. Аларга кайрылып малды жайлоого көп санда айдап өтсөңөр болот. Мал ооруну алып жүрүүчү жан-жаныбарга кирбейт. Андыктан малды жайытка чыгаруу боюнча кооптонуунун кереги жок. Мал айдаган адамдардын санын азайтыш керектигин айттык. Массалык түрдө анализ алынат деп жатышат, бул башталса, биринчи кезекте аларды тапшырттырып, анан жогору жакка чыгаралы деп жатабыз",  - деди аким.

11:10 02.04.2020

Жалал-Абад шаары менен Сузак районунун коменданты Жеңиш Жоробеков аталган облуста кечээ түндө 18 кылмыш катталганын  айтты.

"Алардын 16сы ачылды. Кээ бир жарандар соцтармак аркылуу  жалган маалымат таратууда. Ошондой адамдар аныкталды. Иш азыр тергөөдө", - деди комендант Жоробеков.

Ал коменданттык саат киргизилген аймактакта кечээ түнү эрежени бузган 95 жаран кармалганын кошумчалады.

 

10:53 02.04.2020

"Ош облусунун аймагындагы төрөт үйүнөн чыга турган энелер менен наристелерди ошол төрөт үйдүн медкызматкерлеринин коштоосунда атайын медициналык автоунаа менен үйлөрүнө жеткирип барууга жардам беребиз”, - деди Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Нурдинов.

10:27 02.04.2020

Алар төмөнкү көчөлөр: 

Ахунбаев көчөсүнүн Бакаевден Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгү;
Суеркулов — Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн магистралга чейинки бөлүгү;
Масалиев көчөсүнөн баштап Байтик Баатырдын түндүк тарабы;
Масалиев көчөсүнөн баштап Малдыбаевдин түндүк тарабы;
Масалиев көчөсүнөн баштап Токтоналиевдин түндүк тарабы;
Масалиевден баштап Чыңгыз Айтматов проспектисинин түндүк тарабы;
Бакаев көчөсүнөн баштап Ахунбаевдин чыгыш тарабы.


 

10:15 02.04.2020
10:07 02.04.2020

Нурдинов Ош облусунун жана Ош шаарынын өзгөчө абал кирген аймактардагы квартирасын ижарага берген кожоюндарга батир акысын жашагандардан сурабай кое туруусун өтүнүп, кайрылды.

10:03 02.04.2020

Малик Нурдинов Ош шаары жана Кара-Суу жана Ноокат районундагы коменданттык саат учурундагы абал боюнча маалымат берди.

"Ош облусунда жана Ош шаарында негизинен коомдук-саясий кырдаал туруктуу. Коменданттык саатты бузганы үчүн Ош калаасында 9 жаран райондук ИИБге, комендатураларга алып келинип, протокол түзүлүп, айрымдары үйүнө кое берилди", - деди Нурдинов.

09:57 02.04.2020
09:52 02.04.2020
09:28 02.04.2020

Кыргызстанда коронавирустун жалпы катталган учуру – 116.

Алардын ичинен:
• Жалал-Абад облусунда – 54;
• Ош облусунда – 30;
• Чүй облусунда – 5;
• Баткен облусунда – 3;
• Ош ш. – 10;
• Бишкек ш. – 8;
• Нарын облусунда – 4;
• Ысык-Көл облусунда – 2

Бул маалыматтарды Республикалык штаб таратты. 

09:17 02.04.2020
09:17 02.04.2020
09:17 02.04.2020

Жалпы жүргүзүлгөн изилдөөлөр – 9618 болду.Бир сутка ичинде – 1008 адам текшерилген. 
Өлкө боюнча обсервацияда – 1708 киши жатат

09:16 02.04.2020

Экөө - сырттан келгендер. Ал эми үчөө мурда ооругандар менен байланышта болгондор. 

 

09:14 02.04.2020

5 киши кайоа жандандыруу бөлүмүндө жатат. Алардын ичинен 2 өөнүн абалы оор, жасалма дем алдырууда жатат.

Ноокатта – 2

Ош -1

Жалал-Абадда – 1

09:13 02.04.2020

Ноокат району – 2,

Ош ш. – 1,

Кызыл – Кыя ш. - 1 киши.

09:10 02.04.2020
09:10 02.04.2020
09:07 02.04.2020
09:06 02.04.2020
Жаңылыктар түрмөгү
0