Карантин маалында үй-бүлөлүк көйгөйлөр көбөйүп жатат. Психолог менен маек

© REUTERS / AGUSTIN MARCARIANБалкондо турган аял жана эркек. Архив
Балкондо турган аял жана эркек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Кыргызстан үчүн эле эмес, дүйнө эли үчүн да оор кырдаал болуп турат. Ушундай шартта жарандар психологдун кеңешине жай убакка караганда көбүрөөк муктаж.

Карантиндин адамдарга тийгизген таасиринин оң жана терс жагы туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги психолог, Европалык транзактылык анализдөө ассоциациясынын мүчөсү Ильдар Акбутин менен маек даярдаган.

© Sputnik / Табылды КадырбековПсихолог Ильдар Акбутин
Карантин маалында үй-бүлөлүк көйгөйлөр көбөйүп жатат. Психолог менен маек  - Sputnik Кыргызстан
Психолог Ильдар Акбутин

— Карантин адамдын психологиясына кандай таасир этет?

— Үй-бүлөдөгү келишпестиктердин өскөнү билинүүдө. Мага кайрылгандардан улам да байкап жатам. Буга чейин шаардык үй-бүлөлөр узак убакытка чогуу болуп көрүшкөн эмес. Кээ бир жубайлардын ортосунда кайсы бир үй-бүлөлүк көйгөйлөр, келишпестиктер жымсалданып, өздөрү да аны сөз кылуудан качып келген учурлар бар. Ал эми карантинде кааласа да, каалабаса да ошол көйгөйлөр калкып чыкты. Ортодогу чыр-чатактар айрым учурда ажырашууга да алып келет.

Ата-энелер менен балдардын ортосунда да келишпестиктер жаралууда. Мурда бири жумушта, бири сабакта же сыртта болуп келген. Адамдар банктагы насыясын, жеке бизнесин же жумушун ойлоп кабатырланганы да үй-бүлөдөгү мамилелерге терс таасирин тийгизет. Ошондой эле карантиндин канчага созуларын билбегендик да адамдарды депрессияга түртөт. Башкача айтканда, адам айлана-чөйрө менен алакасын үзүп, өзүнчө түнт тартып, ойго бата баштайт.

— Оң таасиричи?

Случаи телефонного терроризма в КР - Sputnik Кыргызстан
Кыжалат болсоңуз... Акысыз кызмат көрсөткөн психологдордун номерлери
— Жакшы жагы да бар. Буга чейин жеке маселелерин чечүүгө убакыт таппай, пландарын ишке ашыра албай жүргөндөр үчүн баарын кайрадан карап чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Жашоодогу багытын анализдеп чыгууга кенен убакыт бар. Карантинди мына ушул багытта пайдалана билген адам утушка ээ болот. Кийин жашоосу түп-тамырынан бери жакшы жакка өзгөрүп, жаңы максаттар пайда болушу толук мүмкүн. Ошондой эле интернеттеги курстар аркылуу жаңы нерселерди өздөштүрүп алууга да шарт түзүлдү.

— Балдарга эпидемия же карантин туурасында айтып берүү абзелби?

— Бул боюнча психологияда бир жактуу жооп жок. Өзгөчө кырдаал жаралганда ата-эненин жүргөн-турганы бала үчүн маанилүү. Экинчиден, баланын жаш курагы да каралат. Төрт жаштагы балага коронавирус тууралуу айтканда деле майнап чыкпайт. Болгону коркутуп алышыңыз мүмкүн. Ал эми беш-алты жаштан өткөн балдар аркы-беркини түшүнө баштайт. Мисалы, мен беш жаштагы кызыма бактерияларды интернеттен көргөзүп, алардын ичинде пайдалуусу жана зыяндуусу бар экенин айтып берем. Ушундай мультфильмдер да бар. Балдарга туура багытта, коркутпай абалды түшүндүрүүгө болот.

— Ар кандай маалыматтардан чочулап, дүрбөлөңгө түшпөө үчүн кандай кеңеш берет элеңиз?

— Паникага алдыруу качандыр бир кездеги жаныбарлар инстинктинин натыйжасы. Башкача айтканда, мурунку заманда адамдар дүрбөлөңгө түшүү менен ар кандай жаратылыш кырсыктарынан өзүн куткарып, жашап кетүүгө мүмкүнчүлүк алган. Азыр андай паникада болуу адекваттуулукка жатпайт. Себеби андай жашоо образынан өткөнбүз.

Кружки для детей в КР - Sputnik Кыргызстан
Баланын жан дүйнөсүн тарткан сүрөтүнөн билсе болот. Психологдун 9 сүрөткө анализи
Өзгөчө абал киргизилген шартта адамда тынчсыздануу болот. Негизинен дүрбөлөңгө түшкөн адамдардын таасиринен кутулуу үчүн убактылуу ошол чынжырчадан чыга туруу керек. Ар кандай жаңылыктар, маалыматтар жүктөлүүчү социалдык тармактарга кирбей туруу менен паникага алдырган жарандардын агымынан бөлүнүүгө болот. Өтө эле тынчсызданып, корккон адамдар өзүндөгү коркуу сезимин башкаларга берүү менен аны андан ары өрчүтүп жиберишет. Бул агым сизди да тең салмактуулуктан чыгарышы мүмкүн.

— Ошондо коомдук пикирге аралашпоо керекпи?

— Ишенимдүү бир маалымат булагын гана кароо керек. Ал телевизиондук эмес, басылма түрүндөгү массалык маалымат каражаты болгону оң. Күнүнө болуп жаткан жаңылыктарды билүү менен гана чектелип турсаңыз, такталбаган, тынчыңызды алган маалыматтардын селдей каптаган агымынан жабыркабайсыз. Мындайча айтканда, адам өзүн-өзү изоляцияга алуусу шарт.

— Эгер адам психологиялык жактан эмоциясын башкара албай калган абалга кептелип калсачы?

— Коркуп, кооптонуп, оюн топтой албай жаткан адамдарга психологдун жардамы керек. Ушул тапта бардык психологдор онлайн түрүндө кызмат көрсөтүүдө. Телефондон же интернеттен кат алышып да иштеп жатышат. Өзүңүз каалаган психологду тандап алыңыз да, сүйлөшүңүз. Андан тышкары, азыр дарыканалар иштөөдө. Ал жактан адамды тынчтандыруучу чөптөн жасалган жеңил каражаттарды алып ичсеңиз да болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0