Кыргызстанга Өзбекстандан гуманитардык жардам келди. Сүрөттөр

© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевӨзбекстандан келген гуманитардык жардам поезд
Өзбекстандан келген гуманитардык жардам поезд - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Гуманитардык жардам поезд аркылуу келип, 17 вагонго бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен жүктөлгөн.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Өзбекстан Кыргызстанга коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча аракеттерин колдоо иретинде гуманитардык жардам жиберди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевВ целях борьбы против распространения коронавирусной инфекции в Кыргызскую Республику из Республики Узбекистан прибыл гуманитарный груз.
Өзбекстан Кыргызстанга коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча аракеттерин колдоо иретинде гуманитардык жардам жиберди - Sputnik Кыргызстан
1/3
Өзбекстан Кыргызстанга коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча аракеттерин колдоо иретинде гуманитардык жардам жиберди
© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевВ целях борьбы против распространения коронавирусной инфекции в Кыргызскую Республику из Республики Узбекистан прибыл гуманитарный груз.
Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты - Sputnik Кыргызстан
2/3
Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты
© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевВ целях борьбы против распространения коронавирусной инфекции в Кыргызскую Республику из Республики Узбекистан прибыл гуманитарный груз.
Гуманитардык жардам поезд аркылуу келип, 17 вагонго бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен жүктөлгөн - Sputnik Кыргызстан
3/3
Гуманитардык жардам поезд аркылуу келип, 17 вагонго бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен жүктөлгөн
1/3
Өзбекстан Кыргызстанга коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча аракеттерин колдоо иретинде гуманитардык жардам жиберди
2/3
Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты
3/3
Гуманитардык жардам поезд аркылуу келип, 17 вагонго бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен жүктөлгөн

Өзбекстандын Андижан облусу боюнча Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын башчысынын орун басары Жасурбек Каримов коштоп келген жүктү Ош шаарынан өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев жана өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшан Рысбаев тосуп алды.

“Гуманитардык жардам катары 1 миң тонна ун, 7 миң комплект медициналык коргонуу костюм, 200 даана респиратор, 20 миң кол кап, 500 даана көз айнек, 200 медициналык пирометр жана 2 миң тест-системасы жеткирилди”, — деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстан жана Кытайдын желектери. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз өкмөтү Кытайдан гуманитардык жардам сурап кайрылды
Гуманитардык жардам поезд аркылуу келип, 17 вагонго бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен жүктөлгөн.

Кыргыз тарап Өзбекстан өкмөтүнө көрсөткөн жардамы үчүн терең ыраазычылыгын билдирет.

Белгилей кетсек, Өзбекстандан келген бул гуманитардык жардам Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кампасына түшүрүлөт жана тармактык мамлекеттик органдардын макулдашуусу менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0