18:01 04 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD73.9200
  • EUR82.8348
  • RUB1.0711
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (900)
2497411

Быйыл жаз Кыргызстанга башкача келди. Алгач дүйнөнү дүрбөлөңгө салган COVID-19 вирусу бизге жетпечүдөй, 90 пайыздан ашыгын тоолор курчаган кичинекей өлкө бул оорудан сыртта калчудай бейкапар элек.

“Кыргызстанда коронавирус катталды” деген маалымат тараганда аталган вирус тамаша эмес экенин сезип, ошондон тарта медицина кызматкерлеринин түн уйкусу бузулду. Өзгөчө инфекционисттер, вирусологдор күн-түн дебей иштеп жатышат. Коронавируска чалдыккандарды дарылоо үчүн атайын консилиум түзүлүп, анын жетекчилигине Мирсаид Миррахимов атындагы Кардиология жана терапия борборунун өпкө оорулары жана аллергия бөлүмүнүн башчысы, профессор Талант Сооронбаев дайындалган.

Профессор убактысынын тардыгына карабай коронавирус жуккан бейтаптардын абалы, аларды дарылоо ыкмалары жана жалпы журт үчүн пайдалуу кеңештери менен бөлүшүп, Sputnik Кыргызстан радиосуна телефон аркылуу маек куруп берди.

— Маегибиздин башында инфекция жуккан бейтаптар менен түздөн-түз иштеп жаткан дарыгерлердин абалы тууралуу сурайын. Маанайлары кандай, коргоочу костюмдар жетиштүүбү?

— COVID-19 республика аймагында катталган күндөн тарта эле ыкчам ишти баштаганбыз. Атайын түзүлгөн консилиум күн-түн дебей бейтаптар менен байланышта болуп, иштеп жатабыз. Жеринде аларды дарылап жүргөн медицина кызматкерлеринин маанайы жакшы. Коргоочу костюмдар, каражаттар азырынча жетиштүү. Ушул жерден кыстара кетейин, медиктердин мындан аркы тагдыры түздөн-түз элдин колунда. Эгер кыргызстандыктар карантин эрежелерин так сактап, көчөгө көп чыкпай үйлөрүндө отуруп беришсе, бул вирусту 3-4 жума ичинде жеңүүгө болот.

Ал эми дарыгерлердин костюмдары тууралуу айта турган болсок, дүйнөлүк стандартка жооп бере турган, коргоочу кийимдердин баары жетиштүү. Азыр калк арасында, тигүү цехтерине тиктирип эле кийгизе беришпейби деген сөздөр айтылып жатат. Ал тургай демөөрчүлөр пайда болуп, медиктерге атайын комбинезондорду тиктирип берүүгө даяр экенин билдиришүүдө. Мен мындай ыктыярчыларга терең ыраазылык билдирем. Бирок бизде бир да тигүү фабрикасы дүйнөлүк стандартка жооп бере турган уруксат алган эмес. Ошондуктан аны ким кааласа тигип келип эле врачтарыбызга кийгизип коё албайбыз. Элди бул маселени туура түшүнүүгө чакырам.

Бейтаптардын абалы медицина кызматкерлеринин маанайынан көз каранды экенин дарыгерлер жакшы түшүнүшөт. Дистанттык байланыш аркылуу күн-түн дебей байланышып турабыз. Ар бир оорулуунун күнүмдүк абалын талкуулап, андан аркы дарылануусун бекитебиз. Дарылап жаткан врачы өзү чечип, өзү билип дары жаза бермей жок. Бир таблетканы да жалпы консилиум мүчөлөрү чечет. Кызматкерлерибиз абдан ынтымакта, биримдикте күнүнө 24 саат бою тынымсыз иштеп жатышат. Биз азыр бир муштумдай түйүлүп, бир дене, бир жан сыяктуу иш алып баруудабыз. Максатыбыз бирөө гана — мекендештерибизди бул инфекциядан сактап калуу!

— Коронавирус инфекциясына чалдыккан адамдарды кандай ыкма, кайсы препараттар менен дарылап жатасыздар?

— Консилиум чечимди өзү кабыл алганы менен колдонулган дары-дармектер дүйнөлүк тажрыйбага карап пайдаланылууда. Мен жетекчи катары Кытай, Италия, Франция, Россиянын белгилүү пульмонологдору, COVID-19 вирусу менен иштеген дарыгерлер менен байланышып турам. Ар өлкөнүн бизге туура келген, ылайыкташкан методдорун алуудабыз. Мисалы, ошол эле вирусту өлтүрүүчү препараттарда COVID-19 инфекциясы жуккан бардык адамга бере бербейбиз. Эгер бейтаптын абалы жакшы болсо ага башка дарылар берилет. Биз азыр колдонуп жаткан препараттар менен Кытай мамлекети өз жарандарын дарылап, кыска убакытта жакшы көрсөткүчтөргө жетишти. Франциянын дарылоо ыкмасы бардыгынан эффективдүү деп табылды. Ошондуктан мына ушундай дүйнөлүк тажрыйбаларды биз да колдонуудабыз.

Мындан сырткары, адистерибизди жумасына бир ирет онлайн окутуп жатабыз. Ошол эле эл аралык тажрыйбаларга, методдорго таянуу менен даярдыктан өтүшүүдө.

— Өлкөдө алгачкы ирет коронавирус катталгандан бери айыгып чыккандар да бар. Ал адамдар экинчи ирет COVID-19 вирусун жуктуруп алуусу мүмкүнбү?

— Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин чечимине ылайык биздин бейтаптар оорунун симптомдору толук кетип, өзүн жакшы сезип калгандан кийин да рентгенге өпкөсүн тарттырып, кайрадан анализ тапшырып, ал таза чыкса гана үйүнө чыгарылат. Демек, бул адам толук кандуу айыкты дегенди түшүндүрөт. Ошону менен катар эле биздин өлкөдө гана эмес, жалпы дүйнө жүзү боюнча бул оорудан сакайып кеткен адамдын кайра жуктуруп алган фактысы каттала элек. Бул жаңы оору болгондуктан көп тарабы али илимге белгисиз. Учурда окумуштуулар да бул суроонун алкагында катуу иштеп жатышат. Азырынча бир жолу ооруган адамда “антитело” пайда болуп, кийинки жолу бул вирус жуккан учурларда жеңил өтүп кетет деген божомолдор гана бар.

Буюрса бул вирус да көптөгөн башка оорулардай эле адам өмүрүнө коркунуч жаратпай калат деп ишенем.

— Учурда элде бет кап тагынуу боюнча кайчы пикирлер айтылып келет. Айрымдары тагынып жүрүүнү колдосо, бир даары бет кап вирустан сактабайт деген пикирде. Дарыгер катары кандай дейсиз?

— Мен ушул жерден пайдаланып коомчулукка кайрылып кетет элем. COVID-19 — жарганаттардан адамга жугуп, коронавирустар тобундагы мутацияланган вирус. Мурда деле бул топтогу оору Кыргызстанда болчу. Жыл сайын адамдардын 20 пайызга чукулу ооруп айыкчу. Бирок анда тумоо сыяктуу жеңил гана өтүп кетчү. Азыр мутацияланып кеткендиктен коркунуч жаратууда. Вирус адамдарга аба аркылуу жугат. Ооруга чалдыккан киши чүчкүрүп, жөтөлгөндө абага тарап, сегиз сааттан алты күнгө чейин жок болуп кетпей кармалып турат. Андыктан дарыгер катары элге зарылчылык болбосо сыртка чыкпай, 3-4 жума үйдө отуруп беришсе. Бул дарыгерлерге көрсөткөн чоң жардам болот эле. Вирус адамдан адамга жукпай, жаңы ооруп калгандардын саны азайып отуруп, акыры жок болот.

Вирус биринчи кезекте аба аркылуу жуккандыктан сөзсүз түрдө маска тагынуу зарыл. Өзгөчө жөтөлүп, температурасы көтөрүлгөн адамдар бет капсыз эшикке чыкпасын. Ошондой эле тамак, мурун, көз да жабык болгону жакшы. Андагы чел кабыктарга вирустун туруп калуу коркунучу жогору. Сыртта көпчүлүк колдонгон буюмдарды кармап калышыңыз мүмкүн, андыктан желим кол каптарды да кийип алса туура болот. Колду атайын каражаттар же кадимки самын менен бат-баттан жууп туруу керек.

Медицина кызматкерлери учурда ар бир кыргызстандыктын саламаттыгы үчүн күрөшүүдө. Биз сиздердин карантиндин эрежелерин так сактаган колдооңуздарга, жардамыңыздарга муктажбыз. Бир денедей биримдикте, өз балдарынын, үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгынан жалпы журттун ден соолугун жогору коюп иштеп жаткан медицина кызматкерлери үчүн ушундай белек тартуулооңуздарды суранат элем.

Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (900)

Тема боюнча

Коронавирус менен күрөшүүдө алкоголь менен чылымды азайтуу керек. Себеби
Кандай оорулары барларга коронавирус өзгөчө кооптуу экени айтылды
Белгилер:
бейтап, Дары, оору, кол, бет кап, коронавирус, дарыгер

ЭҢ МААНИЛҮҮ