Дубайдан келишкен. Коронавирус жуктургандардын экөө – Көк-Жарда жашаган ата-бала

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкер температураны текшерип жатат. Архив
Медициналык кызматкер температураны текшерип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык жаран 12-март күнү Дубайдан баласы менен Бишкекке келген. Экөө тең үй карантининде болгону айтылат.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда коронавирус жуктурганы аныкталган 26 адамдын экөө Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Көк-Жар айылында жашашат. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, 12-март күнү Дубайдан эркек киши баласы менен келген. Экөө тең үй карантинине алынып, дарыгерлердин көзөмөлүндө турган.

"Алар эки ирет анализ тапшырган. 28-март күнү экинчи анализдин жыйынтыгы атасы менен баласы коронавирус жуктурганын көрсөттү. Азыркы тапта алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн баары карантинге жаткырылды", — деп айтылат билдирүүдө.

Коронавирус Кыргызстанда

Ситуация в Пакистан из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Нарында коронавирус жукканы аныкталган киши Пакистандан келип, Бишкекте 4 күн болгон
29-март күнү Кыргызстанда дагы 26 адамга COVID-19 инфекциясы жукканы аныкталды. Ушуну менен өлкөдө коронавируска кабылгандардын саны 84кө жетти. Алардын басымдуу бөлүгү Ош жана Жалал-Абад облустарында.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна өзгөчө абал киргизилип, кечки саат 20:00дөн кийин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Мындай режим 15-апрелге чейин уланат.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0