Дене табы түшүп, көтөрүлүп. Сузактагы коронавирус жуктургандардын абалы

© Sputnik / Алексей СухоруковДарыгер. Архив
Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда карантинде жалпысынан 410 адам жатат. Миңден ашуун киши коронавирус жуктурган сузактык тургундар менен байланышта болгон.

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев коронавирус жуктуруп алган Сузактагы үч кишинин абалы канаттандырарлык экендигин маалымат жыйында айтты.

"Үчөөнүн тең абалы канааттандырарлык, бирок дене табы бирде көтөрүлүп, бирде түшүп жатат", — деди министр.

Коронавирус жуктуруп алгандардын үчөө тең эркек кишилер экени мурда кабарланган.

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев  - Sputnik Кыргызстан
Ызы-чуу түшпөй, дайыныңарды айткыла! Министр умрадан келгендерге кайрылды
20-мартка карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны алтыга жетти. Оору кийин аныкталгандардын үчөө Ош облусунун Ноокат районунун тургундары болуп чыкты. Алар да Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген. Учурда аймактык оорукананын жугуштуу илдеттер бөлүмүндө дарыланышууда.

Ал эми Кыргызстанга коронавирусту биринчи алып кирген Сузак районунун тургундары менен кошо бир каттамда Кыргызстанга 144 адам келген. Анын экөө Өзбекстанга кетип, калган 142си изоляцияга алынган, 300дөн ашык адам карантинде. Сузак районуна өзгөчө кырдаал киргизилген. Мындан сырткары, Кыргызстан четөлкөлүктөрдүн өлкөгө кирүүсүнө чектөө койду.

Жаңылыктар түрмөгү
0