Коронавирус менен күрөшүп жаткан медиктерге кошумча акы төлөнөт

© Фото / пресс-служба Министерства здравоохранения КРУчения на случай выявления человека с коронавирусом в аэропорту "Манас"
Учения на случай выявления человека с коронавирусом в аэропорту Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчынын айтымында, учурда иштеп жаткан дарыгерлер 7-10 миң сомдун тегерегинде гана маяна алат.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламенттин жыйынында коронавирус менен күрөшүп жүргөн медиктерге кошумча маяна берүүгө 30 миллион сом бөлүнгөнүн билдирди.

Өкмөт башчынын айтымында, учурда иштеп жаткан дарыгерлер 7-10 миң сомдун тегерегинде гана айлык алат.

"Медиктер азыр оор шартта иштеп жатат. Ар биринде "оорулуу кишилер чыгып калса эмне кылам" деген чочулоо бар. 7-10 миң сом маяна алган медиктерге кошумча акы төлөө үчүн эпидемиологиялык фонддон 30 миллион сом бөлдүк. Өзүлөрү ыраазы боло тургандай маяна чегерип берели деп жатабыз", — деди Абылгазиев.

Ошондой эле өкмөт башчы коронавирус жуктурган адамдар менен тыгыз байланышта болгон 144 адамды караган дарыгерлер санитардик норма боюнча үй-бүлөсүнө жолобош керектигин кошумчалады. Андыктан аларды колдоо зарылдыгын айтып, учурда ар бирибиздин тагдырыбыз медиктердин жана өзүбүздүн колубузда экенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0