"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында уул-келини балалуу боло албай жүргөн эненин каты жарыяланды.
Саламатсыздарбы? Жашым 50дөн өтүп калса да чыгынып психологго кат жаздым. Бул кадамга деле аргасыздан барып жатам.
Көйгөйү жок адам болбосо керек, сөзсүз бир нерсе чыгат. Абышкам экөөбүз деле пайгамбар жашына жетели деп калдык. Үч уул, эки кызым бар. Жашоо-шартыбыз эл катары. Буга чейин айылда турчубуз. Кийин балдарым чет жакта иштеп келип шаарга үй салышты. Абышкам экөөбүздү ой-боюбузга койбой бул жакка алып келип алышкан. Азыр улуу баламдын колундабыз. Экинчи уулум да Россияда иштеп жүрүп үйлөндү, кийин шаарга там салды.
Ошондон улам мага "башкадан төрөп алсачы" деген ой келди. Бирок аны дегеле бирөөгө айтуудан айбыгып жатам. Уулумдун балалуу боло албай калышы мага да кыйын. Бирок ортодо бала жок болсо, маселе уулумда болсо келиним кетип калабы деп корком. Анда баламдын көргөн күнү эмне болот. Эптеп бирөөдөн төрөп, уулум менен жашай берсе кандай болот деп ойлоп жатам. Айрымдар мени "бул аялды мээсинен алган го" деп ойлоп жатса керек. Анан кантем? Балдарымдын бактысы мен үчүн биринчи орунда. Мындан улам психологго кат жаздым.
Балдарыма кантип жардам бере алам. Эмне кылса болот. Келиниме айтсамбы же айтпай эле койсомбу? Мага өткөндө "ушинтип жүрө беребизби" деп четин чыгарып ыйламсырады. Ошондон бери оюм бир жерде эмес. "Балдарым балалуу болбой калабы" деп ойлонгондо түнү менен кирпик какпай чыгып жатам. Келиним "бала багып алалы" десе, уулум "өзүбүз эле балалуу болобуз" деп болбой жатыптыр. Келинимдин чүнчүгөнүн, балага зар болуп жатканын көрүп эмне кылып жардам береримди билбей жатам. Аргасыз ушул ойду ага сунуштап көрсөмбү деп жатам. Башым катты.
Гүлнара Жасоолова, психолог:
Келиниңиз "бала багып албайм, өзүм төрөгүм келип жатат" дей турган болсо дарыгерлер, психологдор менен сизди аралаштырбай эле консультация алышы керек. Сиздин кеңеш менен бирөөнү таап, балалуу болсо, келин өмүр бою өзүн күнөөлүү сезип өтөт. Мындай жол менен балалуу болууну сиз эмес, психолог же дарыгер айтса бир жөн. Сиздин айтканыңыз ашыкча болуп калат. Бирок биринчи кезекте бул жаш үй-бүлө экен. Уулуңуз дарыланып, өздөрү аракет кылсын. Таптакыр болбой калса анан башка жолдорду караштырса болот.