Өкмөт: сырттан келе жаткан КР жарандары өлкөгө ID-карта менен киргизилбейт

© Sputnik / Жоомарт УраимовВыдача новых биометрических паспортов в КР
Выдача новых биометрических паспортов в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин мамлекеттик чек арадан эпидемиологиялык кырдаал начар болгон өлкөлөрдөн Москвага келгенин жашырып, ID-карта менен өтүүгө аракет жасаган кыргызстандыктар аныкталган.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Дүйнөгө таралып жаткан коронавирустан улам 1-марттан тарта Кыргызстанга ID-карта менен кирүүгө убактылуу тыюу салынат. Маалыматты өкмөттөн таратышты.

Чечим коронавирус инфекциясынын Кыргызстандын аймагына кирүүсүнө жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйыны учурунда кабыл алынган.

ID-карта менен кирүүгө салынган тыюу элдин коопсуздугун сактоо жана өлкө чек арасынан өткөрүүнүн учурдагы абалын көзөмөлдөөнү күчөтүү максатында киргизилип жатканы айтылды.

"Буга чейин мамлекеттик чек арадан эпидемиологиялык кырдаал начар болгон өлкөлөрдөн Москвага келгенин жашырып, Кыргызстандын чек арасынан ID-карта менен өтүүгө аракет жасаган кыргызстандыктар аныкталды. Алардын бардыгы карантинге алынды", — деп айтылган таратылган маалыматта.

Республикалык штаб өлкө жарандарын жоопкерчиликке үндөп, ден соолукка, коопсуздукка жана жарандардын бакубатчылыгына олуттуу коркунучтарды жараткан аракеттерге барбоого чакырды.

Өкмөт ар кандай сөздөргө эмес, тармактык мамлекеттик органдардын расмий билдирүүлөрүнө гана ишенүүгө чакырды. Андан сырткары, коомчулукту дүрбөлөңгө салып, жалган маалыматтарды социалдык түйүндөр жана мессенджер аркылуу тараткандарга катаал чаралар көрүлөрүн эскертти.

Бүгүн, 28-февралда, Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус кооптуулугунан улам жума намазга баргандардын санын азайтуу керектигин сунуштады.

Какие меры принимает Кыргызстан по недопущению коронавируса — прямой эфир - Sputnik Кыргызстан
Коронавирустан коргонуу үчүн Кыргызстан эмне кылып жатат. Видео
Дүйнөгө тараган коронавирустан сактануу боюнча кыргыз бийлиги чараларды көрүп жатат. Республикалык штаб кыргызстандыктарга эл көп чогулган жерлерден оолак болууну сунуш кылып жана өздүк гигиенаны сактоо зарылдыгын белгиледи.

Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарга Япония, Түштүк Корея, Иран, Италия жана Кытайга барбай турууну сунуштады.

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстандын аймагында аталган вирусту жуктуруп алган киши жок экендигин айтууда.

Анткен менен Японияда токтоп турган лайнердеги кыргызстандык коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

Бул илдеттен сактануунун бир жолу катары атайын бет каптар экенин адистер айтып келет. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы борборду кыдырып, бет каптардын тартыштыгы күч экенине күбө болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0