00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
5 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
Журналистская премия, прорыв в медицине и долгие праздники — неделя в Кыргызстане
14:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стимул
Баткен күрүчү менен ЕАЭБди багындырууну көздөгөн ишкер кыз
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
15 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Канча адам активдерди ыктыярдуу легалдаштыруу өнөктүгүнө катышты?
17:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Киноблог
Советские кинотеатры Бишкека: золотая эпоха киномехаников
18:07
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Алдыда эки майрам бар. Бул күндөрү ооруканалар менен бейтапканалар кандай иштейт

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүРабота Светлогорской районной поликлиники после капремонта
Работа Светлогорской районной поликлиники после капремонта - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдыда эки майрам бар. Бири, 8-март - Аялдардын эл аралык күнү, экинчиси, 21-март – Нооруз майрамы. Бул күндөр ишемби менен жекшембиге туш келгендиктен Sputnik агенттиги ооруканалар менен бейтапканалар кандай тартипте иштерин билип көрдү.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Эмгек башкармалыгынын адиси Мунара Кожогулова алты күндүк иш жуманын графиги боюнча иштегендердин эс алуу күндөрү кандай бөлүштүрүлөрүн түшүндүрүп берди. Бул график боюнча иштегендерге оорукана, бейтапканалар кирет.

Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстан боюнча оорукана менен бейтапканалар иштебей турганы маалым болду.

2020-жылдагы өлкөдөгү дем алыш күндөр  - Sputnik Кыргызстан
2020-жылдагы майрам жана дем алыш күндөр. Календарь
Буга нааразы болгон адамдар көп. Айрымдар соцтармакка "бүгүн ооруканалар иштебейби, эч ким алдын ала эскерткен эмес, убара болдук" деп арызданышты.

Ооруканалардын иштебей жаткан себебин Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Бишкек шаардык башкармалыгынын жетекчиси Бактыгүл Исмаилова графикке байланыштырды. Анын айтымында, ооруканалар менен бейтапканалар алты күндүк иш жуманын графиги боюнча иштейт.

"Жаңы жылдагы эс алуу күндөрү боюнча өкмөттүн токтому беш күндүк иш графиги менен иштеген мамлекеттик кызматкерлерге тиешелүү болчу. Ал эми дарыгерлер 2-январь күнү эле жумушка чыгышкан. Майрам, эс алуу күндөрүн жылдыруу бизге тиешелүү эмес", — деди Исмаилова.

Алдыдагы эки майрам — 8-март менен Нооруз дагы дем алыш күндөрүнө туш келет. Бул күндөрү дарыгерлер кандай иштей турганын Мунара Кожогулова түшүндүрдү.

"Ооруканалар менен бейтапканалар 9-март жана 21-март күндөрү эс алышат. Анткени алар алты күндүк иш жуманын графиги боюнча иштейт. Эмгек кодексинде жазылгандай, эгер майрам жекшемби күнгө туура келип калса, алты күндүк иш жуманын графиги боюнча иштегендер дүйшөмбү күнү эс алышат. Эгер майрам ишемби күнгө дал келсе, ал күн кадимкидей эс алуу күнү болот дагы, апта башында алты күндүк график менен иштегендер жумушка чыгышат. Ошондо 8-март жекшембиге дал келгендиктен, ооруканалар менен бейтапканалар 9-мартта эс алышат. Ал эми 21-март – Нооруз майрамы ишембиге туш келгендиктен, дарыгерлер ушул күнү эс алат дагы, 23-март, дүйшөмбүдө, кадимкидей иштеши керек", — деди Кожогулова.

Эске салсак, 2020-жылы кыргызстандыктар жаңы жылда 7 күн катары менен, 1-январдан 7-январга чейин эс алышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0