Баары сапатсыз! Нью-Йоркто иштеген бишкектик таксисттин баяны

© AFP 2023 / TIMOTHY A. CLARYТакси в США
Такси в США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бишкекте менеджер болуп иштечүмүн, ал эми бул жакта такси айдап жүрөм. Меники ийгилик баяны да эмес", – деп каарманыбыз маек куруудан бир жылдай баш тартып келди. Акыры өзүнүн америкалык турмушу тууралуу купуялуулук шарты менен айтып берүүгө көндү.

Маектешибиз бир нече жыл мурун үй-бүлөсү менен АКШга көчүп барган. Адегенде трак (чоң жүк ташуучу унаа) сатып алып, каттайм деп пландаган. Бирок ал жүк ташуучу унаа айдоого лицензия алган убакта бул багыттагы бизнес мурдагыдай кирешелүү болбой калат. Аргасыздан ал таксичиликти улантат.

— АКШга аттанганга чейин кайда иштечү элеңиз?

— Кесибим да, билимим да бул жактан мага жардам берген жок. Андыктан мунун мааниси жок. Жашоо кайра жаңыдан башталган.

— Эмне үчүн жер которууну чечкен элеңиз?

— Адамдар ар кыл себептер менен, көп учурда иш, коопсуздук, балдарынын келечегин ойлоп жер которушат. Бизде бул себептердин баары аралаш эле.

— Ал жакка барганча АКШны кандай элестеттиңиз эле?

Предприниматель из Кыргызстана занимающаяся паратхэквондо паратхэквондо - Sputnik Кыргызстан
Крокодил тиштеп кеткен десем ишенишчү. Бишкектик өзгөчө айымдын маеги
— Мурда эки ирет келип кеткем, ошондуктан үй-бүлөм менен көчүп барганда мени таң калтырган нерсе болгон жок. Андан тышкары, биз баарыбыз америкалык тасмаларды көрөбүз, ар кандай материалдарды барактайбыз, ар бирибиздин АКШдагы турмуштан кабарыбыз бар эле. Ошентсе да биздегидей эле башаламандык болорун күткөн эмесмин. Менимче, биз АКШны ашкере көкөлөтө мактай беребиз. Ооба, бул жакта акча көбүрөөк, мыйзам катуу, мамлекет адамдарга көмөктөшөт, бирок баары бир өз көйгөйү толуп жатат.

— Кыргызстанга караганда Кошмо Штаттарда көбүрөөк иштешеби, ошондуктан жашоо деңгээли жогорубу?

— Акча тапкысы келген мигранттар жана АКШнын жарандарынын бир бөлүгү чындап эле көп эмгектенишет. Алардын жашоосу эки гана нерседен: жумуш жана уйкудан турат. Экинчи жагынан алсак, көпчүлүгүнө иштөө пайдасыз, тутум ушундай түзүлгөн.

АКШнын жараны айрыкча либералдык штаттарда кедей турса, андан эч ким салык талап кылбайт, бекер турак жай берет, тамагына талон берет, балдарын бекер окутушат. Мамлекет андай адамдарга кам көрөт, ошондуктан эч ким ачкадан өлбөйт.

Ал ишке кирип, акча таба баштаса эле социалдык турак жай, жөлөк пул, медициналык камсыздандыруудан куру жалак калат. Башкача айтканда, жакыр жарандар эң жогорку деңгээлде акысыз дарыланат, ал эми кедей эместер түзүгүрөөк медициналык жардам алууга үй-бүлөсү үчүн айына 2000 доллардан төлөйт.

Мына ушундай кызыгы арбын система! Ооба, ал жакырларды коргоого алат, бирок өнүгүү үчүн дегеле шыктандырбайт, ошондуктан көптөгөн адамдар бул чийинден өтпөш үчүн аз иштейт. Мындай социализмди байлар дагы эмес, ортоңку катмар толугу менен төлөп берет.

Менимче, дал ушул себептен Нью-Йорктон салыгы төмөнүрөөк штаттарга көчкөн киши көп.

— Нью-Йорктон батир ижаралоо түйшүктүү экени чынбы?

— Ооба, эгер ижаралоо таржымалың жана документтериң болбосо, өтө татаал. Айрым үйлөргө жарандыгың да, дурус ишиң да бар туруп көчүп кириш кыйынчылык туудурат. Батирдин ээси кепилдик сурайт, ижаралоочу ири көлөмдөгү депозит (жарым жылдык ижара акысына барабар сумма) коюп же кепил болчу бирөөнү табууну талап кылат.

Кыргызстандын желегин көтөргөн жаштар. Архив - Sputnik Кыргызстан
14 миң долларлык айлыгын таштап... Кыргызстанды гүлдөтөм деп кайткан 6 жигит
Багыбызга биздин үй-бүлөбүзгө кепил болчу кыз табылып калды. Бул чоң жоопкерчилик, себеби кокус бир нерсе болсо, ижара акысын ал кыз өзү төлөөгө аргасыз болмок.

Батирдин кожоюну сенин кирешеңе, айлык эмес, бир жылдык маянаңдын канча экенине сөзсүз кызыгат. Нью-Йоркто дурусураак батирди ижаралоо үчүн 2 000-2 500, ал эми жылдык кирешенин көлөмү 70 миң доллардан жогору болушу шарт. Эгер жети жаштан улуу уулуң да, кызың да болсо, анда эки уктоочу бөлмө алууга мажбурсуң, бул мыйзам менен милдеттендирилет. Жакшы жагы, ижара акысын төлөй албай калсаң батирдин ээси сени жөн эле кубалай албайт. Айрыкча балалуу үй-бүлөлөрдү чыгарып салбайт. Андайда иш сот аркылуу гана чечилет.

— Матрац ыргытуу эрежелери боюнча жазганыңызды окугам. Канталасы районго тарап кетпеши үчүн аны пленка менен ороп туруп ыргытасың, антпесе 100 доллар төлөөгө аргасыз экенсиң. Ушунчалык бардар өлкө эмнеге кантала көйгөйүн чече алган эмес?

— "Бардар өлкө" деген түшүнүк кантала көйгөйүн сүрөттөөгө таптакыр төп келбейт. Баары ток, кийими бүтүн, жогорку деңгээлдеги медициналык тейлөө, калкы тегиз билимдүү — бардар мамлекет деген менин түшүнүгүмдө ушул шарттарды түзгөн өлкө. Бирок Нью-Йорктогу үйлөрдүн көбү абдан начар, балким башка ири калааларда деле ошондой чыгар. Бишкек же Москвадагы "хрущевка" дегенибиз — бул жакта сонун батир!

Турак жай кымбат, бирок абдан эски. Эгер Бруклиндин коопсуз районунан орточо батирди 2000 долларга ижаралай алсаңыз, анда жолдуусуз. Манхеттенде (Нью-Йорк шаарынын тарыхый очогу — ред.) баа мындан эки эсе кымбат.

Жаштар бир батирди толук ижаралай алышпайт, адатта алар башкалар менен бирге турушат же бөлмөдөн бир орунду ижаралашат. Интернетте андай жарыялар көп.

Детский невропатолог Жазгуль Абдыраимова - Sputnik Кыргызстан
Баланын 3 жашка чейин тили чыкпаса, врачка кайрылуу керек! Невропатологдун маеги
Батирлерде канталасы да, чычкан, келемиши да көп болот, ал эми тараканда ар бурчтан чыгат. Ишемби сайын мителерден тазалоо кызматын сунуштаган атайын жумушчу эшигиңди кагат, бирок подъездде балит жашаган бир-эки кошунаң болсо, андай аракеттен деле майнап чыкпайт. Ири калаанын ушундай табияты бар, андайга тез эле көнөсүң.

— Жергиликтүү жашоочуларга үйдө кир жуугуч машинаны орнотууга тыюу салынарын бир жерден окуган элем. Эмнеге? Эл анын айласын кантип табат?

— Чындап эле имараттардын басымдуу бөлүгүндө кир жуугуч машиналарды орнотууга тыюу салынат. Менимче, коңшулардын бири-биринин үйүнө суу каптатып жибербөө үчүн ушундай чара көрүлөт окшойт. Айрымдар чакан, көтөрүп жүрүүгө ыңгайлуу кир жуугучтарды пайдаланышат.

Чындап келсе, ал кеп деле эмес, анткени шаардын тургундарынын баары эле кир жуучу жайларга барып, жууп, кургатып алышат. Бул өзүнчө бир жөрөлгөдөй эле. Жеке мага бул процесс жагат. Ошондой эле кир жуучу жайдын кызматкерлери белгилүү бир акыга кир кийимдериңди алып кетип, жууп, үтүктөп үйгө жеткирип беришет.

— Бишкекте таксист болуу менен Нью-Йорктогу таксичиликтин айырмасы кандай?

— Бишкекте таксисттик тажрыйбам жок эле. Ал эми Нью-Йоркто баары абдан катуу тартипке салынган. Мисалы, жүргүнчү отурбаса да, сен салондо тамеки чеге албайсың. Итин жетелеген жүргүнчүнү алуудан баш тартууга акың жок. Анан, албетте, атайын лицензияң жана атайын жасалган автомобилиң болбосо таксист болуу мүмкүн эмес.

— Ошондой эрежелер бизде болсо кана, антпесе, Бишкекте таксисттер менен урушкандар көп! Баса, Нью-Йоркто такси айдагандар укмуш акча табарын кулагым чалган, чындап эле ушундайбы?

Доктор химических наук в одном из университетов в США Кайрат Сабыров - Sputnik Кыргызстан
АКШга барып окумуштуу болгон айылдык жигит. Илимпоз Сабыров менен маек
— Такси айдоо менен дээрлик ортоңку катмардын деңгээлинде жашоого болот. 12 сааттан иштегендер күнүнө 300-400 доллар табышат. Эгер бардык чыгымдарын кемитсек, тапканың саатына 25-30 доллардан (2000 сомдун тегерегинде) айланат. Ошентип мээнеткеч жана чыдамкай таксисттин кирешеси айына 8000 долларга жетиши ыктымал, бирок ортозаар айдоочунун тапканы эки эсе төмөн.

Нью-Йоркто такси аябай кымбат дешке болбойт. Көпчүлүк таксини тандайт, анткени коомдук транспортто жол кире 3 доллардын тегерегинде (200 сом). Андан көрө үч же төрт киши биргелешип такси менен жетип алганы оң.

— Мурда Нью-Йоркто 15 миң долларга Toyota Camry сатып алып, такси айдай алышчу экен. Азыр бийлик машиналардын ашкере көбөйүшүнө каршы туруу үчүн таксисттердин жаңы автомобилдерин каттоого тыюу салыптыр. Нью-Йоркто ушул тапта таксист болуу үчүн канча каражат кетет?

— Адегенде TLC-лицензиясын алуу зарыл. Бул 600 доллардын тегереги, эки аптада бүтөт. Андан кийин машинаны аптасына 300-500 долларга ижарага алууга болот, сатып алыш шарт эмес.

Эгер өз машинаңызды айдагыңыз келсе, анда майыптыгы бар адамдарды ташуу үчүн автомобилди сатып алууга уруксат берилет. 30-50 миң доллар керектелет. Ошондой эле, мисалы, "Тесла" электромобилин сатып алсаңыз болот. Андай унаа болжол менен 30-100 миң доллар турат.

— Нью-Йоркто дегеле ойго келгис жол тыгындары болорун уккам...

— Ооба, эки себептен улам жол тыгыны жаралат. Биринчиден, жолдун ремонту эч бүтпөйт. Ремонтту ушундай созуп, бирок сапатсыз жасашат, Американын башкы көйгөйлөрүнүн бири да ушул. Дегеле баары ушунчалык узак жана сапатсыз жасалат!

Обучающийся в докторантуре в Саудовской Аравии Доолос Айбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Сауд Аравияда докторантурада окуган Дөөлөс: стипендиям 25 миң доллардан ашат
Бөркүңүздөй көрүңүз, кандай гана ишкана болбосун, мисалы, чачтарачкана же кафени Нью-Йорктон Бишкекке көчүрсө, атаандаштыкка чыдай албай тез эле жабылып калат. Менимче, АКШда жогорку класстагы гана ишканалардан башкасы бүт ушундай. Кыргызстанда алда канча жакшы.

Жол тыгындарынын экинчи себеби — жүк ташуучу унаалар. Нью-Йоркто чакан дүкөндөр жайнайт, ошондуктан жол боюна товар түшүргөн фуралар көп токтойт.

Кырдаалды ойлонулбай салынган веложолдор да күчөтөт. Көп райондордо андай жолдордо пицца жеткирүүчүлөрдөн башкалар жүрбөйт. Жашоочулардын бир тобу да дал ошол веложолдон улам мэрди жакшы көрө бербейт.

— Бир жолу социалдык медиада еврей жана "кара" райондору бар экенин жазгансыз. АКШда расалык көйгөй азыр канчалык актуалдуу?

— Көп улуттун өкүлдөрү жашайт. "Кара" райондор деген эмне? Бул сөзсүз эле жаман жерлер эмес, ар кандай, ал тургай, элиталык "кара" райондор бар. Адамдар жөн гана бири-бирине жакын жашагысы келет.

Бруклиндин (Нью-Йорктун калк жыш жайгашкан административдик округу) жарымын кара түстүү эл ээлейт. Андай райондордо айдагым келбейт, бирок кооптуу эмес... Криминалдык райондордо да жумушка баруу же балдарын мектепке жеткирүү үчүн такси кызматынан пайдаланчу эмгекчилдер жашайт. Күндүзү ал жактарда ак жуумалдар үчүн да салыштырмалуу коопсузураак, бирок караңгы кирип калганда ал жакка барууга кеңеш бербейт элем. Мындан тышкары, "кара" райондордон шаардын борборуна же аэропортко жетүү үчүн шаардын чет жакасы менен жүрүүгө туура келет, бирок бул кыйла кымбатка түшөт.

Чындап эле Нью-Йоркто түркүн улут жашайт, бирок расалык ачык жаңжалды кезиктиргеним жок. Бул боюнча мыйзам катуу. Эч ким сизге расисттик кеп ыргытпайт, бирок баары дос тура деп ойлоп албаңыз, ар бир жамаат өз кишисине гана болушат.

Жаңылыктар түрмөгү
0