13:02 03 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD73.5222
  • EUR82.1316
  • RUB1.0658
Коом
Кыскача шилтеме алуу
126830

Кубанычбек Жумабай уулу 16 жылдан бери ак илбирстерди изилдеп, аларга санак жүргүзүп келет. Snow Leopard Trust эл аралык уюмунун Кыргызстандагы программалык координатору жоголуп бараткан жырткычтын жатагына чейин билет.

Тажрыйбалуу эколог менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы ак илбирс, айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык туризм жөнүндө маек курду. 

Координатор международного проекта Snow Leopard Trust, эколог Кубанычбек Жумабай уулу во время беседы на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Кубанычбек Жумабай уулу Кыргызстандагы ак илбирстерди 16 жылдан бери изилдеп келет

— Жумушуңузга байланыштуу тоодо көп жүрөт эмессизби, эмне жаңылык бар?

— Буюрса ушул айда Ысык-Көл облусундагы Сарычат-Ээрташ мамлекеттик коругунун аймагына фотокапкандарды орноткону чыгабыз. Жыл сайын үч айга чейин коебуз, дагы 10-15 жылга коюп көрөлү деп чечтик. Буга чейин дүйнөдө мынчалык узак убакыт эч ким мониторинг жасаган эмес, бизге да кызык болуп жатат. Ал тоолордо изилдөө иштерин жүргүзүүгө бардык шарттар бар. Мисалы, ал өрөөндө кийик, илбирс көп, адам буту баспайт. Демек кандай процесстер жүрүп жатканын толук байкоого болот. Жаныбарлардын санынын көбөйүшү, азайышы, жер которгонун көрүп көп суроолорго жооп алабыз. Менимче, ак илбирстерге байланыштуу мындай тажрыйбаны дүйнөнүн бир да өлкөсү жасаган эмес.

— Ишиңиз кызыктуу, ошол эле маалда кооптуу болуш керек. Бир жылда канча ай тоодо жүрөсүз?

— Ооба, кызыктуу, жылына жок дегенде 60 күн тоодо болом. Эсимде, бир жылы төрт ай тоодо жүргөм. Азыр шаарда кеңсебиз, башка программаларыбыз бар. Жумуштун көптүгүнөн көбүнчө шаарда иштегенге туура келет. Бийик тоолуу аймакта кээде бир күндө 15-20 чакырымды жөө басып өтөсүң, ат менен 40 чакырымдан алыс жерге чейин барган учурлар болот. Негизи киши барбаган кооз жерде, эл көрбөгөн жаратылышта жаныбарлардын арасында жүрүп эс алып каласың. Жайкысын чоң суулардын деңгээли көтөрүлүп, ат менен жүрүү кооптуу болуп калат. Кышкысын тоо аралап жүргөндө ашуулар жабылып, көчкү жүрөт. Анан кутурма жуккан карышкыр, түлкү кол салышы мүмкүн. Мындан башка чоң кыйынчылык деле жок. Мамлекеттик органдар менен жакшы эле иштешип жатабыз. Аймактарда корукчу, егерлерди окутуп, жергиликтүү тургундар менен деле дос болуп калдык. 

Координатор международного проекта Snow Leopard Trust, эколог Кубанычбек Жумабай уулу
© Фото / предоставлено Кубанычбек Жумабай уулу
Эколог магистратураны Норвегиядагы жогорку окуу жайлардын биринде аяктаган

— Жаратылышты коргоо жаатына кантип келип калдыңыз эле?

— Бишкекте жогорку окуу жайды бүткөндөн кийин 2003-жылы Snow Leopard Foundation in Kyrgyzstan уюмунда, ошол эле маалда Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунда иштеп калдым. Кийин Норвегияда магистратурада окуп жатып карышкыр менен ак илбирстин тамактануусу боюнча диссертация жаздым. Экөө жаратылышта кантип атаандашат, эмнени жей тургандыгын изилдедим эле. Мисалы, кышында карышкыр менен илбирс кийик эле жеп калат экен. Ал эми жайында карышкыр суурду көп жесе, илбирс анчалык эмес экен. Аны заңынан чыккан жүн, сөөктөрдүн анализи менен аныктачубуз.

— Изилдөө иштериңерде негизинен кандай жабдуу, ыкмаларды колдоносуздар?

— Азыр илим укмуш өнүгүп жатат. Кыргызстанга 2006-жылы биринчи фотокапкан келип, биз аны көрүп алып аябай таң калганбыз. Ал 36 эле пленка тартчу, койгон жерибизден эле бир күндө баарын тартып салчу. Себеби ал кыймыл болсо эле тарта берет. Азыркы фотокапкандар жеңил болуп бир жылга чейин иштеп, 30-40 миң кадрга чейин тарта алат. Келечекте дрондор жаныбарларды санап калат окшойт деп ойлоп калам. Жумушта фотокапкан, gis-карта, рация, спутник телефондорун, дрон пайдаланабыз. Учурда Индияда, Монголия, Кыргызстанда коюлган фотокапкандардан миллиондогон сүрөттөр чогулду. Биздин уюм Microsoft корпорациясы менен кызматташып, жасалма интеллектинин жардамы менен сүрөттөрдү иреттеген программа жасап жатат. Аны менен керектүү сүрөттөр он мүнөттө тандалат. Азыр биз кеминде он күндөй убакыт коротуп келебиз. Ошол эле программаны илбирстерди тактары менен айырмалай алгандай кылып жасоо аракети да жүрүп жатат. Менимче, бир нече жылдан кийин биздин жумуштарды техника жасап калат. 

Координатор международного проекта Snow Leopard Trust, эколог Кубанычбек Жумабай уулу
© Фото / предоставлено Кубанычбек Жумабай уулу
Эколог Кубанычбек Жумабай уулу

— Чет элдиктер биздин жаратылышка кызыгып көп келет эмеспи. Алар менен да иштешесиздерби?

— Тасма тартуу үчүн журналисттер, илимий иш жазып жаткан чет элдик изилдөөчүлөр келет. Алар менен тоого чогуу чыгып илимий иштерди жасоого көмөктөшүп, эл аралык деңгээлдеги басылмаларга макала жазабыз.

— Кесипкөй адис катары илбирстер жөнүндө кызыктуу фактыларды айта кетсеңиз?

— Жыл сайын фотокапкан коюп, санакта алардын катарына жаңылары кошулат. Биз аларды №1 же №5 илбирс дебей, корукчулардын атынан, мисалы, атактуу Жессика Альба, Жеймс Бонд деп ат коюп койгонбуз. Мурун ак илбирстер бир күндө канча чакырым баса тургандыгын биле алчу эмеспиз. Биз сыяктуу уюмдар ак илбирстин мойнуна каргы салып спутниктен анын баскан-турганына көз салган. Ошондо жырткычтын үч күндө бир кийик кармап үч баласын тойгуза тургандыгы аныкталган. Мен ошондо анын кийик издеп таап, балдарын чоңойтуп, аягында өзү өлүп каларын билип таң калгам. Монголияда илбирс бир күндө эле 40 чакырымды баскан. Бир жолу Тажикстанда багылган илбирстин мойнуна каргы тагып кое беришкен. Ал Афганистанга кирип, андан ары түз эле тоолорду аралып Пакистандын аймагына чейин жеткен. Соңунда мойнундагы жабдуу иштебей калып адистер таппай калган, ал миңдеген чакырымды басып өткөн.

Ал эми биздеги ак илбирс чоң топозду өлтүрүп жеп койгонго күчү жетет экен. Жергиликтүү тургундар жырткыч жаныбар топоздун үстүнө секирип, анын омурткасынан тиштеп өлтүргөнүн айткан. Чындыгында алар күчтүү, орточо салмагы 40 килограммдай болот. Тоодо илбирсти көрүү, аны артынан аңдып изилдөө мүмкүн эмес. Ошондуктан суроо толтура. Кээде жаныңда жаткан эле илбристи көрө албайсың. Аябай тынч жүрүп, өңү-түсү да жаратылышка түспөлдөш болуп кетет. Азыр Кыргызстанда 300дүн тегерегинде ак илбирс бар деп жатабыз. Бирок республика аймагы толук изилдене элек да. Жалпы өлкө аймагын санап чыгуу көп эмгекти, жумушчу күчтү талап кылат. Негизи кийиктин саны эле түшүп кетпесе, алар азайбайт. 

Координатор международного проекта Snow Leopard Trust, эколог Кубанычбек Жумабай уулу
© Фото / предоставлено Кубанычбек Жумабай уулу
Кыргызстандык адис ак илбирсти изилдөө багытында чет элдиктер менен да кызматташат

— Сиздер айлана-чөйрөнү коргоп, аңчыларга каршы иш алып барасыздар. Ошол эле маалда ак илбирс байырлаган аймактагы тургундардын ишкерлигине жардам берип, социалдык колдоо көргөзүп келет экенсиздер. Ушул багыт тууралуу айта кетсеңиз.

— Жаныбарларды атсаң соттолуп кетесиң деп коркутуп отура берсең иш алдыга жылбайт. Аларга барып сарайын жакшылап салып берсең, тургундар экологдор менен иштеше баштайт. Ошондуктан үйдөгү кожойкелердин кол өнөрчүлүк эмгектерин сатып берүүгө жардам берип келебиз. Быйыл Ак-Шыйрак, Эңилчектин жашоочулары менен илбирс боюнча экологиялык туризмди баштайлы деп турабыз. Мисалы, Индияда илбирсти көрүү үчүн атайын парк ачып, туристтерди кабыл алышат экен. Эс алуучуларга шарт түзүп берип жакшы деңгээлге чыгарып, тоонун башына жакшы мейманкана куруп коюшуптур. Өткөн жылы ал жерге 352 турист келип, жергиликтүү тургундар бир миллион доллар тапкан экен. Алар туристтерге ат, тамак-аш берип, келгендерди коштоп жүрүп тыйын табышкан. Биз буюрса ошону жолго салсак, эл мал бакпай эле жайында үч ай эс алуучуларды тосуп акча таап, өздөрү эле ак илбирстерди коргой баштайт. Биздеги Чоң-Кеминдеги жергиликтүү тургундар деле төрт жыл жапайы жаныбарларды коргоп, азыр алардын талаасында жаныбарлар жайылып жүрүп калды. Алар 2019-жылы эле эс алуучулардан эки миллион сом киреше көрүштү деп жатышат. Азыр экологияны коргоодо да жаңы ыкмаларды колдонуп, элге пайда алып келген программаларды ишке ашырыш керек. Биздин да максатыбыз так ошондой. Чет элдиктерди аңчылык кылдыртпай эле укмуш акча тапса болот. 

Координатор международного проекта Snow Leopard Trust, эколог Кубанычбек Жумабай уулу во время беседы на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Эколог Кубанычбек Жумабай уулу

— Кытайлыктар деле панданы бренд кылып киреше көрүп, ошол эле маалда жаратылышты сактап жатышпайбы. Биз да ошондой кылсак болот экен да?

— Сөзсүз. Кыргызстандын аймагынан чет элдиктерди аңчылык кылдыртып тыйын тапкандан башка жолдору толтура. Бизде азыр туризм өнүгүп жатат деп жар салып отурабыз. Батыштан көпчүлүгү тоо туризмин көрүүгө келет. Биз ошолордун ичинен кийик менен ак илбирсти көрүүгө канча адам келип жатканын эсептей элекпиз. Ушуну өзүнчө бөлүп изилдөө жүргүзүү керек. Ошондо жапайы жаныбарлардын аркасы менен канча тыйын таап жатканыбызды биле алмакпыз.

Коңшу Кытай брендине айланган панданын сувениринен эле канча акча таап жатат. Бизде деле ак илбирстин сувенирин жасап жатышат, бирок көбү мүйүздөн. Мындай мамиле чет элдиктерди качырат, аны жыгач, таштан жасоого өтүшүбүз керек. Азыр ак илбирс кичине болсо да бренд болуп кыргызстандыктарга акча берип жатат. Эгер ак илбирсти көрөм деп келген эс алуучулардын саны көбөйгөндө, ал оюнчук, сувенирлерди алып турушмак. Ошондуктан жолду, ажаткананы, төшөнчүнү оңдош керек. Азыр чет элдик жаран Сарычат-Ээрташ мамлекеттик коругуна барам десе, оңураак жаткыра турган жерибиз да жок.

Тема боюнча

АКШга барып окумуштуу болгон айылдык жигит. Илимпоз Сабыров менен маек
Өзүн атып алган кызга донордун жүзүн салып... Кыргызстандык хирургдун баяны
Белгилер:
маек, экология, ак илбирс, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ