Ысык-Көлдө корейлер "кооптуу" момпосуй таратып жатабы? Милициянын түшүндүрмөсү

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүНовогодние игрушки
Новогодние игрушки  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ысык-Көл облустук милициясы социалдык тармактарда тарап жаткан видео качан жана кайсы жерде тартылганын тактады.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Интернетте Ысык-Көл облусунун Тоң районунда чет элдик жарандар конфет таратып жатат делген видео тарады.

Тасманын авторунун пикиринде, таттуулар шек жаратат жана кооптуу болушу ыктымал. Өзүн Түштүк Кореянын жараны деп тааныштырган кыз ал витаминдер экендигин билдирген.

Ал эми Ысык-Көл облустук ИИБдин маалымат кызматы окуя 2018-жылы кышында Балыкчыда болгонун маалымдады. Алардын айтымында, видеодо Түштүк Кореянын студенттери. Алар калаанын жашоочуларына англис тилин үйрөтүү үчүн келген ыктыярчылар.

"Көчөлөрдүн биринде балдар ойноп жатканда чет элдик жарандар өздөрү жеген витаминдерин сунушкан. Бирок тургундар аны башкача кабыл алган. Аймактык милиция конфет кооптуу эместигин териштирген болчу. Андыктан жарандарды такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырабыз", — дешти милициядан.

Окуя болгон жерде түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. ИИБден кошумчалашкандай, ал убакта өлкөдө белгисиз адамдар аллергия чакырган конфеттерди таратып жатат деген ушак кептер тараган.

Жаңылыктар түрмөгү
0