Дарыларды 50 пайыз арзандатуу менен кантип алса болот. Түшүндүрмө

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүПродажа лекарств в одной из аптек
Продажа лекарств в одной из аптек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фонд дары каражаттарын арзан алуу үчүн кайсы жактарга кайрылуу керектигин айтып, жол-жобосун түшүндүрүп берди.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Камсыздандырылган ар бир кыргызстандык Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММК) кошумча программасынын негизинде дары-дармекти 50 пайыз арзандатуу менен сатып алса болот.

Фонддун маалымат кызматынын айтымында, препараттын бир бөлүгү ММК же мамлекеттик бюджет тарабынан төлөнөт.

Камсыздандырылган жарандардын катарына төмөнкүлөр кирет:

  • ММКга иштеген жеринен каражат которулуп турганда;
  • пенсионерлер;
  • ай сайын социалдык жөлөкпул алгандар;
  • 16 жашка чейинки балдар (жалпы билим берүү мекемелеринде окугандар);
  • айыл чарбасы менен алектенип, ММКга төлөм которгондор;
  • ММКга өз алдынча төлөм которгондор.

ММК программасы менен кайсы дарыларды алууга болот?

Дары каражаттарынын маалымдамасында 200дөн ашык препараттын аталышы көрсөтүлгөн. Чыгым программа аркылуу жабылат.

ММК кайсы сумманын ордун толтурат?

Төлөм жарандын жашаган жеринен көз каранды. ММК сайтынан кайсы группада экениңизди карап алыңыз.

  • биринчи группа — Бишкек, Ош, Чүй жана Ош облусу;
  • экинчи группа — Ысык-Көл, Нарын жана Жалал-Абад облусу;
  • үчүнчү группа — Талас жана Баткен облусу.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун рецептин кантип алууга болот?

Үй-бүлөлүк медицина борборунун каттоо бөлүмүнө кайрылуу зарыл. Медициналык картада камсыздандырылган деген белги болушу керек. Үй-бүлөлүк дарыгер зарыл учурда рецепт жазып берет. Ошондой эле адистен ММКнын кошумча программасы менен иштеген дарыканалардын дарегин сураса болот.

Медициналык камсыздандырууга кантип ээ болушат?

Үй-бүлөлүк дарыгерге же ММКнын аймактык башкармалыгына паспорт менен кайрылып, арызды толтуруу керек. Андан тышкары 1200 сом төлөнөт. ММК полисин алгандан кийин 15 күндөн соң күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0