Өзүн, жубайын, кыз-күйөөсүн алып тынган кырсык. Иса Ахунбаев тууралуу 8 факты

© Sputnik / Александр ФедоровКыргызский скульптор-монументалист Тургунбай Садыков
Кыргызский скульптор-монументалист Тургунбай Садыков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1975-жылдын 5-январында кыргыз эли миңдеген адам даба тапкан гениалдуу хирург Иса Ахунбаевден айрылган. Анын күтүүсүз жерден автокырсыкка кабылып, үй-бүлөсү менен каза тапканы көпчүлүктүн каңырыгын түтөттү.

Мындай каргашалуу окуя хирургду "улутчул" деп күнөөлөө күчүндө турган кезинде болгондуктан күмөндүү ойлорду жараткан. Журналист Гүлдана Талантбекова улуу инсан тууралуу кызыктуу сегиз факт сунуштайт.

Операция на позвоночнике - Sputnik Кыргызстан
Адамды ажал оозунан сууруп алган кыргызстандык 10 дарыгер
Кытайга үркүп барган. Ахунбаев Иса Коноевич 1908-жылы 25-сентябрда Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылында жарык дүйнөгө келген. 1916-жылдагы Үркүндө ата-энеси менен Кытайга качып, башынан далай оор күндөрдү өткөргөн. Ысык-Көлгө 15 жашында кайтып келгенден кийин партага отурган. Мектепте окуу үчүн 20 чакырым алыстыкты жөө басып, Тору-Айгырдан Балыкчы шаарына келип турган. Ал эле эмес, 1925-жылы куржунун артынып алып Балыкчыдан Бишкекке жөө келет.

7 жылдан кийинки ректорлук. 1930-жылы Медициналык технукумду бүткөндөн кийин Ташкенттеги Орто Азия университетине тапшырган. 1936-жылы Фрунзе шаардык бейтапканасынын хирургия бөлүмүнө жумушка орношкон. 1941-жылы сентябрда Ахунбаев Кыргыз мамлекеттик медициналык институтта иштей баштаган. Алгач хирургия кафедрасында ассистент, андан соң доцент, кийин кафедранын жетекчилигине чейин көтөрүлгөн. Жети жылдан кийин Ахунбаев институттун ректору жана профессору болгон. 

© Фото / из семейного архива АхунбаевыхГениалдуу хирург Иса Ахунбаев жубайы менен беш баланы тарбиялашкан
Өзүн, жубайын, кыз-күйөөсүн алып тынган кырсык. Иса Ахунбаев тууралуу 8 факты - Sputnik Кыргызстан
Гениалдуу хирург Иса Ахунбаев жубайы менен беш баланы тарбиялашкан

Жүрөккө биринчи жолу операция жасаган! 1959-жылы Ахунбаев Орто Азияда алгачкы жолу жүрөккө операция жасап, тарыхта аты калган. Муну менен кыргыз кардиологдору азыркыга чейин сыймыктанып келет. Ал Кыргызстанда медицина илимин өнүктүрүүдө жана жергиликтүү медициналык кадрларды тарбиялап чыгарууда чоң роль ойногон. Илимий изилдөөлөрү негизинен балдардын сокур ичегисине, эндемиялык богок, эхинококкоз, шок жана жүрөк ооруларына арналган. Анын демилгеси менен Республикалык клиникалык ооруканада көкүрөк хирургия бөлүмү уюштурулган.

Нейрохирург, профессор Миталип Мамытов - Sputnik Кыргызстан
Шоопур болуп кете жаздаган. Миңдеген мээни ачкан Миталип Мамытов 80 жашка чыкты
Саясатчы хирург. СССР Жогорку Советинин 2-4 чакырылышынын жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин 5-6 чакырылышынын депутаты болгон. Дал ушул кызматта турганда алган каражаттын баарын Москвада окуган кыргызстандык студенттерге берчү экен.

Ахунбайка эмес Ахунбаев көчөсү. Бишкек шаарынын жана Тору-Айгыр айылынын борбордук көчөлөрүнө, Республикалык госпиталдын хирургия клиникасына атактуу хирургдун ысымы ыйгарылган. 2008-жылы экс-президент Курманбек Бакиевдин Жарлыгы менен Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына ысымы берилген. 2009-жылы Академиянын алдында эстелиги ачылган.

Өзүнө-өзү операция жасаган деген кеп бар. Иса Ахунбаев менен бирге жүргөндөрдүн айтымында, ал жайлоого эс алганы барып, сокур ичеги болуп калат. Жанында бир да доктур жок болот. Ошондо чабандарга бычактарды кайнаттырып, өзүнө-өзү операция жасаган деген кеп эл арасында айтылып келет. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков2008-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына Иса Ахунбаев ысымы берилген
Өзүн, жубайын, кыз-күйөөсүн алып тынган кырсык. Иса Ахунбаев тууралуу 8 факты - Sputnik Кыргызстан
2008-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына Иса Ахунбаев ысымы берилген

Доктурлардын династиясы. Жубайы да медицина кызматкери болгон. Беш баланы тарбиялашкан. Улуусу Мустафа Опера жана балет театрынын башкы режиссёру болуп эмгектенген, кызы Нэля менен Медер атасынын жолун уланткан. Неберелери Сталбек — онколог, Алмаз — хирург, Жибек — уролог.

Чаалыкпаган хирург 91 жашта! Күн сайын операция жасаган Мамакеев видеодо - Sputnik Кыргызстан
Чаалыкпаган хирург 91 жашта! Күн сайын операция жасаган Мамакеев видеодо
Каргашалуу өлүм. 1975-жылы хирургду "улутчул" деп күнөөлөө күчүндө турган кезинде автокырсыкка кабылып, аны менен чогуу жубайы, кызы жана күйөө баласы көз жумган. Эл арасында бул кырсыкты улуу инсанды өлтүрүү үчүн атайын уюштурулган деп да айтып келишет.

Ал кыргыз медицинасы, дегеле медицинадагы киргизген жаңылыктары, ат көтөргүс эмгектери үчүн Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу, Октябрь Революциясы, Эл достугу, "Ардак Белгиси" ордендери жана бир топ медалдар менен сыйланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0