Каарманыбыз 1983-жылы 2-июлда Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Ичке-Суу айылында жарыкка келген.
Саламатсыңбы, комдонгон арстан кейиптенген тоо этегиндеги жашыл бактуу Ичке-Суу айылым! Сени эстегенде Швейцариянын керемет кооз тоолорунан, карагай баскан чокусунан жыттай албаган керемет жытың эске келет. Сенин өзгөчөлүгүң, күчүң, кудуретиң ошол табигый аңкыган жытыңда окшобойбу? Мен сенин жытыңды дүйнөнүн бир да бурчунан сезе алган жокмун. Бекеринен улуу акын Алыкул:
"Ай күмүш суу, ай тунук суу, Ичке-Суу,
Жаштык, сүйүү кумарына ичме суу.
Он бештеги кыздар таккан чачпактай,
Заманына жарашыгың укмуштуу", — деп суктанып, сага арнап ыр чыгарбаса керек.
Кыргыз баласынын духунун бийиктиги тоого, өргө, бийиктикке көп чыкканынан болсо керек. Ал эми пейилинин кенендиги учу-кыйыры билинбеген дархан талааларынан деп ойлойм. Менин балалыгым ошондой аскасы көк тиреген тоолордун койнундагы жайлоодо өттү. Бала кезим куду бүгүнкүдөй көз алдымда...
Кой кайтарган кара кыз
Жамгырда кой таптакыр эле баспай туруп алат экен. Ал күнү койду түн бир оокумда айдап түштүм. Балалыгымда мындай күндөр оголе көп болду. Бирок бир да жолу койсуз же уйсуз үйгө кайтып келүү оюма келбептир. Көрсө, жоопкерчилик деген сапаттын башаты ошол күндөрдө түптөлгөн экен.
Мен кайтарган чабыр козулар жайылган жерлерде жыландын уюктары өтө көп боло турган. Бирок жыландан коркчу эмесмин. Күндүн ысыгына төшүн кактап бопбоз, капкара болуп жаткан жыландар арасынан мүйүздүү ак жыланды издечү элем. Себеби жыландардын ханышасы тууралуу жомокко ишенчүмүн. Ак жылан жолугуп мүйүзүн берсе ороп алам деп, чөнтөгүмө бет аарчы да салып алчумун. Мүйүздү сандыкка салып катып койсом, үйүбүзгө чексиз бакыт, байлык, кубаныч келмек.
Ак жылан жолуккан жок. Бирок Кудай мага асыл адамдарды, алтын айылдаш, кымбат мугалим жана дос-курбу берди. Алар менен мен бакытты, байлыкты, кубанычты сезе алдым.
Мекенге кызмат кылууга тарбиялаган айылым, мугалим эжейлерим
Классым аябай күчтүү, ынтымактуу эле. Өзгөчө Тимка менен Такишке ыраазымын. 4 жыл бою мектеп президенти болуп окуучулардын алды болууга аракет кылдым. Таштан агайдын алгебра сабагы "досумдун досу менин досум" деген сыяктуу бир топ хор айтылган эрежелер менен башталчу. 5-класста Шарапат эжей өзгөчө ыргак менен манас айтканды үйрөттү. Ошентип иш-чараларда манас да айтып жүрдүм.
Бир күнү түштөн кийин адатымча бардык класстарды жуудуруп, бекитип кетели деп жатсам, Бишкектен Билим берүү министрлигинен Жангороз Каныметов баштаган комиссия келип калды. Директор, мугалимдер да жок. Мен каадалуу кишидей алдыларынан чыгып: "Келиңиздер, мен мектептин президенти болом", - деп тосуп алып, мектепти көргөзүп чыккам. Ошондо Жангороз агай: "Акаевди эле билчү элем, эми дагы бир президенттин колун кысайынчы", - деп аябай күлгөн.
Бүбүя, Элмира эжейлерим мени таң аткыча китеп окутуп, олимпиадаларга даярдашар эле. Анан сары автобуска түшүп алып, таш жол менен чыгармачылык сынак, олимпиадаларга жөнөйбүз. Биринчи орунду алып үйгө кубануу менен келсем апам: "Жакшы болгон турбайбы. Бар эми, картошка отой кал", - дечү. Көрсө, ал кездеги тарбия башка экен. Азыр бала күндөрүмдү, мугалимдеримди, ата-энемди, алардын шайыр досторун эстеп ошо мезгилдеги тазалыкка, аруулукка, адамдардын бири-бирине болгон ишенимине баа берем.
Таңдайдан кетпеген атамдын алмасы
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Мукаш атанын балдары, өрүк уурдап жеген күндөр
Ии баса, дагы бир нерсени азыр моюнга алып коеюнчу. Биздин үйдө өрүк жок болчу. Ошондон уламбы, ылдыйкы Окен абамдын өрүгү көзүмө укмуш көрүнүп, абдан таттуу сезилчү. Эрте да бышчу. Бышып калган мезгилинде эч кимге көрүнбөй баягы өрүктөрдөн уурдап жеп, ашканын чөнтөгүмө салып, айтор, жакшы эле майкандадым. Базаркүл жеңе, силердин өрүктөн ошентип сурабай жечүмүн. Ал кылыгым үчүн кечирим сурайм.
Мукаш деген кошуна атанын аябай эмгекчил балдары бар эле. Алардын жаны тынчу эмес, таңдан кечке чейин жумуш жасашчу. Биздин үйдө таң "карачы, Мукаштын балдары эбак талаада, а силер уктап жатасыңар" деген сөз менен башталчу. Эжемдердин "Мукаш атадан башкаларга эле кошуна болсок болмок" деп кейип калганы эсимде.
Айылыбыздын атам баштаган Танатар, Тилек, Мурап, Аскер, Койлубай, Мукут, Өмүрбек, Токон, Карыбай деген аксакалдары кеменгер, кыйын кишилери эле. Байбичелери көчөдө бейчеки баскан кыз-келиндерди бир сөз менен эле тескеп, тыйып кое турган. Тарбия деп ушуну айтыңыз.
Батыраак чоңойсом экен дечүмүн. Бирок өмүр бою балалыгыма кайткым келерин анда билбептирмин. Бар бол, алтын бешигим, Ичке-Суум!