Бирин айтсам, бири таарынат. Жээнбеков маалыматты кайдан аларын айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековПервая пресс-конференция президента Сооронбая Жээнбекова по итогам 2018 года
Первая пресс-конференция президента Сооронбая Жээнбекова по итогам 2018 года - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчы журналисттерге коррупция менен күрөшүүгө чоң салымын кошуп жаткандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков маалымат жыйынынын учурунда өлкөдө болуп жаткан окуялар тууралуу маалыматты кайсы булактардан аларын айтты.

"Бардык эле маалыматтарды көрөм, окуйм, карап турам. Мамлекетте болуп жаткан терс көрүнүштөр боюнча аппарат иш алып барат. Алар убагында жеткирип турат. Чынын айтканда, баарын караганга убактым болбойт, бирок аракет кылам. Бирин айтсам, башкалар капа болот”, - деди президент.

Мындан тышкары, мамлекет башчы журналисттерге коррупция менен күрөшүүгө чоң салымын кошуп жаткандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Президенттин маалымат жыйынында эмне тууралуу сөз болуп жатканын Sputnik Кыргызстандын тексттик трансляциясынан окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0