Өз аты Ырыскан. Роза Отунбаева тууралуу 7 факты

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева. Архив
Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Отунбаева бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берген Кыргызстандын алгачкы экс-президенти жана Борбор Азиядан чыккан алгачкы президент айым.

Sputnik Кыргызстан агенттигини Роза Отунбаева тууралуу 7 факты даярдады.

Ата-эненисинин экинчи жакшылыгы. Отунбаева Роза Исаковна 1950-жылы 23-августта Ош шаарында туулган. Атасы Исак Отунбаев, юрист, көп жылдар бою Жогорку Соттун мүчөсү болгон. Энеси Салийка Даниярова мектепте мугалим болуп эмгектенген. Кичи мекени — Талас. Роза Исаковнанын Райхан деген эжеси, Гүлмира, Жамалкан, Анара, Клара, Тамара деген сиңдилери жана Болот деген иниси бар.

© Фото / посольство КР в РФЭкс-президент Роза Отунбаева
Өз аты Ырыскан. Роза Отунбаева тууралуу 7 факты - Sputnik Кыргызстан
Экс-президент Роза Отунбаева

Өзүнүн аты Ырыскан болгон. Роза Отунбаеванын төрөлгөндөгү аты Ырыскан экендигин бардыгы эле биле бербейт. Атасы Исак 1950-жылы Москвадан окууну бүтүп келгенде кыздуу болуп, атын Ырыскан коёт. Кубанычы койнуна батпаган Исак ата сүйүнүчүн теңтуштары менен бөлүшөт. Ошондо алар "Исак, сен Москвадан окууну бүтүп келген, жаңыча көз караштагы, билимдүү, илимдүү болсоң, анан кызыңа кыргыздын эски ысымын бересиңби? Кел Роза деп коёлу, Роза Люксембургдай (немис саясий ишмери) эл-жери үчүн кызмат кылган, зоболосу бийик адам болсун" дешип көндүргөн экен. Досторунун кебин уккан атасы ымыркайынын күбөлүгүнө Роза деп жаздыртат.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАзыркы мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков менен
Өз аты Ырыскан. Роза Отунбаева тууралуу 7 факты - Sputnik Кыргызстан
Азыркы мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков менен

Күчтүү мектептерден түптөлгөн келечек. Роза Отунбаеванын бала-чагы Нарын шаарында өтүп, Чкалов атындагы орус мектептен билим алган. 10 жылдан кийин атасы Исак Отунбаевдин кызматына байланыштуу Ош шаарына көчүп барышып, Киров орто мектебинде окуган. Ал жакты жалаң "беш" менен бүтүрүп, Москва мамлекеттик университетинин философия факультетине тапшырган. Кийин аны дагы ийгиликтүү аяктаган. Кандидаттык диссертациясын немис философиясы жаатында жактаган. Илимий иликтөөсүн Чыгыш Германияда жүргүзгөн.

Алптарды окуткан окутуучу. 1970-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинде философия илимдеринин тармактары боюнча окутуучу, доцент, кафедра башчысы болуп иштеген. Анын студенттеринин бир катары философия, саясат таануу жана тарых жаатында илимпоз жана коомдук ишмер болуп чыгышты. Арасында Шайлообек Дүйшеев, Аалыбек Акунов, Нур Саралаев, Нарынбек Алымкулов, Жамбила Самиева, Тынчтыкбек Чоротегин жана башкалар бар.

© AP Photo / Sagyn AlchiyevОтунбаева өткөөл мезгилде 2010-жылдын июлунан 2011-жылдын декабрына чейин Кыргызстандын президенти болгон
Өз аты Ырыскан. Роза Отунбаева тууралуу 7 факты - Sputnik Кыргызстан
Отунбаева өткөөл мезгилде 2010-жылдын июлунан 2011-жылдын декабрына чейин Кыргызстандын президенти болгон

Жеке турмушу. 1979-жылы 29 жашында турмушка чыккан. Жолдошу көп жылдар бою Илимдер академиясында эмгектенген окумуштуу адам болгон. Жубайлар Карачач аттуу кыздуу жана Атай аттуу уулдуу болушкан. Роза Исаковнанын айтымында, жубайлар 1987-жылы түшүнбөстүктөн улам эки башка жолду тандап кетишкен.

Кылымга тете бир жылдык өлкө башчылык. 1988-жылдан тарта саясий, дипломатиялык ишмердүүлүгү башталган. 2010-жылдын 7-апрелинен тартып Кыргызстандын Убактылуу өкмөтүн башкарган. 2010-жылдын июлунан 2011 жылдын декабрына чейин Кыргызстандын президенти болгон.

© Sputnik / Сагын Альчиев / Медиабанкка өтүүРоза Отунбаева бийликти Алмазбек Атамбаевге өткөрүп берген
Өз аты Ырыскан. Роза Отунбаева тууралуу 7 факты - Sputnik Кыргызстан
Роза Отунбаева бийликти Алмазбек Атамбаевге өткөрүп берген

Учурдагы ишмердиги. Роза Отунбаева кызматын өзүнөн кийин шайланган президент Алмазбек Атамбаевге тынч, мыйзамдуу жол менен өткөргөн соң коомдук ишмердигин улантып келет. Ал "Роза Отунбаеванын демилгеси" коомдук фондусун түптөп, жетектеп келет. Кыргызстан коомчулугунун бейрасмий өкүлү катары өз өлкөсүнүн эл аралык карым-катнашын чыңдоого, көп тараптуу маданий алакаларды тереңдетүүгө салым кошуп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0