Отунбаева Роза Исаковна — өмүр баяны

© Фото / посольство КР в РФОтунбаева Роза Исаковна
Отунбаева Роза Исаковна - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Роза Отунбаева 1950-жылы 23-августта Фрунзе шаарында туулган.

Билими:

  • 1967-1972 — Москва мамлекеттик университети, философия факультети;
  • 1972-1975 — Москва мамлекеттик университетинин аспирантурасы, философия илимдеринин кандидаты, доцент.

Эмгек жолу:

  • 1975-1981 — окутуучу, Кыргыз мамлекеттик университетинде кафедра башчысы, доцент;
  • 1981-1983 — Фрунзеде партиянын Ленин райондук комитетинин катчысы;
  • 1983-1986 — Фрунзеде (азыркы Бишкек) партиянын шаардык комитетинин экинчи катчысы;
  • 1986-1989 — Кыргыз ССРинин Министрлер кеңешинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри;
  • 1989-1991 — ЮНЕСКОнун Улуттук комиссиясынын төрагасы;
  • 1992 — Вице-премьер-министр, тышкы иштер министри;
  • 1992-1994 — Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы элчиси;
  • 1994-1997 — Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
  • 1997-2002 — Кыргыз Республикасынын Улуу Британия менен Ирландиянын Бириккен Падышалыгындагы элчиси;
  • 2002-2004 — Грузияда БУУнун тынчтык жаратуу миссиясынын БУУ Баш катчысынын өзгөчө өкүлүнүн орун басары;
  • 2004-2005 — "Ата-Журт" оппозициялык кыймылынын төрагасы;
  • 2005 — Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу;
  • 2008-2010-ж, апрель — Жогорку Кеңештин депутаты (СДПК фракциясы);
  • 2010-жыл, апрель-июнь — Убактылуу өкмөттүн жетекчиси;
  • 2010-жыл, июль - 2011-жыл, декабрь — Кыргыз Республикасынын президенти;
  • 2011-январдан тарта "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондусунун негиздөөчүсү.
Жаңылыктар түрмөгү
0