Үйлүү болуунун дагы бир жолу. МИК жаңы механизмди түшүндүрүп берди

© Sputnik / Нина Зотина / Медиабанкка өтүүГосипотека в КР
Госипотека в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик ипотека компаниясы (МИК) жалпы суммасы 50 миллион сом болгон батир сатып алып, ипотеканын жаңы түрүнүн алкагында аны таратууну пландап жатат. Ал эмне болгон батирлер? Ижара акысын төлөп жатып эле кийин аны менчиктеп алса болобу? Насыяны бюджеттик мекемеде иштебегендер ала алабы? Ушул жана башка суроолорго МИК жооп берди.

Турак үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жеке ишканада иштегендер мамлекеттик ипотеканы кантип алат? Жол-жобосу
"Мамлекеттик ипотека компаниясы" ААКы ипотека берүүнүн "Ижарага алып кийин сатып ал" деген жаңы механизмин ишке киргизүүдө.

Компания 50 миллион сомго даяр үйлөрдү сатып алуу боюнча тендер жарыялады. Ага ылайык, МИКтин балансындагы турак жай 15 жылга чейин ижарага берилип, кийин аны сатып алуу каралган. Жаңы механизмдер кандай иштей турганы жөнүндө МИКтин башкаруучулугунун төрагасынын орун басары Нуржигит Үсөнакун уулу менен сатуу жана иштеп чыгуу бөлүмүнүн башчысы Фархад Ибраев айтып берди.

Жаңы механизм кыргызстандыктарга эмнеси менен кызык?

Батирлер куруучу тараптын менчигинде болбогондуктан баштапкы төлөмдүн кереги жок. Ал ижарада болот.

Канча батир сатып алуу пландалып жатат?

Компания Бишкекте 1000 метр чарчы аянттагы турак жай сатып алууну пландап жатат. Ошто бул көрсөткүч 250 чарчы метрге жетет. Андыктан азырынча канча батир сатылып алына турганын так айтуу кыйын.

МИК бере турчу батирлер кандай болот?

Максималдуу аянты 75 чарчы метр. Бул жаңы курулган үйлөрдөгү даяр батирлер.

Төлөө мөөнөтү канча жыл?

Максималдуу мөөнөт — 15 жыл. Бирок аны мөөнөтүнөн мурда төлөп салсаңыз деле болот.

Мен өзүмө жаккан турак жайды тандай албай каламбы?

Жок. МИК тендердин жыйынтыгы менен тандаган батирлерди гана ала аласыз.

Заместитель председателя ОАО Государственная ипотечная компания Нуржигит Усенакун уулу - Sputnik Кыргызстан
Радио
Үсөнакун уулу: Мамлекеттик ипотекалык компания эми үй бере баштайт
Канча төлөшүм керек? Насыяны жана ижарага акысын өз-өзүнчө төлөйбүзбү?

Жок. Иш жүзүндө программанын катышуучусу аны өз баасында сатып алат, ага алты пайыз үстөк кошулат. Башкача айтканда, чарчы метрдин баасы батирдин аянтына көбөйтүлөт, андан кийин төлөй турчу айга бөлүнөт, ага кошумча алты пайызды кошуп төлөйсүз.

Төлөй албай калсам эмне болот?

Батирден чыгып кетесиз. Төлөм мөөнөтүн узартуу каралган эмес, себеби бул тамдар үстөк пайыз кошулуп турган бюджеттик акчага сатып алынган.

Бюджеттик мекемеде иштебегендер алса болобу?

Бул механизмди мугалимдер, дарыгерлер жана социалдык кызматкерлер пайдалана алат. Кийинчерээк бюджетте иштеген башка кызматкерлер менен жеке мамлекеттик кызматта иштегендер да кошулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0