00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Стимул
17:05
51 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
7 мин
Көз мончок
Пассивдүү жашоо образы дүйнөдө өлүмдүн төртүнчү себеби болуп калды — буга эмне кылуу керек?
17:08
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
11 мин
Тема дня
Утилизационный сбор год спустя: сколько собрали и почему переработка всё ещё буксует
18:13
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Туяк
Оор жараатка карабай жашоону сүйгөн ардагердин өмүрү
19:07
32 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
9 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Кто и как считает климатический ущерб в КР
20:10
55 мин
Ачык кеп
Бишкек шаарындагы дарактарды коргоо жана жашылдандыруу иштери
21:05
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Цемент, кыш берем! Балдары контейнерде окуган Нарынга эл жардам берүүгө даяр

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүСтроительство жилых комплексов в Новгородской области
Строительство жилых комплексов в Новгородской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соцтармакта "жаңы мектеп куруу үчүн цемент, кыш, жыгач алып берем, акчалай жардам көрсөтөм" дегендер чыкты.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Нарын районунун Кеңеш айылында контейнерде окуган балдарга жаңы мектеп куруу үчүн эл кол сунуп жатат.

Рабочая поездка Дастанбека Джумабекова по Нарынской области - Sputnik Кыргызстан
Кочкордо ишкерлердин көмөгү менен курулган мектепти төрага барып ачты. Сүрөт
Белгилей кетсек, аталган айылдагы мектеп авариялык абалда болгондуктан окуучулар мобилдик үйдө окуп жатышат. ӨКМ быйыл "ал имаратта балдарды окутууга кооптуу" деген корутунду чыгарган. Мындан улам окуучулар контейнерден жасалган алты мобилдик үйгө киргизилген. 2-сентябрь күнү анын ачылышына Нарын районунун акими Семетей Черикбаев баштаган аткаминерлердин барышы коомчулуктун кескин сынын жаратты.

Талкууга түшкөн мектеп боюнча өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгү да үн катып, район акими түзүлгөн кырдаал боюнча түшүндүрмө берүүгө барганын билдирди.

Социалдык тармакта ар ким алына жараша көмөк көрсөтөрүн айтып, башкаларды да демөөрчү болууга үндөшүүдө.

Илгиз Шаменов атуу ишкер мектептин пайдубалын куйдуруп берүүгө даяр экенин жазды. Ал: "Келгиле, биригип бир мектеп салып берели, антпесе балдарга убал", - деп башкаларды дагы жардамга чакырган.

Талас шаардык кеңешинин депутаты Куттубек Карпеков да эки тонна цемент берүүнү убадалады.

Ал эми Мырзабек Коңурович аттуу Facebook колдонуучусу мектептин курулушуна көмөк көрсөтүүгө даяр адамдардын тизмесин жарыялады.

Анда Абдышүкүр Жураев 50 миң кыш, Мукан Осмоналиев 10 куб жыгач, Советбек Рустамбек уулу 20 миң кыш, Чыңгыз Сапарбаев беш тонна, Жунусбек Мусурманов менен Жийдегүл Сарпашева бир тоннадан цемент, Мирлан Асанов 400 шифер жана башкарлары 1000 сомдон 30 миңге чейин жардам берери көрсөтүлгөн.

Кеңеш айылындагы мектеп 160 орунга ылайыкташкан.

Эске салсак, буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков атайын эсепке коррупциядан түшүп жаткан каражатка мектептер куруларын айткан.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0