Медведев Жээнбеков менен Кыргызстандагы абалды талкуулайт

© Sputnik / Екатерина Штукина / Медиабанкка өтүүУчастие премьер-министра РФ Д. Медведева в заседании Евразийского межправительственного совета
Участие премьер-министра РФ Д. Медведева в заседании Евразийского межправительственного совета - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын өкмөт башчысы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин отурумуна катышуу үчүн Кыргызстанга учуп келген.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведев укук коргоо органдары тарабынан кармалган Алмазбек Атамбаев жөнүндө сөз кылып, аны мамлекеттин ички иши деди. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

Мындай билдирүүнү ал Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин отурумуна катышуу үчүн Кыргызстанга учуп келгенден кийин билдирди. 

© Sputnik / Екатерина Штукина / Медиабанкка өтүүРоссиянын премьер-министр Дмитрий Медведев Кыргызстанга учуп келди
Медведев Жээнбеков менен Кыргызстандагы абалды талкуулайт - Sputnik Кыргызстан
Россиянын премьер-министр Дмитрий Медведев Кыргызстанга учуп келди

"Мен өзүмдүн кесиптешим менен дайым байланыштамын. Ошондуктан биз болуп жаткан окуяларга дайым көз салып турабыз", — деди Медведев.

Россия президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Путин Кой-Таштагы кырдаал боюнча кабардар болду
Ал ошондой эле Кыргызстан XXI кылымда болушунча революция жасап жибергендигин баса белгилеп, Москва тарап болуп жаткан окуяларга жөн гана көз салып турбастыгын айтат. Анткени Кыргызстан — Россиянын ири өнөктөшү, Евразия биримдиги менен Жааматтык коопсуздук келишими уюмуна мүчө мамлекет.

Мындан сырткары, Медведев КРдеги абалды президент Сооронбай Жээнбеков жана өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев менен талкуулай тургандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0