Алып баруучу Нуркыз Караева: гүлдөп турган доорумда эки партиядан сунуш түшкөн

© Sputnik / Жоомарт УраимовАлып баруучу Нуркыз Караева
Алып баруучу Нуркыз Караева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нуркыз Караева өлкөдөгү тажрыйбалуу алып баруучулардын бири. Ал он жылдан ашык убакыттан бери коомдук биринчи каналдын "Замана" студиясындагы таңкы берүүнү алып барып, калың элге тааныла алган.

Маектеш 32 жашта, үч баланын энеси. Учурда эки жылдык тыныгуудан кийин алып баруучулук ишине кайтып, жаштар үчүн долбоорун тартуулап жаткан кези. Мындан тышкары, окуу жайда студенттерге сабак берет.

Алып баруучу, журналист менен Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги маек куруп, жумушу, үй-бүлөсү тууралуу жана башка суроолорду берди.

© Sputnik / Жоомарт УраимовНуркыз Караева өлкөдөгү тажрыйбалуу алып баруучулардын бири. Ал он жылдан ашык убакыттан бери коомдук биринчи каналдын "Замана" студиясындагы таңкы берүүнү алып барат.
Алып баруучу Нуркыз Караева: гүлдөп турган доорумда эки партиядан сунуш түшкөн - Sputnik Кыргызстан
Нуркыз Караева өлкөдөгү тажрыйбалуу алып баруучулардын бири. Ал он жылдан ашык убакыттан бери коомдук биринчи каналдын "Замана" студиясындагы таңкы берүүнү алып барат.

— Мурда-кийинки маектерден ата-энеңиз тууралуу маалымат таппадым. Алгач балалык тууралуу сүйлөшсөк.

— Бишкек шаарында өсүп-чоңоюп, №67 мектепти аяктадым. Балалыгым Москва жана Совет көчөлөрүндө өттү деп калам. Орус класста окуганым менен ата-энем кыргыздын каада-салты менен тарбиялаганга аракет жасады.

Алып баруучу Зуля Тургунбекова - Sputnik Кыргызстан
Акчабыз көбөйгөндө көп бала асырап алабыз. Диктор Тургунбекованын маеги
Түбүм Нарын облусуна караштуу Жумгал районунан. Ата-энем окууга карап борбордо жашап калганына элүү жылдай болуп калды. Үйдүн кенжеси менмин, байкем жана эжем бар. Атам транспорт системасында көп жыл иштеди, ал эми апам болсо СССРдин Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы "Ден соолук" журналында редактор болуп эмгектенди. Советтер Союзу урагандан кийин эл катары соода кылып кетти. Бирок түпкүрүндө балдарымдын бири журналист болсо деген изги тилеги болуптур.

Бирок менин журналист болом деген кыялым жок эле. Милиция же прокурор болуп, ИИМ академиясына тапшырсамбы дечүмүн. Анткени байкем ошол жакты бүтүргөн. Ал капитан наамына жеткенден кийин "бул кесип кыздар үчүн эмес экен" деп туруп алды.

Ошентип Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин кызыл диплом менен аяктадым. Мектепти дагы кызыл аттестат менен бүтүргөм. Башка студенттерден айырмаланып баштапкы курстарда эле коомдук биринчи каналдагы "Ала-Тоо" программасында практикадан өтүп жүрдүм. Кадр сыртында беш жыл иштеп, анан эфирге чыктым. Мени даярдаган адамдар өтө эле көп, устаттарга баймын.

© Фото / Акылай АбдразаеваНуркыз Караева: Түбүм Нарын облусуна караштуу Жумгал районунан. Ата-энем окууга карап борбордо жашап калганына элүү жылдай болуп калды. Үйдүн кенжеси менмин, байкем жана эжем бар. Атам транспорт системасында көп жыл иштеди, ал эми апам болсо СССРдин Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы "Ден соолук" журналында редактор болуп эмгектенди.
Алып баруучу Нуркыз Караева: гүлдөп турган доорумда эки партиядан сунуш түшкөн - Sputnik Кыргызстан
Нуркыз Караева: Түбүм Нарын облусуна караштуу Жумгал районунан. Ата-энем окууга карап борбордо жашап калганына элүү жылдай болуп калды. Үйдүн кенжеси менмин, байкем жана эжем бар. Атам транспорт системасында көп жыл иштеди, ал эми апам болсо СССРдин Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы "Ден соолук" журналында редактор болуп эмгектенди.

— Он жылдан ашык убакыттан бери бир телеканалда эмгектенип келесиз. Айрымдар өнүгүү үчүн, же бир жаңычылдык үчүн иш которот эмеспи. Сизде дагы ушундай ойлор болду беле же башка жактан сунуштар түшкөнбү?

— Кайсы кесипте болбо, гүлдөп турган мезгилиң келет. Менин да андай доорум беш жыл мурда болду. Эл арасында жылдызым жанып, конкурстардан утуп, «Мыкты алып баруучу» деген наамдар ар тараптан берилип, куттуу нерселер көп болгон. Ошондо мага суроо-талап дагы күч болду. Башка каналга эмес, парламенттик шайлоо учурунда эки партия иштешүүгө чакырган. Эгер ал партиялар менен иштесем, биротоло ошолор менен кетишим керек болчу. Алардын түп-тамырын, саясатын колдоп, партиянын ысык-суугуна чыдап, "ошол жактыкы" деген жүгөн тагылып калмак. Терең ойлонуп жөн эле коеюн деп, эки партия менен тең иштешкенден баш тарттым. Ортодон акчага да азгырылгым келген жок. Азыр деле бул чечимиме өкүнбөйм. Маек алып, жазып, эфир алып барган мага таандык нерсе. Негизи адам белгилүүлүккө жеткенде ошол нерсени кармап калыш керек деп ойлойм.

— Партиялар депутаттык мандат убада кылышты беле?

— Жок, андай сөз болгон эмес. Биз алгач маалымат катчы, пиар-менеджер сыяктуу жумуштарды аткармакпыз. Кийин деле башка аткаминерлерден "мага иштеп, кагаз-кугазымды жазып бер" деген сунуштары болду. Бирок чындыгында бул биздин иш эмес. Журналисттердин элге кызмат кылганы оң дейм. Адамдын жан дүйнөсү толушу керек. Көз тойсо, анан курсак тоет дегендей, жасаган ишиң купулуңа толуп турса гана акчаны ойлосоң керек.

— Ортодо бир аз тыным алдыңыз окшойт?

— Эки жылдай иштеген жокмун. Чет өлкөлөргө көп бардым. Балдарым кичирээк болуп калды. Билимимди дагы жогорулатышым керек болду. Бул аралыкта журналистика жаатында кандидаттык ишимди жаздым. Борбордогу эки жогорку окуу жайда студенттерге сабак бердим. Ортодон "сиз кайда кеттиңиз" деп кат жазган күйөрмандар болду. Өзүм дагы эфирди эңсеп жетекчилик менен сүйлөшүп, кайрадан жумушка чыктым. Дагы канча убакыт теледе болорум белгисиз.

© Sputnik / Жоомарт УраимовАлып баруучу: Интеллект менен сөздөн мурда дагы тырмактын башынан чачтын учуна чейин табит менен тандалган, таза, тыкан болуу керек. Бул чоң искусство. Сырткы келбеттеги катачылыктар адамды иренжитет. Баарын кылдат тандайбыз.
Алып баруучу Нуркыз Караева: гүлдөп турган доорумда эки партиядан сунуш түшкөн - Sputnik Кыргызстан
Алып баруучу: Интеллект менен сөздөн мурда дагы тырмактын башынан чачтын учуна чейин табит менен тандалган, таза, тыкан болуу керек. Бул чоң искусство. Сырткы келбеттеги катачылыктар адамды иренжитет. Баарын кылдат тандайбыз.

— Facebook баракчаңызга жарыялап жаткан жаңы теледолбооруңуз тууралуу айтып бересизби?

— Окууну бүтүп ишти эмнеден баштайм деген жаштар бар. Бөтөнчө ишкерликти баштоо кыйын экен. Жаштарга мотивациялык материал болсун деген максатта START-UP аталышындагы долбоорду алып чыктым. Бул таңкы программанын алкагында рубрика катары берилет. Учурда 2-3 сериясын коомчулукка тартууладык.

Аккордеонист, певец, тамада Талант Карагулов - Sputnik Кыргызстан
"Сармердендин" эрке баласы Талант Карагулов: эрте үйлөнгөм, тун кызым 6-класста
Биринчи каарманым ишкерлигин 200 сом менен баштаптыр. Ал кыз окууну бүтүп кесиби боюнча жумуш таппайт. Кол куушуруп отура бербей сувенир, кооз жасалга, белектерди жасап, социалдык тармактар аркылуу соода-сатык ишин жүргүзүптүр. Бир айда Instagram аккаунтуна 12 миң катталуучу топтогон экен. Эми эмгектерин башка дагы өлкөгө сатууну ниет кылып жатат.

Өзүмдүн студент балам жумуштарым бар эле деп сабактарды калтыра берчү. Ал көрсө SMM экен. Бул кесипти жакшы билчү эмес элем, ошол бала үйрөттү. Аталган адистикти окууда акчасы жок болгондуктан официант болуп иштептир. 20 жашында эле алгачкы миллион сомун тааптыр. Иштесе болот экен да! Жемкорлукту өзүбүз баштап, тааныш издейбиз.

Дагы башка кызыктуу каармандар боюнча каттар келип, сунуштар түшүп жатат.

— Бул ой сиз ишкерлик чөйрөдө жүргөндө калыптанса керек да?

— Жок, чыгармачыл адамдар акча эсептегенди билбейт экенбиз. Аракет кылдым, талантым жок экен. Ишкерликти жолдошум гана жүргүзөт.

— Алып баруучулар окшош кийимдерди кийбеши керек, суйкайып боенуп чыгышы керек. Мунун баары эле акча. Тапкан каражатыңыз сулуулугуңузду камсыздаганга толук жетеби?

— Интеллект менен сөздөн мурда дагы тырмактын башынан чачтын учуна чейин табит менен тандалган, таза, тыкан болуу керек. Бул чоң искусство. Сырткы келбеттеги катачылыктар адамды иренжитет. Баарын кылдат тандайбыз, албетте, бардыгы акча. Бир убакта телеканал өзү каржылап бергенге аракет жасачу. Айлыктын бир бөлүгүн кийимге бөлүп койгонго аракет жасайбыз. Өзүмдүн да башка каражат булагым бар. Жолдошум жардам берет.

© Фото / из личного архива Нуркыз КараевойНуркыз Караева: Көбүрөөк суу ичем, камыр, таттуу тамактарды кечкисин жебегенге аракет кылам. Спорт менен машыкканга убактым жок. Балдарымды карап, иштеп жатып эле жан тынбайт. Айына бир жолу чач, тырмак, бетке кам көрүү үчүн салонго акча бөлүп коем.
Алып баруучу Нуркыз Караева: гүлдөп турган доорумда эки партиядан сунуш түшкөн - Sputnik Кыргызстан
Нуркыз Караева: Көбүрөөк суу ичем, камыр, таттуу тамактарды кечкисин жебегенге аракет кылам. Спорт менен машыкканга убактым жок. Балдарымды карап, иштеп жатып эле жан тынбайт. Айына бир жолу чач, тырмак, бетке кам көрүү үчүн салонго акча бөлүп коем.

— Сырткы келбетке кантип кам көрөсүз?

— Көбүрөөк суу ичем, камыр, таттуу тамактарды кечкисин жебегенге аракет кылам. Спорт менен машыкканга убактым жок. Балдарымды карап, иштеп жатып эле жан тынбайт. Айына бир жолу чач, тырмак, бетке кам көрүү үчүн салонго акча бөлүп коем.

— Коомдук биринчи каналда иштеп жүрүп таанылгандар көп. Айрым учурда белгилүүлүк жардамын береби?

Ведущая утренней программы Замана на КТРК Анара Бейшекеева - Sputnik Кыргызстан
Алып баруучу Анара Бейшекеева: үнүң жаш баланыкындай деп текст окутушчу эмес
— КТРК — мамлекеттин жүзү. Муну Россияны ОРТ каналы, Казакстандын «Хабары» менен салыштырууга болот. Мени региондордо көбүрөөк таанышат. Айылга барсаң этин, майын көтөрүп чыккан кең пейил адамдар бар. Биз аларга үй-бүлө мүчөсүндөй эле болуп калганбыз. Мындайда иште гана эмес, жашоодо да жоопкерчиликтүү болуп, ошол нерсеге тарбияланып калат экенсиң.

Бир-эки ирет эфирге абдан шашып баратып жолдо эреже бузганым үчүн иштеги күбөлүгүмдү көрсөткөнгө туура келген. Бул эми айла жоктуктан болду.

— Алып баруучулуктан тышкары менен менен алектенсиз?

— Китепти көп окуйм. Анан биздин бүлөнүн жакшы бир салты бар. Конок тосконду жакшы көрөбүз. Дасторконубуз ар дайым жайылып турат. Азыр күндө элди ооз ачырып чакырып жаткан убагыбыз.

— Конок тосуу деле түйшүк да. Ким жардам берет?

— Тамактардын бардыгын өзүм жасайм. Меймандар менин колуман даярдалган тамакты гана жешет. Эт салып, шорпосун кайнатып, беш бармагын жасоо деле чеберчилик. Үй жыйнап, идиш-аяк жууганга жардамчыларым көмөктөшүп келет.

© Sputnik / Жоомарт УраимовКТРК — мамлекеттин жүзү. Мени региондордо көбүрөөк таанышат. Айылга барсаң этин, майын көтөрүп чыккан кең пейил адамдар бар. Биз аларга үй-бүлө мүчөсүндөй эле болуп калганбыз.
Алып баруучу Нуркыз Караева: гүлдөп турган доорумда эки партиядан сунуш түшкөн - Sputnik Кыргызстан
КТРК — мамлекеттин жүзү. Мени региондордо көбүрөөк таанышат. Айылга барсаң этин, майын көтөрүп чыккан кең пейил адамдар бар. Биз аларга үй-бүлө мүчөсүндөй эле болуп калганбыз.

— Он жылдан кийин өзүңүздү кандай элестетесиз?

— Ата-энем бизди "кудай буюрса" деп тарбиялаган. Бир жылдан кийин муну кыла коем деп дагы айта албайм. Ата-эне, бир туугандарыбыз менен аманчылыкта, ден соолукта болуп, тең карыйлы. Балдарымдын ыймандуу болушун тилейм. Келечек ошолордуку болсун.

— Сиздей алып баруучу болом деген улан, кыздарга кандай кеп-кеңештериңиз бар?

— Учурдагы студенттер менен биздин убактагы практиканттардын айырмасы асман менен жердей экенин эми билип жатам. Азыркылар эфирге чыксам, бир программаны алып чыга койсом деп жеңилирээк нерсеге качышат. Телеге барса эле экранга чыгып кетүү мүмкүн эмес. Жазганды, сүйлөшкөндү, эфирге чыгып камера алдында иштөөнү үйрөнүү кажет. Болбосо тез эле лампочкадай күйүп кетесиңер. Уят болуп такыр эле журналистика сферасына барбай коюшуңар мүмкүн. Тамара Жаманбаева байпакка чейин текшерчү. Бир ирет алып баруучу жигит кара туфли менен ак байпак кийип алыптыр. Эже "музыканы бере тургула" деп кара капрон байпак кийгизип ийди. Бул дагы этика. Көп окуп, изденгиле, бышкыла. Даяр болуп калганда эфир силерди өзү эле чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0