00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
5 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
54 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ысык-Көлдү жана Кыргызстандын көлдөрүн мыйзамсыз балык торлорунан жана желим таштандылардан арылтуу
09:04
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Рост товарооборота и новые инвестиционные проекты — беседа с торговым представителем РФ в КР
10:04
24 мин
Тема дня
Как дефицит воды меняет сельское хозяйство Кыргызстана
10:31
22 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кафе-ресторандарда тейлөө акысын алууга тыюу салуу күчүнө кирди — иш кандай жүрүп жатат?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Замена водительских прав - что важно знать сейчас
12:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Окуучу менен мугалимдин мамилеси. Көйгөй эмнеден жаралууда? Эксперт менен маек
13:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Чингисхан был кыргызом? Что говорит история и наука - беседа с академиком
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Параплавание: спорт, который учит верить в себя
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Итоги ОРТ 2025 года и как с годами меняется тест
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кошок жанры алтайлыктарда “сыгыт ырлары” деп аталат
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
20:06
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бүлөлүү киши айтпайт! Жарамазанга байланыштуу 9 болбойт

© AFP / MONEY SHARMAСвященный для мусульман месяца Рамадан в Нью-Дели
Священный для мусульман месяца Рамадан в Нью-Дели - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Орозо айында жарамазан кыргыз элинде гана айтылат. Жарамазан — ыйык Рамазан айынын келгенин элге жарыялап айтып, жеткирүү. Жарамазан кайсы жылдардан баштап айтылып калганы белгисиз, бирок этнографтардын берген маалыматы боюнча, 19-кылымдан тарта кеңири тарай баштаган.

Жарамазан айтуунун да эреже, шарт-талабы бар. Аларды Sputnik Кыргызстан агенттигине этнограф Октябрь Капалбаев түшүндүрүп берди.

Жарамазанды орозо башталары менен айтпайт. Аны орозонун 20-күнүнөн кийин, акыркы жумаларында айтышкан. Ыйык түндө жерге периштелер түшүп, адамдын каалоо-тилектери аткарылат деген ишеним жашагандыктан, көпчүлүгү Кадыр түндө айыл кыдырып, жарамазанчылар таң атканга чейин ырдашкан.

Айт намаздары шаар тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тилдин, көздүн, кулактын да орозосу бар. Ооз бекиткендерге 10 "болбойт"
Күндүз айтылбайт. Көчмөн кыргыз эли малын короого киргизип, ооз ачкандан кийин гана оюн-зоокту баштаган. Мындан улам жарамазан айтуу да кеч кирип, эл ооз ачкандан кийин жанданган.

Кичине балдар айтпайт. Жарамазанды балакаттан өткөн, башкача айтканда, 12 жаштан өйдө, бойго жеткендер — бозойлор, кыл мурут жигиттер айткан. Алар жарамазанды жөн айтпастан, маани-маңызына жараша аспаптын коштоосунда ырдашкан.

Үйлөнгөн адамдар да айтпайт. 12 жаштан 18 жашка чейинки эркектер айткан. Үй-бүлөлүү адамдын айыл кыдырып ырдап жүрүшү одоно көрүнүш болгон.

Балдар бата бербейт. Кичинекей балдардын сөзүн, маанисин билбей бата бергени туура эмес. Баланын алакан жайып, акыл айтышы осол иш деп саналган. Жарамазан айтууда аны кооз кылып айтып эле койбостон, кыска, нуска, маанилүү кылып бата берүү да негизги ролду ойногон. Жарамазанды колунда жок кембагалдар да айткан. Алардын батасы бат тиет деп эсептелген.

Кыздар айтканга болбойт. Жарамазанды кыздар эч качан айткан эмес. Элибизде кыз киши бир үйгө ырдап бармак түгүл, караңгыда сыртка чыкканы орунсуз деп эсептелген.

2019-жылдын орозо календары - Sputnik Кыргызстан
2019-жылдын Орозо календары: ооз бекитүү (имсак) жана ооз ачуу (ифтар) маалы
Чала-чарпыт айтылбайт. Жарамазан — бир-эки саат ырдала турган ыр. Аны да уйкаштырып, куюлуштура сүйлөгөн, акындык өнөрү бар жигиттер айткан. Төрт-беш сап менен будамайлап коюу жарамазан деп эсептелбейт.

Жарамазан айткандарды куру кол кетирбейт. Кыргыз босогодогу кишини эч качан кубалап, "кет" деген эмес. Атургай душманы келсе да тосуп алган. Жарамазан айткандарды үйдөн тамак берип же баштыгына бир нерсе салып узатышкан.

Жалгыз киши айтпайт. Жарамазан жамааттын ыры болгондуктан жок дегенде аны 5-6 адам чогулуп айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0