Жарамазан айтуунун да эреже, шарт-талабы бар. Аларды Sputnik Кыргызстан агенттигине этнограф Октябрь Капалбаев түшүндүрүп берди.
Жарамазанды орозо башталары менен айтпайт. Аны орозонун 20-күнүнөн кийин, акыркы жумаларында айтышкан. Ыйык түндө жерге периштелер түшүп, адамдын каалоо-тилектери аткарылат деген ишеним жашагандыктан, көпчүлүгү Кадыр түндө айыл кыдырып, жарамазанчылар таң атканга чейин ырдашкан.
Кичине балдар айтпайт. Жарамазанды балакаттан өткөн, башкача айтканда, 12 жаштан өйдө, бойго жеткендер — бозойлор, кыл мурут жигиттер айткан. Алар жарамазанды жөн айтпастан, маани-маңызына жараша аспаптын коштоосунда ырдашкан.
Үйлөнгөн адамдар да айтпайт. 12 жаштан 18 жашка чейинки эркектер айткан. Үй-бүлөлүү адамдын айыл кыдырып ырдап жүрүшү одоно көрүнүш болгон.
Балдар бата бербейт. Кичинекей балдардын сөзүн, маанисин билбей бата бергени туура эмес. Баланын алакан жайып, акыл айтышы осол иш деп саналган. Жарамазан айтууда аны кооз кылып айтып эле койбостон, кыска, нуска, маанилүү кылып бата берүү да негизги ролду ойногон. Жарамазанды колунда жок кембагалдар да айткан. Алардын батасы бат тиет деп эсептелген.
Кыздар айтканга болбойт. Жарамазанды кыздар эч качан айткан эмес. Элибизде кыз киши бир үйгө ырдап бармак түгүл, караңгыда сыртка чыкканы орунсуз деп эсептелген.
Жарамазан айткандарды куру кол кетирбейт. Кыргыз босогодогу кишини эч качан кубалап, "кет" деген эмес. Атургай душманы келсе да тосуп алган. Жарамазан айткандарды үйдөн тамак берип же баштыгына бир нерсе салып узатышкан.
Жалгыз киши айтпайт. Жарамазан жамааттын ыры болгондуктан жок дегенде аны 5-6 адам чогулуп айткан.