Президент Жээнбеков урандын казылар-казылбасы боюнча үн катты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент КР Сооронбай Жээнбеков принял заместителя председателя правительства РФ Константина Чуйченко
Президент КР Сооронбай Жээнбеков принял заместителя председателя правительства РФ Константина Чуйченко - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жээнбеков президенттик кызматына киришкенден бери тоо-кен тармагына катуу талап коюлуп жаткандыгын айтып, аталган чөйрөдөгү маселе Коопсуздук кеңешинде каралгандыгын эске салды.

БИШКЕК, 4-май. — Sputnik. "Так кесе айтам, Кыргызстанда уран казылбайт". Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку соттун Конституциялык палатанын судьялары менен болгон жолугушууда билдирди.

Өлкө башчынын маалымат кызматы жолугушуу 5-майда белгиленүүчү Конституция күнүнө карата бүгүн өткөнүн белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө жарандардын конституциялык укугун коргоо,  мыйзамдардын кынтыксыз аткарылышы тууралуу сөз болуп, Мамлекет башчысы кызуу талкууланып жаткан уран казуу маселеси боюнча пикирин билдирди.

"Биз кийинки муунга ынтымагы бекем коомду, укуктук мамлекетти калтыруубуз зарыл. Урпактарга ата-бабадан калган таза табиятты, жашыл жаратылышты жеткирүүгө милдеттүүбүз. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып айта кетейин, Ысык-Көлдө Кызыл-Омполдо уран казуу маселеси коомдо кызуу талкууланып, элибиз кабатыр болуп жатат. Так кесе айтам — Кыргызстанда уран казылбайт!", — деди президент.

Жээнбеков президенттик кызматына киришкенден бери тоо-кен тармагына катуу талап коюлуп жаткандыгын айтып, аталган чөйрөдөгү маселе Коопсуздук кеңешинде каралгандыгын эске салды.

Балаклавское месторождение известняка в Крыму - Sputnik Кыргызстан
Алтын, күмүш, нефрит, сурьма... Чет элдиктер ээлик кылган лицензиялар
"Бул тармак, айрыкча лицензия-уруксат берүү системасы коррупцияга белчесинен батып, абалдын жетер жерине жетип калгандыгынан улам тоо-кен тармагындагы маселени быйыл жылдын башында Коопсуздук кеңешине алып чыккам. Кен чыккан жерлерге уруксат берүүдө, көп учурда, мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыктары эске алынган эмес. Тескерисинче, тар чөйрөнүн, айрым таасирдүү топтордун кызыкчылыктары жогору турган. Лицензия берүү тармагында кадимки эле базардагыдай алып сатарлыкка жол берилип келген. Ошондуктан 2018-жылы лицензия берүүнү анализдеп, инвентаризация кылууну  сунуштагам, жөнөкөй тил мен айтканда, жаңы лицензияларды берүүгө мораторий жарыяланган", — деди президент.

Мамлекет башчысы Кызыл-Омполдогу абалды кен казуу тармагындагы башаламандыктын, өзүм билемдик саясаттын жыйынтыгы деп баалады. Эгемендик жылдарында жалпысынан жер казынасын пайдаланууга 2,5 миӊден ашык лицензия берилген. Акыркы 8 жылдын ичинде тоо-кен тармагына тийиштүү  жүзгө жакын кылмыш иши козголгон, бирок көпчүлүгү аягына чыгарылган эмес. Бул багытта Коопсуздук кеңишинин чечимине ылайык учурда жумушчу топ иштөөдө.

"Дагы кайталайм, Кызыл-Омполдо уран казылбайт. Ачыгын айтканда, өкмөттүн бул маселеге болгон кайдыгер мамилесинен улам коомчулук дүрбөлөң түштү. Баса белгилеп айтам, жөн жерден дүрбөлөңгө түштүк. Керемет Ысык-Көлүбүз кезектеги туристтик сезонго даярдык көрүп жаткан кезде мындай дүрбөлөң туризм тармагына балта чапкан кыянаттыкка барабар. Ошондуктан мекендештериме, жарандык коом, массалык маалымат каражаттарына айтарым, тынчсызданууга эч негиз жок. Активдүү позицияңарды көрсөтүп, Кыргызстан ачык жарандык коомдун өлкөсү экендигин дагы бир ирет далилдедик", — деди президент.

Жээнбеков кечигип болсо да өкмөт Кызыл-Омполдо уран казылбай тургандай чечим кабыл алганын, Жогорку Кеңеш да бул маселени талкуулап, өз позициясын билдиргенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0