Абылгазиев уран калдыктарын рекультивациялоо иштери тууралуу айтты

© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр өкмөт рекультивациялоого каражат табуу аракеттерин дайым көрүп келерин белгиледи.

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жарандык активисттер менен жолугуп жатып, уран калдыктары сакталчу жайды рекультивациялоо боюнча кандай иштер аткарылып жатканы тууралуу айтып берди.

"Советтик өнөр жай 30-жылдардын аягынан тарта калдык сакталуучу жайларды калтырып кетти. Эгер рекультивациялоо иштерин жүргүзбөсөк, мунун кесепети кылымдарга уланат. Буга ири суммадагы каражат керек. Өкмөт акча табуу аракеттерин көрүүдө. МАГАТЭ менен 2033-жылга чейин программага кол коюлду", — деди Абылгазиев.

Кен. Архив - Sputnik Кыргызстан
КРде уранды изилдөөгө, чалгындоого, иштетүүгө тыюу салган токтом кабыл алынды
Премьер-министр кийинки муундун жабыр тартпашы үчүн натыйжалуу кадамдарга баруу керектигин белгиледи. Мындан тышкары, коомчулукта экологиялык көйгөйлөр ар убак көтөрүлүп келерине токтолду.

"Биз бир жылдай унчуккан жокпуз. Айрымдар өкмөт кайда деп издешти. Чынында бул убакыт аралыгында биздин адистер менен кесиптештер аталган көйгөйдү иликтеп, бир топ олуттуу маселелерди көтөрүп чыкты", — деди ал.

Жолугушуунун жүрүшүндө өкмөт башчы жарандык коомдун активдүү аракеттери кубандыра турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0