Жан таттуу... Өмүрүн камсыздандырган кыргызстандыктар жана төлөнгөн сумма

© Sputnik / Табылды КадырбековНациональные монеты Кыргызстана
Национальные монеты Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Статкомдун маалыматына ылайык, былтыр үч окуя катталып, ар бирине 100 миң сомдон төлөп берген.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн жылы ыктыярдуу түрдө 579 адам өмүрүн камсыздандырган. Бул туурасында Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, камсыздандыруунун жалпы суммасы 130,1 миллион сомду түздү. Аны кайсы бир жаран ден соолугунан жабыркап кырсыктаса, келишимдин талаптарына жараша акча төлөп берет. Ал эми камсыздандыруудан чогулган взнос 400 миң сомго жетти.

Былтыр ушул сыяктуу үч окуя катталып, камсыздандыруу компаниясы ар бирине 100 миң сомдон төлөп берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0