10:22 21 Жалган Куран 2019
Түз эфир
  • USD69.7563
  • EUR79.1281
  • RUB1.0852
Руководитель отдела в IT-департаменте Сияпат Усенбекова во время беседы

Жолдошумдун көңүлдөшү кош бойлуу экенин "сүйүнчүлөдү". Бишкектик айымдын баяны

© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Асель Минбаева
1255910

Сыяпат бейтааныш кыздан смс келген күндү эстейт. Ыйлаганын, кыйкырганын, ал эми күйөөсү жубайынан кечирим суроонун ордуна ага кол көтөргөн...

Азыр Сыяпат Үсөнбекова турмушун жолго койгон, Кыргызстандагы банктардын биринде жетекчилик кызматты ээлейт. 31 жаштагы кыздын тандаган багыты оңой эмес, программалык камсыздоо тармагын өздөштүргөн.

Сыяпат өз жашоосунан: ата-энесинин өлүмү, көңүлүн кирдеткен учурлар жана эркектерге ылайык кесипте кантип жетекчиликке жеткени туурасында ачык маек куруп берди.

— Балалыгыңыз тууралуу билсек адегенде...

— Борбордо, Бишкекте төрөлдүм. Эки бир тууганбыз, сиңдим бар. Тагдыр ушундай экен, ата-энебизден айрылып калдык. Маркумдар тууралуу жакшы гана нерселерди айтыш керек эмеспи, анте албасаң, эскерип кереги жок, бирок мен атамды сагынбайм. Көп иччү, апамды уул төрөп бербейсиң деп басынтчу. Экөө ажырашып кетсе деле бизге келе берчү. Биз ал келгенде бөлмөлөрүбүзгө кире качып, бекитип алчубуз.

Атам көп кыжырданчу, андыктан, далистин дубалы дайым тешилип турчу. Качандыр бир ал дарыгер болуптур, бирок арак адамды эмнеге айлантарын билесиз да. Бир жолу апамды катуу урган экен, бир топ жылдан кийин ал мээсиндеги шишиктен көз жумду. Рак шишиги катуу урунуудан улам пайда болгон окшойт...

Атам өлгөндө баргым да келбеди, таарынычым күч эле. Аны кечирүү үчүн көп аракет жумшадым. Кандай болгон күндө да ал ата, бул дүйнөдө жашаганым үчүн ага ыраазымын.

Руководитель отдела в IT-департаменте Сияпат Усенбекова во время беседы на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Үсөнбекова: атам өлгөндө баргым да келбеди, таарынычым күч эле. Аны кечирүү үчүн көп аракет жумшадым.

— Апаңызды эскерсеңиз.

— Мени 30, сиңдимди 32 жашында төрөйт. Жоош, карапайым, билимдүү жана ушундай эрки бекем аял эле. Анын жетегинде мен сууда сүзүү, гимнастика, айкидо, комуз чертүүнү, ал тургай кылыч менен урушканды да үйрөнгөм.

25 жашка толгонумда апам арабыздан кетти. Дабасы жок, өтө агрессивдүү мээ рагы деп табышкан. Баарын сатып, чет өлкөдө эксперименталдык дарылоого алып барбаганым үчүн өзүмдү айыптадым, албетте. Бирок апам химиялык дарылоодон да баш тартып, батирибизди сатууга тыюу салган.

Жанна Фрискенин өлүмү тууралуу укканда бул жагынан алда канча жеңилдей түштүм, себеби аны дарылоого аябагандай көп каражат топтолуп, бирок сактап кала алышпады. Мурдагыдай өзүмдү күнөөлөбөй калдым ошондон бери. Билишимче, азыр андай бейтаптарга жардамдашкан уюмдар бар, ал эми ошол убакта андай уюмдарды табыш татаал болчу. Таңкы саат алтыда туруп, апамды тамактандырчумун. Ошол кезде ал шал болуп, сөздөн да калган. Андан кийин декреттеги сиңдим келчү.

Экөөбүз апамды жуунтуп, ийне сайып, анан мен жумушка кетчүмүн. Кайра кечинде мен карачумун. Сиңдим экөөбүз апама аны кое берерибизди, аябай жакшы көрөрүбүздү айтканыбыз эсимде. Ошол сөздөн кийин ал үзүлдү...

— Апаңызды жерге берүүдө молдо менен талаш жаралганын айтканыңыз бар...

— Ооба. Апам сиңдим экөөбүздөн аны акыркы сапарга соңуна чейин узатууну өтүнгөн. Бирок молдо аялдар сөөк коюуга катышууга болбостугун айтып туруп алды.

Анда башка молдо чакырарыбызды, ага төлөп болсо да апабыздын акыркы кебин аткарарыбызды айттым. Ошондо ал "ыйлабагыла" деген шарт коюу менен макул болду.

Дагы бир оор учур башыбыздан өттү. Көрүстөнгө олчойгон суммада акча берилери баарына дайын эмеспи. Биз апамды тоо жакка эмес, берирээк коюу үчүн 23 миң сом бергенбиз. Бир нече ай өткөндө эстелик тургузууга барсак, апам көмүлгөн дөбөчөдө таптакыр башка кишинин эстелиги турат! Үрөйүбүз учту...

Көрүстөндүн кызматкери апамдын мүрзөсүнө ким эстелик тургузганын билбестигин, алар эсеп жүргүзбөй турганын, өзүбүз чечишип алышыбыз керектигин айтып тим болду.

Эстелик коюлган кишинин туугандарынын атын билүү үчүн өлүм тууралуу күбөлүк берген ЗАГСка бардым. Негизи аларга андай маалымат берүүгө болбойт, бирок мен көз жашымды көлдөттүм... Акыры маркумдун карындашы менен байланыштым.

Көрсө, ал мүрзөлөрдүн ордун адаштырып алып, агасы кайсы жерге коюлганын так билбестен эстелик тургузган экен. Узак териштирүүдөн соң ал эстелик менен тосмону алды. Апамдын ашы да эч эстен чыкпай тургандай өткөн. Биз чакырылгандардын баарына бир сыйра чалып, киши санын тактап чыктык. Тааныштарыбыздын бири өзүнөн бөлөк дагы эки кишини кошо ала келүүгө уруксат сурады, ага акчам жетпесин айттым. Бирок ал баары бир кишилерин ээрчитип келди. Сиңдим экөөбүз өз ордубузду бошотуп берүүгө аргасыз болдук.

Ошондо союш сое албай, эт сатып алып гана палоо баскан элек. Куран окутканы келгендердин көбүнө аныбыз жакпады, нааразычылыктарын бизге ачык эле айтышты. Акыры чыдабай кетип: "Мен дагы апама дүңгүрөтө аш бергим келген. Акча бересиңерби?" - дегем.

Руководитель отдела в IT-департаменте Сияпат Усенбекова во время беседы на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Үсөнбекова: апамды тоо жакка эмес, берирээк коюу үчүн 23 миң сом бергенбиз. Кийин эстелик тургузууга барсак, апам көмүлгөн дөбөчөдө таптакыр башка кишинин эстелиги туруптур

— Акча табуу үчүн пол жууган күндөрүңүз да болгону чынбы?

— Ооба. Адегенде баракчаларды тараттым, кийин косметикалык ишкананын товарын тиздим, анан апамдын таанышынын иштеген жерине пол жуугуч болуп киргем. Ишим үчүн 150 сом алчумун, анан да тамагым бекер болчу. Ошол айымга аябай ыраазымын!

Кийин ЦУМда кийим саттым. Ар кыл адамдар келер эле. Маселен, дал ошол жактан эксгибиционист кишини көргөм. Аталган соода үйүндө аялдар кыйкырып эле калышты. Жанымдан дырдай жылаңач эркек киши ушундай бактылуу болуп чуркап өттү. Аркасынан күзөт кызматкерлери кубалап алган. Улам бири чочуп кыйкырса, ал ансайын кубангандай көрүндү.

Кызык адамдар көп баш бакчу. Тажрыйбалуу сатуучулар жаңы келгендерге кимдерден оолак болуу керектигин дароо эскертишкен. Мисалы, өзүн Елизавета ханышанын никесиз төрөлгөн уулу экенин, ал эми Диана ханбийке ага турмушка чыкмак болгонун айта берген бир киши бар эле.

Жапжаш кыздар кооз, адеми кийим-кечени кайдан алышарын да ошондо билгем. Көрсө, товар жаңы келгенде сатуучу курбуларын чогултуп, бурчта кийимдерди ченеп көрүшөт. Кечкисин кыз бир кийимди тымызын алып кетет да, кечеге кийип барып, кайра эртеси аны дүкөнгө кайтарып коет. Андыктан, дүкөндүн текчесиндеги айрым кийимдер бир кийилген болот.

Баасы жазылбаган кийим илинип турса, анда сатуучу бааны каалагандай көтөрүшү мүмкүн. Ал сизди бир сыдыра карайт да, канча төлөй аларыңызды болжойт, балким, баасын сизге "түшүрүп" да берет.

— Банкка кандайча ишке орношуп калдыңыз?

— Бала чагымдан бери хирург болуу кыялым бар эле, бирок узакка билим алууга шартым туура келбеди. Экономикалык факультетте окуумдун акысын таежем төлөп берүүгө макул болгон. Банкка жумушка кирүүнү чечтим. Анүчүн алгач компьютерде тере билүүм керек эле. Үйдө компьютерим жок болчу, ошондо эскирген бир клавиатураны таап алдым. ЦУМда кардарлар жокто, аны алып чыгып, курбума кат жазгандай тере берем десеңиз. Башкалар мага жинди неме го дегендей карашат.

Банкка сыноо убагында тыным дегенди билчү эмесмин, кызматкерлердин түшкү тамагын алып келем, документтерди тиркейм. Кагаздарды карап чыгып үйрөнөм, билбегендеримди сурайм. Эки-үч аптадан соң ишке алышты.

Апамдын көзү тирүү эле анда. Эмне кийип барам деп түнкү бирге чейин бирге тандаганыбыз эсимде. Түзүгүрөөк кийимим деле жок эле, эски бир көйнөгүмдү таптым да, алдына юбка сатып алуу үчүн биринчи айлыгымды күткөм.

Биздин банктарда көп төлөйт деп ойлобоңуздар, эң башта дегеле аз. Бирок эбегейсиз тажрыйба топтойсуң, сага кандай кардар кайрыларын эч качан болжой албайсың.

Мисалы, улгайып эле калган киши келчү. Келген сайын бир жактарга чакыра берчү, сунушун четке кагып койчумун. Бир ирет элдин көзүнчө акча шыкала салынган капчыгын чыгарып: "Эмичи, барасыңбы мени менен кафеге?"- деди кытмырлана. Бир жагынан аябай кемсинткен окуя, бирок эмне кыла аласың, кардардыкы дайым туура.

Ал жакка 21 жашымда киргем. 25 жашымда бөлүм башчы болдум, үч жылдан соң башкармалыкты жетектеп калдым. Жакшы жетекчиликке туш болдум. Алар ким экендигиме, курагыма карашкан эмес.

Руководитель отдела в IT-департаменте Сияпат Усенбекова
© Фото / Бектемир Момункулов
Үсөнбекова: сатуучу кыздар көйнөктөрдү кечеге кийип барып, эртеси дүкөнгө кайтарып коет

— Жапжаш кезиңизде жамаатты кантип жетектеп калдыңыз?

— Жетекчи эмес, лидер болууга умтулдум. Буйрук бербестен, өзүм үлгү көрсөткүм келген. Кээде каттоо текчесинде туруп, ким кандай иштеп жатканына көз салчумун. Дайымкы бир кардарыбыз жаныма келип: "Кызым, көп жылдан бери ушул банкка келем, сенин ушул жерде турганың турган. Өсүшүң абзел!" – деди.

— Эмнеге программалык камсыздоо тармагына сүңгүп кеттиңиз? Бул адатта эркектерге ылайык кесип катары саналат.

— Кардарлар менен 10 жыл иштегенден кийин менде кризис башталды. Жетекчим IT бөлүмүнө баруумду сунуштады. Так илимдерден алысмын деп жүргөн экем.

Программалык камсыздоону тестирлөө курсунда кыздардан жалгыз элем. Чындап эле биздин коомдо аялдар так илимдерде эркектерден артта калат деген көндүм пикир бар. Бирок бул болбогон кеп! Болгону, кыздар бул тармакта иштегиси келет, бирок энелери "сенден кайдагы механик чыксын?! Эр албайт анда сени!" дешет.

Азыр IT бөлүмдү жетектейм, программалык камсыздоону сыноодон өткөрөм. Мисалы, мобилдик тиркеме түзүү керек дейли. Программист аны түзөт, мен болсо тесттен өткөрүп, ката бар же жогун аныкташым керек.

Бул иш кандай тоскоолдуктарга толо экенин элестете да албайсыз. Жөнөкөй эле бир мисал келтирейин, Кыргызстанда жаңыдан төлөм терминалдары иштей баштаганда доомат оголе көп болчу. Алгач төлөм багытын (мисалы, мобилдик байланыш) тандап алып, өз номериңизди терип, соңунда гана акча салуу керек. Бирок адамдар адегенде эле акчаны салып алат да, анан автомат "жутуп" алат. Ал эми азыр бир дагы акча алгыч аппарат тийиштүү кодду термейинче акча кабыл албайт.

Бир жолу карыя киши банк анын пенсиясын уурдап алганын айтып кыйкырып кирип келди. Көрсө, ал банкоматка өзүнүн паспортун салууга тырышат, анан биздин жабдыктын иши үзгүлтүккө учурайт.

Дагы бир аял киши баш баккан. Ал 400 сом накталай алайын деп, бирок ортодон 200 сом жетет деп, калганын кайра банкоматка салыптыр. Өзүңүздөр билгендей, адам ар кыл келет, биздин милдет – мүмкүн болгон бардык учурлардын алдын алуу.

Руководитель отдела в IT-департаменте Сияпат Усенбекова во время беседы на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Үсөнбекова: компьютерде текст тергенди үйрөнүш үчүн эски клавиатураны баскылай берчүмүн

— 20 жаштан кийин кыздарга "тезирээк күйөө изде" деген басым жасалат. Мындайга сиз дагы кабылдыңыз беле?

— Апам кыздын себи үч бөлүктөн – билим, тарбия жана саламаттыгы дечү. Ал кутту күйөөгө чыгуудан издегендерден эмес эле. Алгач 22 жашымда турмушка чыктым. Жолдошум үйдүн жалгыз уулу эле, андыктан, анын апасы менен бирге турчубуз. Келин болуунун болгон түйшүгүн көрдүм. 20дан ашканча өзүм билгендей тамак жасап, апам үйрөткөндөй үй жыйнап жүргөм да, турмушка чыккандан кийин аябай эле оор болду.

Кайненеме жасаганымдын баары жакпады. Турмушка чыкканы баарын башынан үйрөнүүгө аргасыз болдум. Уруш чыкчу болду. Казанды ташыткан нерсе – жолдошумдун көңүлдөш күткөнү, ал тургай, анын боюна бүткөнү болду. Аны ал кыз мага өзү "сүйүнчүлөдү".

Катуу уруштук. Күйөөмө ичимдеги болгон ызаны айттым, ыйладым, ал мени чаап жиберди... Мен жооп кайтардым, мушташа кеттик. Кайненем "урба!" деп кыйкыра чуркап келген. Баласын токтотуп, мага болушуп арачалап жаткан экен депмин. Көрсө, уулуна болушкан экен... Экөөбүздү ажыратып туруп, мени муштагылап, каргап шиледи.

Ошол күнү буюмдарымды жыйнап алып кетип калдым. Ошентип, жолубуз айрылган. Төрт жылдан кийин ал мага келди, эч нерсе болбогондой, кайра баш кошууну сунуштады. Кумары канган көрүнөт. Албетте, мен баш тарттым!

Эң башкысы, ажырашып келгенимде апам кабыл алган. Көпчүлүк учурда ата-энелер "турмушка эмнеге чыктың эле, күйөөңө кайт!" деп коюшат эмеспи. Ошол кыздарга кандай кыйын! Жаңы үйүндө аларды алдашат, ал эми атасынын үйүнөн кубалашат…

Экинчи ирет турмушка 10 жылдан кийин чыктым. Экзюпери айткандай, сүйүшкөндөр – бири-бирине эмес, бир багытка карагандар. Биз ошондой бир тарапка караган түгөйлөрдөнбүз. Принциптерибиз бирдей, идеалдарыбыз окшош. Баарын бөлүшүп алабыз, мен тамак жасайм, ал идиш жууйт. Балким, аркабызда тажрыйбабыз болгондуктан бакубат турмуш куруп кете алгандырбыз.

— Азыр кайрымдуулук иштер менен да алексиз, туурабы? Мындай кадамыңызга эмне түрткү болду?

— Апамдын дарты, анын өлүмүнөн кийин коомго пайдалуу болгум келди. Дача СУдагы кырсык болгондо кандай баштасам деп ойлонуштуруп жүргөн убагым эле. Жардам топтоо түйүнүнө барып, башка ыктыярчылар менен бирге гуманитардык жардамды иргөөгө көмөктөштүм. Ыктыярчылык жолум ошентип башталган.

Колунда акчасы бары эле жардам бере алат деген көндүм пикир бар. Бирок жакшылык жасоонун ар кандай жолу бар: кийим, бут кийим, азык-түлүк топтоп, интернат, карылар үйү же жөн гана муктаж адамдарга жеткирип берүүгө да болот. Түнөй турган жери жок адамдарга ысык тамак жасоого эмнеге болбосун? Мисалга, мен ара төрөлгөн балдарга кийим-кече алдым, паллиативдик бөлүм үчүн жука жууркан тигүүгө көмөктөштүм. Эч болбоду дегенде кан донору боло аласыз.

Оор турмуштук кырдаалдагы балдарга чеберчилик сабактарын да алып барам. Кайчы, ийне-жип кармоону үйрөтөм, алардын майда моторикасын жана ой чабытын өрчүтүү үчүн атайын ыкмаларды колдоном. Бирок бул эң башкы орунда эмес. Аларга көңүл буруп, жылуу сөз арнап, эркелетүү баарынан маанилүү. Азыр көпчүлүгү дал ушулардан өксүк калды.

Тема боюнча

Жолдошум "кыз эмес келгенсиң" деп кордук көрсөтчү болду. Жаш келиндин каты
Жети батирди бөлүшө албай түрмөгө түшкөн бир туугандар. Адвокат менен маек
Белгилер:
маек, келин, программист, банк, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ